Юлия Руцкая, «Жылдын супер ырчы айымы» наамына талапкер:«КООМЧУЛУКТА БОЛУП ЖАТКАН ОКУЯЛАРДЫ ТЕРЕҢ БИЛҮҮ ҮЧҮН КЫРГЫЗЧА ҮЙРӨНГӨМ»

№575 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж

Өзү беларусь улутунан болсо да, Түгөлбай Казаковдун «Жамгыр төктү» деген ырын кыргызчалап «төккөн» ырчы Юлия Руцкая менен маектештик. Ал «кыргызга турмушка чыксам, ак жоолук салынып, кайындарыма жүгүнүүгө даярмын» дейт.

РУЦКАЯ ЮЛИЯ СЕРГЕЕВНА
Туулган күнү –
14-май
Төрөлгөн жери – Витебск шаары, Беларусь
Билими – БААУнун эл аралык мамилелер факультетин аяктаган
Хоббиси – Жаратылышты сүрөткө тартуу
Учурда – Жеке ырчы
Репертуарындагы ырлары – «Жамгыр төктү», «Кызыл гүл», «Аппак сүйүү» жана башка

– Саламатсызбы, Юлия! «Айымдар кечикпей жүрө алышпайт» деп айтышкандай, сизде ушундай сапат бар окшойт, ээ?
– Саламатчылык. Туура айтасың, канчалык убакытка так болоюн десем деле окшошпой жатат. Жадакалса кечикпейин деп саатты алдыга жылдырып да койчумун. Акыры кечигүү айымдардан арылгыс нерсе окшойт деп калдым. Анын үстүнө Бишкектеги машиналардын көптүгү Москвадан да өтүп баратат, качан карасаң тыгын.

– Келиңиз, кепти кандайча Кыргызстанга келгениңизден баштайлы. Ата-энеңиз чыгармачылыкка жакын адамдарбы?
– Мен Беларустун Витебск шаарында төрөлгөм. 5 жашка чыкканда атам жеңил өнөр жай министри болуп дайындалып, үй-бүлөбүз менен Бишкекке көчүп келгенбиз. Кийин ал Беларустун Кыргызстандагы элчиси болуп калды.
Апам өмүр бою музыкалык мектепте иштеп келет. Ошондуктан болсо керек, улуу композиторлордун чыгармаларын угуп чоңойгом. Сабакты мыкты окуган, тартиптүү кыз элем. Мектепте экзамен жакындаганда классташтарым мени менен достошконго шашылышчу. Апам отур деген жерден карыш жылбаган «примерная» болгондуктан, кошуналарым «сен акылдуусуң, алыска кетпей ойнойсуң» деп кичинекей балдарын мага каратып коюшчу.

– Өткөөл куракта адамдын мүнөзү өзгөрөт эмеспи. Сизге да таасири тийгенби?
– Мен жаштайымдан жигит жандоонун ордуна чет тилдерин үйрөнүп, мектепте өтчү сабактарды алдын ала окуп салчумун. Айрыкча англис тилине кызыгуум күч эле. Азыр жогорку билимим бар, англисче, орусча, испанча, түркчө, итальянча жана кыргызча сүйлөй алам. Кыргыз тилин көпкө чейин түшүнбөй жүргөм. Бирок айланамдагылар мен жөнүндө эмне кеп кылып жатышканын ушунчалык түшүнгүм келчү. Ошондуктан бат эле үйрөнүп алдым. Азыр кыргызча толук түшүнөм, бирок сүйлөбөйм. Себеби менин акцентим бар, анан аны угуп мени шылдыңдашканын каалабайм. Азыркыга чейин акцентимди жок кылуу үчүн кыргыз тилден сабак алып келем.

– Анда чет элге кароо-сынактарга барганда кыйналбайт экенсиз да?
– Чынында, фестивалдарга барганымда тил билбей кыйналган учурум болгон эмес. Бирок чет элге чыксам да көп сөз ээрчийт экен. Кээде адамдардан «Юлия, чет элге көп чыгасың, фестивалдарга барганда ким каржылайт сени?» деген одоно суроолорду угуп калам. Ошондо аябай жиним келет. Себеби мен чыгармачылыктын артынан жүрүп азыркыга чейин унаам жок, жөө жүрөм. Унаа, үй же кымбат кийимден көрө жакшы клип тартып алсам, фестивалга барып экинчи мекеним Кыргызстандын атын чыгарсам, мага ошол чоң сыймык. Ошондуктан топтогон каражатымдын баарын фестивалдарга коротуп жүрөм.

– Чыгармачылык демекчи, бир кездерде кыздардан да топ түзгөн экенсиз...
– Ооба, эсимде (күлүп), ал кыздар мени өздөрү издеп табышып, продюсер болуумду суранышкан. Жакшы ырдашат экен. Топтун ишин алдыга жүргүзөм деп өзүмдүн чыгармачылыгым такыр калып кеткен эле. Чачынын учуна чейин стилин өзгөртүп, клип тарттырып жакшы эле эмгектенип жатканбыз. Бирок айрым кыздарым жылдыз «оорусуна» кабылып, атактуулукту көтөрө алышкан жок. Ошондуктан бул нерсени жыйнаштырып койдум.

– «Супер-Инфо» гезити уюштуруп жаткан концертте «Жылдын супер ырчы айымы» наамына талапкер катары оюңузду билсек...
– Мен үчүн бул чоң жетишкендик. Себеби буга чейин башка мамлекеттерден толтура сыйлыктарга татысам да, Кыргызстандан андай мамлекеттик деңгээлдеги наам ала элекмин. Ошондуктан «Супер-Инфо» мени жеңүүчү деп таппаса да, талапкерлердин катарында болуу сыймыктанууну пайда кылууда. Демек, менин аракетим бекер болгон жок.

– Карьераңызды Түгөлбай Казаковдун «Жамгыр төктү» ырынан баштадыңыз эле...
– Мага Түгөлбай Казаковдун чыгармачылыгы аябай жагат. Убагында аталган ырды ырдайм деп аябай оолуккам. Анан ата-энемдин досу мени Түгөлбай байке менен тааныштырбаспы. Ошентип, өзүнүн уруксатын сурап ырдап чыккам. Кийин англис, орус тилдерине которуп ырдадым. Аны уккан Түгөлбай байке мени өзүнүн чыгармачылык кечесине чакырып, «ушул ырымды сен ырдашың керек» деп сүйүнттү. Бул мен үчүн чоң сыймык.
Жакында эле Нурак Абдрахманов агай мага байланышып, «Аппак сүйүү» аттуу ырын сунуштады. Аны да үч тилде ырдап жүрөм. Ага клип тарттым. Нурак агабыздын өзүн да кошо тарттык, себеби улуу адамды клибимде чагылдыргым келди.

– Кептин учугун жеке жашооңузга бурсак кантет?
– Жеке жашоодо баары ойдогудай. Азырынча турмушка чыгуу оюмда жок, бирок сүйгөнүм бар. Ал менин талаптарымдын баарына жооп берет. Акылдуу, билимдүү жана көптү билген адам. Кудай буюрса, турмушка чыкчу убак да келет.

-Эгерде кыргызга турмушка чыгып калсаңыз, кайындарга жүгүнүп, жоолук салынууга даярсызбы?
– Жолдошум мени түшүнүп, менин да салттарымды урматтаса, албетте, даярмын.

«5 жашымда атамдын жумушуна байланыштуу Витебсктен Кыргызстанга көчүп келгенбиз».

«Чет өлкөгө барганда менде тил маселеси жаралбайт»

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


Юлия Руцкая: "Мен жөнүндөгү кептерди түшүнгүм келип кыргызча үйрөндүм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(42)
SUPER.KG видео
09.11.2013. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Умница, красавица вперёд, пусть сбудутся все твои мечты и желания!
SUPER.KG видео
09.11.2013. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
АППАК СУЙУНУ абдан сонун ырдаган
SUPER.KG видео
09.11.2013. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Талант, акыл, сулуулук, ушуларды көтөрө билген ички сулуулук, анан албетте, супер ырчыга татыктуу! Юля, сен супер ырчысың!
SUPER.KG видео
10.11.2013. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Я уважаю ее творчество!
SUPER.KG видео
10.11.2013. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
КЫРГЫЗыраактар, үлгү алгыла! Руцкая белорус болуп кыргызча түшүнүп, кыргызча сүйлөгөнгө аракет кылып жүрөт. Силер кыргыз болуп туруп орусча түшүнсөнөр да, түшүнбөсөнөр да орусча сүйлөгөнгө умтурул жүрөсүңөр!!!
SUPER.KG видео
11.11.2013. 05:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Азаматсыз ийгилик. аппак суйуу аттуу ырынызды уккандан тажабайм.
11.11.2013. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оркундой бер,осо бер.Кыргыз тилинде суйлогонундон тайба.
11.11.2013. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азаматсын
11.11.2013. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат,!
11.11.2013. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Юлия айым азаматсыз,ишинизге ийгилик мындан кийин кыргызча суйлосонуз сураныч
11.11.2013. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
башка улуттагылар кыргыз тилинде суйлогусу келсе. биздин кыргыздар оз мекенибизде орусча суйлоп болбой кетебиз. эх кыргыздар,кыргыздар?
11.11.2013. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
razana_kg, каякта кыргызча суйлойт экинчи мекеним дейт экен баары бир карышкырды канча бакпа токойду карайт деген соз бар.
11.11.2013. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jalgyzdyk, эн эле туура да, экинчи мекени экени жалганбы, же башка мамлекетке барсаныз, алардын тилинде суйлосонуз эле сиз Кыргызстанды унутуп каласызбы??? Бул менин оюм.
11.11.2013. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
kristall, Унутпайм бирок кыргызстандын желеги менен сынактарга чыкканын милдет кылбасын. керек болсо оз мамлекетинде муну Беларустун чыгармачылыгын чет олкодо оркундотуп жургон ырчы катары билишет. Чын чынына келгенде кайнатсан канын кошкусу келбейт кыргызга
14.11.2013. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jalgyzdyk, Анда Алмазбек Райымкуловго эмне дейсиз? Ал деле АКШнын каражатынан которулуп бирок оз мекенин алмаштырган жок го. Эгерде Юлия Кыргызстан менин 1мекеним дегенде адамдык сапатынын томон экендигин билмекмин. Андыктан бул ырчы айымга дайым ушундай бийик денгеелинизден тушпонуз дегим келет.
15.11.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jalgyzdyk, тушунуу денгээлиниз томон экен(((
11.11.2013. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Юлия! Анча-мынча киргиздерди чанга таштайт. Ийгилик!
11.11.2013. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kristall туура мен да клшулам,конечно экинчи мекени да
11.11.2013. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Татынакай кыз экен,ишине ийгилик
12.11.2013. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайсы жерде журсон ошол жердин ырын ырдайсын деген кыргыздын макалы бар билип алгыла
SUPER.KG видео
12.11.2013. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азаматсын юлия талантын ташкындай берсин сагы айткандай биздин кыргыз сымал ырчы актерлорубуз улгу алып тиштерин туздоп ондосо болмок себеби эл алдына коп чыгат озу татынакайтиштери айры буйру кобунуку кымбат баалу машинага акчасы жетип тишине жада калса брекет же капы койсо болмок
12.11.2013. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
FАзамат мен таазим кылам! абдан соонун кыз!
13.11.2013. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
koroleva1981,
Сайтка курамы окшош сайттарды жарнама кылууга жана шилтеме калтырууга тыюу салынат!
3 күн банга!
13.11.2013. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ырларды ийине жеткизип аткарат! Азамат кыз! Кыргызстанды экинчи мекеним деп айтканы сыймык. Урматтоого татыктуу кыз,анча-мынча киргиздерге караганда.
14.11.2013. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн сонун кыз мен жакшы кором! кыргызча кийинип алса илгерки кырг... элестетет.
14.11.2013. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
коздору жашыл болуп молтуройт, кебетеси чырайлуу
SUPER.KG видео
14.11.2013. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жылдыздуу кыз да абдан ушу Юличка. Мага жагат ырдаганы, уну соонун го... Ийгилик!
14.11.2013. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан Аллах Таала арам кылганын,жарнамалаган менин суйуктуу гезитим Супер Инфого жол болсун.
SUPER.KG видео
16.11.2013. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Молодец хотя вы понимайте Кыргызкий язык а у нас некоторые даже не понимают...
SUPER.KG видео
21.11.2013. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
туулган жылы канча экен жазып койгулачы
SUPER.KG видео
26.11.2013. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
4.36 kolu kogorup jurot goo...
30.11.2013. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбаевдин ойношу беле ушул кыз??!
SUPER.KG видео
08.12.2013. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Ыр мага да жакты а демоорчулоруно соз жок албетте мамлекетибиздин биринчи лицосунун Гос.номерлуу машинелери менен журсо;)
SUPER.KG видео
18.12.2013. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Абдан чон ийгилик. Кыргыз ырлары осо берсин.
SUPER.KG видео
19.06.2014. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Позитивная, скромная, мягкая. И поёт хорошо. Молодец, желаю успехов, счастья.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо