№575 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж
«Мыкты жигиттер» тасмасындагы Со И Джон, чыныгы жашоодогу Ким Бомдун жүзүндөгү уячасына арбалган кыздардын саны арбыган. Эми актёрго ашык болгон кыздардын көңүлүн оорутат окшойбуз. Себеби 1-ноябрь күнү ал Мун Гын Ён аттуу актриса менен сүйүүсүн ачыкка чыгарып, жүрөгү бош эмес экенин айтты. Бул кепке далил катары, эки жаштын жакында эле Прага шаарында кол кармашып сейилдеп жүрүшкөндөгү сүрөттөрү интернетке жайылды.
Айта кетсек, ашыктар быйыл «От ханышасы Чон Ги» («Богиня огня Чон Ги») аттуу сериалда роль жаратышкан. Ошол фильмден улам «экөөнүн ортосунда мамиле бар» деген кептер тараган эле.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |