Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАПУСТА

№575 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж

КАПУСТАНЫН КАСИЕТИ
Учурда ашканада ак кочан, кызыл кочан, пекин, брюссель жана түстүү капуста кеңири колдонулуп келет. Капуста туз, калий, кальций, фосфор, темир, йодду курамына камтыгандыктан, ден соолукка абдан пайдалуу жана ар кандай оорулардын алдын алганга жөндөмдүү. Ал уйкунун качуусун, баш ооруларын калыбына келтирет, организмдин картаюусунун алдын алат. Ошондой эле ичеги-карынга эң мыкты таасирин берип, микрофлораларды жакшыртат, организмдеги зыяндуу заттарды жана холестеринди сыртка айдап чыгып, арыктатуучу касиетке ээ.
Капустанын касиети тууралуу сөз кылууда анын ачытылган түрүн айтпай коюуга болбойт. Анткени ачытылган капуста ашказан ооруларынын эң мыкты дабасы. Ал организмдеги шлактарды тазалагандан тышкары ашказандын иштешин да жакшыртат. Окумуштуулар туздалган капуста онкологиялык ооруларга да жардамын тийгизерин айтып, бул жашылчаны кеңири пайдаланууну сунушташат.
Кыргыздар капустаны «суук» азыктардын катарына кошуп келишет. Анткени иммунитети начар адамдар көп колдонсо көзү караңгылап, оозуна кара суу келип, башы тегеренет. Анан да окумуштуулар капустанын эркектердин урук бездеринин иштешине тоскоолдук жаратарын изилдеп чыгып, өз чени менен колдонууну сунушташат. Мындан сырткары чийки капуста ашказан жарасы, он эки эли ичегинин оорулары менен жапа чеккендерге, ал эми туздалган капуста да туздун өлчөмү көп болгондуктан боор жана бөйрөк оорулары менен жабыркагандарга сунушталбайт.

«КИМЧИ»
Пекин капустасы – 5 даана
Туз – 18 аш кашык
Суу – 9 литр
Ачуу калемпир – 500 грамм
Сарымсак – 2 баш
Даярдоо жолу:
1. Пекин капустасын жууп, узатасынан тең экиге бөлөбүз. Андан соң 3 литр сууга 5-6 аш кашык туз салып даярдап алабыз да, аны капустанын үстүнө куябыз. Капуста сууга толук көмүлүшү үчүн үстүн оор нерсе менен бастырып, жылуу жерге 5-6 күнгө коё турабыз.
2. Капуста жумшарып, тузу сиңгенде ачуу калемпир менен сарымсакты эт туурагычтан өткөрүп, аралашма даярдап алабыз. Андан соң туздалган капустаны муздак сууга бир сыйра жууп, ар бир кабатын ачып, аралашмабызды сүйкөйбүз.
3. Капустаны идишке салып, кайрадан туздуу суудан куюп, 1 күнгө жылуу жайда сактайбыз. Ушундан кийин гана банкаларга же ыңгайлуу идишке салып, муздак жерге коюп койсок болот.

КОРЕЙ КАПУСТАСЫ
Керектелүүчү азыктар:
Тоголок капуста – 1 даана
Сабиз – 1 килограмм
Сарымсак – 1 баш
Кызылча – 1 даана (орточо көлөмдө)
Кызыл калемпир – 2-3 аш кашык
Татымына жараша туз
Даярдоо жолу:
1. Сабизди сүргүчтөн өткөрүп, татымалдарды кошуп аралашма даярдайбыз.
2. Капустаны болсо кайнап жаткан туздуу сууга 30 секунд кармап, жалбырактарын ажыратабыз.
3. Жалбырактын бетин өсүмдүк майы менен майлап, ортосуна аралашманы салып оройбуз. Андан соң аны майда тууралган чийки кызылча, сарымсак менен кезектештирип банкага тизип чыгабыз. Буга кызылча кошпой да жасоого болот.
4. Эми маринадды даярдайбыз. Ал үчүн сууга 3 аш кашык тузду салып кайнатып, андан соң муздатып алабыз.
5. Муздаган маринадды капустанын үстүнө куюп, 1-2 күн бөлмө температурасында сактап, кийин муздаткычка салып коюу керек.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(15)
11.11.2013. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да капуста аябай жагат рахмат кенешинерге
11.11.2013. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо тоголок капуста кайсыл капуста
11.11.2013. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
princessa0712 Ал адам буту жетпеген островдо осот хе хе
11.11.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан да окумуштуулар капустанын эркектердин урук бездеринин иштешине тоскоолдук жаратарын изилдеп чыгып, өз чени менен колдонууну сунушташат. опасныйго ээ
11.11.2013. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тоголок капуста озубуз остургон кадимки эле тоголок капуста да
11.11.2013. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан соонун

11.11.2013. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Капуста мага да жагат.Бирок чийки жей албайм.Ал эми атайын салат жасап жейм.
12.11.2013. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо, борщ, щи дегенде жата калып ичемин, бир гана тоскоолдук-аялым, ал бул тамактардын №1 душманы!
13.11.2013. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен озгочо корей салатын жакшы кором.
14.11.2013. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Капустан зыян!ал суук котором кылат жазга чыкпай калбагыла.
15.11.2013. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Капуста суйуктуу жашылчам десем болот.Айрыкча капустадан кызыл борщ,дымдама салаттарды коп жасайм.„Кимчини“ жакшы кором бирок ото ачуу келет,ошондуктан азыраак жеш керек.
16.11.2013. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaniet хе-хе а менин жолдошум капустанын душманы мен озум аябай жакшы кором
16.11.2013. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurmatova.akmaral, бир кем дуйно да, капустаны суйгон эки адам биригип калса эмне болоор экен аа?
17.11.2013. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш болуптур рахмат
18.11.2013. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Капустанын пайдасы коп экенда,бугундон баштап аябай жебесем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо