АЗАТ УСЕНАЛИЕВ,«ЖЫЛДЫН СУПЕР СПОРТЧУСУ» НААМЫНА ТАЛАПКЕР

№575 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж

Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 11-сентябрь.
Туулган жери – Токмок шаары.
Бою – 162 см. Салмагы – 55 кг.
Жетишкендиктери – Бокс боюнча КРнын 4 жолку чемпиону жана Азия чемпиону. Эл аралык класстагы спорт чебери.
Машыктыруучулары – Ильяз Маров, Адылхан Бекболотов.
Учурда – бойдок, Бишкекте жашайт.

БОКС БОЮНЧА ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЛ
Быйыл бокс тармагында болуп көрбөгөн жаңылыктар катталды. Айтылуу мушкер Мэнни Пакьяо 2 ирет утулса, ага катар эле 5 жыл күттүргөн Владимир Кличко–Александр Поветкин беттеши орун алды. Бизде Азат Усеналиев Азия чемпиондугунда алтын медаль уткан биринчи кыргыз мушкери болуп калды.
«Супер спортчу-2013» наамына талапкер Азат бизге Азиянын алтыны анын мүнөзүн өзгөрткөнүн, Олимпиадага жолдомо алууну пландаганын, Алматыдагы Дүйнө чемпиондугунда казак калыстарына нааразычылыгын жана жакында Украинага машыгуу үчүн аттанарын айтты.

«КАЛЫСТАР ТУУРА ЭМЕС БААЛАШТЫ»

26-октябрда Алматыда бокс боюнча чоңдор арасында Дүйнө чемпиондугу аяктады. 116 өлкөдөн 576 мушкер катышкан мелдеште кыргыз мушкерлери, тилекке каршы, байгелүү орундарга илинген жок. Азат мелдештин жарым чейрек финалында казак мушкерине утулуп, мелдештен четтеген.

– Мелдеште колдон келишинче аракет кылдык. Болгону калыстар туура эмес баалашты деп калдым. Бир беттеш калыстарга башкача, көрүүчүлөргө башкача көрүнгөндөй болуп, калыстарга нааразычылыктар көп болду. Мен казак жигитке утулдум. Дүйнө чемпиондугунда ошонусу менен кызык, бул жерде оңой атаандаш деген болбойт.

«Казакстанда өткөн мелдеште алсыз мушкерлер дээрлик болгон жок».

«АЗИЯ ЧЕМПИОНДУГУ ӨЗГӨРТТҮ»

Азат алтын утуп келген Азия чемпиондугу быйыл 1-8-июль аралыгында Иорданияда өткөн.

– Азиянын алдында психологиялык да, физикалык жактан даяр болчубуз. Атаандаштар, беттештер күчтүү болду. «Азиянын чемпиону» аталганда башка деңгээлге чыгам деген ишеним пайда болуп, башка мелдештерге олуттуу көз караш менен карап калдым. Негизи, кичинемден орусиялык Костя Цзюну карап, көптү үйрөнгөм. Нокаутка эмес, упайга басым жасаган мушкермин.

«Азия чемпиондугунун алтыны менен Аэропортко түшкөндө эл жабыла тосуп алды».

«ЭМКИ ОЛИМПИАДАГА ЖОЛДОМО АЛАБЫЗ»

Жыл өткөн сайын Жайкы Олимпиада оюндарына катышкан кыргыздар азаюуда. 2012-жылы биздин аэропорттон «Лондон-2012» Олимпиадасына баратам» деген мушкер болбоду. Кыргыз боксу Азат сыяктуу мушкерди «Рио-де-Жанейро-2016» Олимпиадасында көрүүгө куштар.

– Биздин команда жыйынтыктарды көрсөтүүдө. Олимпиадага жолдомо алуу оңой эмес. Жолдомо ойнотулуучу мелдештерге ар өлкөнүн эң күчтүү мушкерлери келишет. Бирок умтулуу, машыгуу, көп аракеттин жыйынтыгында жолдомо алууга мүмкүн. Өмүрбек Малабеков, Эрмек Сакенов сыяктуу жигиттер баштаган биздин командада жолдомо алчулар көп.

«УКРАИНАЛЫК КЛУБДУН АТЫНАН ЧЫГАМ»

Жакында Азат украиналык «Украинские атаманы» деген бокс клубу менен келишим түзүп, машыгууну Украинада өткөрмөй болду. Дүйнөлүк серияларга (клубдар аралык мелдеш) ошол клубдун атынан чыгат.

– Келишим боюнча жакын арада Украинага кетем. Билишимче, ал клуб менен менин салмагымда дагы 2 мушкер келишим түзгөн. Үчөөбүздөн мыктысы мелдештерге чыгат. Украинадан жакшы тажрыйба топтоп, бир жылдан кийин Азия оюндарында ийгилик жаратууга ниеттенип жатам.

«ЖЕ ЖАШООНУ, ЖЕ СПОРТТУ ОЙЛОШ КЕРЕК»

Учурда спорттун бул түрүн дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү боюнча да каарманыбызга суроо салганбыз.

– Боксту өнүктүрүү үчүн каражат керек. Башка аймактарга, айылдарга зал салсак, көп таланттар чыкмак. Атаандаштык курчуп, деңгээл өсмөк. Чоң стипендия бериш керек. Спортчу же жашоону, же спортту ойлош керек. Жеке жашоо жөнүндө ойлонгондор көбүнчө чыдабай, машыгууну таштап коюшат.
Менин бокско аралашканыма 10 жылдай болду. Үй-бүлөдө 2 байкем мушкер болчу. Мени алар Токмоктогу атактуу Руслан Абасов машыккан залга алып келишкен. Ата-энем түшүнүп, бардык шарттарды түзүп берген. Кичинемден тарта агайым Ильяз Маров тарбиялап, ушул деңгээлге алып чыкты. Ага ыраазымын.

«Машыктыруучум Ильяз Маров чет жерлерге көп алып чыгып, көп тажрыйба топтоого шарт түзүп берди».

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(3)
11.11.2013. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын! Сага коптогон ийгиликтерди каалайм. Ал биздин мыкты мушкерлерибиз професиналдык категориясында кореяда жана АКШда журушот. Аларга дагы албан албан ийгиликтерди каалайм. Ал эми жылдын супер спортчусу дегенге мен Айсулуу Тыныбековага добуш бердим. Бирок баардык спортчулардын дага-дагы коптогон ийгиликтерди жарата беришине тилектешмин.
13.11.2013. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын эмики жылкы азия оюндарына умутубуз чон.
14.11.2013. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай саяк молодец.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо