САХНАДАГЫ ДОСТОР

№575 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж

Шоу чөйрөсүнөн сахнада да, жашоодо да эгиз козудай ээрчишип жүргөн достор бар. Алар кантип таанышып-табышып, ынак достордон болуп калышкандары баарыбызга эле кызык болсо керек.

Съездбек Искеналиев:«ЖАЛГЫЗ ЖҮРҮП КАЛСАМ, ЗАМИРДИ СУРАЙ БЕРИШЕТ»
Съездбек Искеналиев: – Замир менен 2006-жылдан бери жакын доспуз. Бир жакка концерттерге же тойго жалгыз барып калсам, «Замир кайда? Унутпай досуңду да чакыра кел» дей беришет. Замир деле «концертке же тойго барыш керек болуп жатат, сени да ээрчите кел дешти» деп чалып калганда экөөбүз күлүп калабыз, «бизге бир эле чакыруу керек» деп. Ар түрдүү кырдаалда дайым калыс сөзүн айтып, кеңешин берип турган досум бул – Замир.
Замир Арыкбаев: – Съездбек экөөбүздүн достугубуздун себепчиси – чыгармачылык. Чогуу дуэт ырдап, клип тарттырып жүрүп эле жакын болуп кеткенбиз. Досум канчалык бирөөгө таарынып же капа болуп турса да кечирип коюуга жөндөмдүү жана абдан тырышчаак. «Аял жакшы – эр жакшы» демекчи, биздин келинчектерибиз да достугубузду колдоп, экөөнүн мамилелери абдан жакшы.


Эркин Рыскулбеков:«АВАРИЯ БОЛСОК ДА ЧОГУУ БОЛОБУЗ :)»
Эркин Рыскулбеков: – Экөөбүздүн достошконубузга 4 жыл болуп калды. Бизди Эрмек Нурбаев тааныштырган. Достор чогулуп «Мафия» деген оюн бар го, ошону ойноп отуруп тил табышып кеткенбиз. Нурзат – менин эң жакын досум. Ал достукка келгенде өзүнүн жеке кызыкчылыктарына көз жумуп, баарына даяр турат. Нурзат мага кырдаалга жараша мамиле кылат, үй-бүлө маселесинде эжем, эркелегим келсе апам, тамашалашкым келсе теңтушум, ушакташкым келсе абысыным дегендей (күлүп). Кыскасы, ал мен үчүн көп кырдуу, уникалдуу дос. Нурзаттан улам айым менен мырзанын ортосунда достук жок дегендердин оюн төгүнгө чыгарат элем. Антип ойлогондор – жөн гана достуктун кадырына жете албагандар. Биз дайыма чогуу жүрөбүз. Жадакалса ал машинасы менен алдыдагы машинаны сүзүп алганда да мен жанында болчумун (күлүп), экөөбүз чогуу сүзгөнбүз. Анын жеке жашоосунун дээрлик 90 пайызын билем.
Нурзат Токтосунова: – Эркин – достукту бийик туткан, абдан ак көңүл, таза адам. Ал ар дайым менин көңүлүмдө эмне болсо илгиртпей сезип, колдоп-коштоп турат. Алпаруучулукту бирге аркалап калсак, мен үчүн бардык нерсе Эркин менен жеңил сезилет. Экөөбүз бир көз караштан бири-бирибизди түшүнүп коё алабыз. Жадакалса жакын курбуларыма айтпаган сырымды Эркинге айтам. Себеби аялзатына караганда мырзалар сыр сактоого туруктуу келишет.

Баястан:«МУЗЫКАДАГЫ АГЫМЫБЫЗ БИР»
Баястан: – Бегиш экөөбүз чыгармачылыктагы багытыбыз бир болгондуктан, оңой тил табышып кеттик. Экөөбүз 2008-жылы таанышып, 2010-жылдан тарта достоштук десем болот. Ошол жылдан баштап биргелешип ырларды жаздырып, дуэт аткарып жүрөбүз. Жакында эле «До+Фа-2» кинокомедиясынын саундтрегин жаздырдык.
Бегиш: – Баястан менен кезигип калганда музыка жаатында башталган маегибиз кызып отуруп жеке жашообузга кандай аралашып кеткенин билбей калабыз. Экөөбүздүн тең бири-бирибизден башка, бөлөк чөйрөдөгү деле досторубуз бар. Алардын арасында башка мамиле, ал эми чыгармачылыктагы достордун арасында экөөбүздө олуттуу достук мамиле бар.

Аваз Акимов:«НУРЛАН ЭКӨӨБҮЗДҮН КЫЗДАРГА ТАБИТИБИЗ ОКШОШ»
Аваз Акимов: – Нурлан – менин чыгармачылыктагы эң жакын досум. Бир мүнөз, кичи пейил жана сахнада өз ордун тапкан ырчы. Айланадагылар бизди «көп жериңер окшош» деп калышат. Кээде мен көз салып койгон кыз ага, аныкы мага жагып калат. Ушундан улам кыз жактыруу табитибиз да бирдей экен деп калабыз. Бир кызды жактырып калган учурлар деле болгон, бирок андан да достугубуз күчтүүлүк кылып кеткен.
Нурлан Насип: – Аваз менен М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдан таанышкам. Аваз, мен жана Өсөр деген бала үчөөбүз «Трио» аттуу топ түзүп, иштеп жүрдүк. Анда сахнага чыкпасак дагы ырларыбыз радиолордон жаңырып калчу. Кийин аймактарды кыдырып, өз алдыбызча гастролдоп да жүрдүк. Күндүз концерт коюп, кечкисин кийинки айылдарга афишаларды чаптайбыз. Ал үчүн атайын камыр даярдап алчубуз. Мен Авазды көтөрөм, ал афишаны чаптайт. Үшүп, мурдуман суу агып жатса да ошону аарчып койгонго кол бошобой иштеп жүрө берчүбүз. Аваз ошол көрүнүштө мени сүрөткө тартып алып, тамашалап тийишип жүрдү. Мен да анын бир нерсесин айтып тийишем. Кыскасы, кызык күндөр көп өттү. Аваз досум менен сыймыктанам.

Мирбек Иманбеков:«КҮНҮ-ТҮНҮ БИРГЕ БОЛЧУБУЗ»
Мирбек Иманбеков: – Султан экөөбүз студент кезде бир бөлмөдө жашадык. Башка бөлмөдө жашаса да Акбар үчөөбүз дайыма ээрчишип жүрчүбүз. Чыгармачылыктын оош-кыйышын бирге тартып, үй-бүлө курганга чейин күнү-түнү бирге болдук. Ал эми азыр ар кимдин өз үйүндө үйдөй иши бар дегендей, мурда күндүн 100 пайызын бирге өткөрсөк, эми анын 30 пайызын үй-бүлөгө көңүл бурууга бөлөбүз.
Султан Садыралиев: – Мирбек экөөбүз 2003-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунан таанышканбыз. Аудиторияда студенттер чогулуп, бири-бирибиздин жердигибизди сүрүштүрүп, Талас, Көл, Нарын болуп жатканбыз. Сураштыра келсек Мирбек экөөбүз тең Таластан болуп чыгып, бат эле мамилебиз достукка айланды. Биз бир гана жердеш же сахналаш болгонубуз үчүн дос эмеспиз, жашоого болгон көз карашыбыз да окшош. Окуу жайга ал жалгыз аккордеону менен келсе, мен жалгыз домбрам менен келгем. Биз да бардык эле студенттердин башына келген кыйынчылыкты бирге өткөрдүк. Сахнага 2006-жылы чогуу чыктык. Достуктун дооронун сүргөнүбүзгө 10 жылдын жүзү болуп калды.

Гүлжан Асанкожоева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(16)
11.11.2013. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Достугунар эч качан узулбосун.Азаматсынар Кыргызстан жылдыздары.
11.11.2013. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodtsy tak derjat.
11.11.2013. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодцы
11.11.2013. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Султанды суйом гоо суйом
11.11.2013. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай жанган жылдыздар эле э султан мирбектер акбарда кайтбагыла
Нурзат м.н Эркин кандай достор билбедим
11.11.2013. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай жанган жылдыздар эле э султан мирбектер акбарда кайтбагыла
Нурзат м.н Эркин кандай достор билбедим
12.11.2013. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан,Мирбек силер менин эн бактылуу кундорумду эске салып турасынар.Сахнада жылдыз сымал жанып тургула
12.11.2013. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан менен Акбардын артвндагы ким болду экен
12.11.2013. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gulichka.milichka, ermek nurbaevke okshoit ko..)))
12.11.2013. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Gulichka.milichka, эрмек нурбаев окшойт
13.11.2013. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок достугунар эч качан очпосун!
15.11.2013. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул былтыр дагы чыккан эле да.
16.11.2013. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достуктарыы бекем бойдон кала берсин. Бирок АКбардын ушул эле гезиттен болуш керек: "Мирбек мага,сени Султан элге тааныткан деп айткан" деген таарынычы бардай эле. Ошол эле Султан Кыргызстан обондорунда суйлоп жатып эн жакын досум Акбар деген. Неси болсо да достуктарына бекемдик каалайм.
17.11.2013. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
султандын адамкерчилигин чыгармачылыгын баалайм уйбулосу атаэнеси аман болсун оркундой бер султан
29.11.2013. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бааарынарга Чыгармачылык ийгилик каалайм,аман болгула!
29.11.2013. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бааарынарга Чыгармачылык ийгилик каалайм,аман болгула!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо