№575 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж
6-ноябрь күнү премьер Жантөрө Сатыбалдиев 2 министр менен 2 мэрге сөгүш жарыялады. Кагуу уккандар: ички иштер министри Абдулда Суранчиев, билим берүү жана илим министри Канат Садыков, Бишкек жана Ош шаарынын башчылары Иса Өмүркулов менен Мелис Мырзакматов. Сөгүшкө аткаминерлердин мектеп рэкетчилигин алдын алууда иштери жетишсиз деп баалангандыгы себеп болду.
Суроо жаралат, министрлер, шаар башчылары мүчүлүштүктөрдү кетирип жатканда алардын жетекчиси оңдоп-түзөп, туура жолго салып койбой эмнени карап отурат? Өкмөт бул – бир команда. Топ ичинде кайсы бир кемчилик менен мүчүлүштүктөр болуп жатса, команда лидери чогуу-чаран чечүүгө, маселенин түйүнүн табууга жол көрсөтөт, кол кабыш кылат эмеспи. Элдин көзүнчө сөгүш жарыялоо, аны өкмөттүк ЖМКлар аркылуу элге кеңири жеткирүү Советтер Союзунан калган бир адат. Аны «публикага ойноо» деп атасак туура болчудай. Бул адатты мурунку президенттер Акаев менен Бакиевдин мезгилинде да ийгиликтүү пайдаланышып, «ишин катырып жатат, элди ойлоп жатышат» деген сүр көрсөтүү үчүн публикага «спектакль» коюп беришчү. Карапайым калкта «жетекчилер биз жөнүндө ойлонуп жатышат экен» деген пикирди жаратуунун далалаты катары мүнөздөөгө болот.
Министрлердин, шаар башчыларынын жакшы же жаман иштеп жатканына эл өзү баа берет. Коомчулуктагы пикирлерге таянсак, эл тескерисинче, «Мелис Мырзакматов учурдагы премьерден 10 эсе мыкты иштеп жатат» деген пикирде. Минтип салыштыруулардын да жөнү бар, себеби Жантөрө Сатыбалдиев да бир кезде Ош шаарына башчылык кылган. Бирок ал Мырзакматов сыяктуу шаар тургундарынын күчтүү колдоосуна ээ болгон эмес. Сөгүштөн улам интернет колдонуучулары «Жантөрө Сатыбалдиевдин өзүнө сөгүштү жакшылап жарыялаш керек, премьер болуп эмнени кыйратты? Көрсөткөн иш жыйынтыгы «Кумтөр» боюнча сүйлөшүүлөрбү?» деген сыяктуу комментарийлерди жазышууда.
Эл учурдагы жетекчилердин ичинен дал ушул Ош шаар башчысынын ишин «жакшы» деп баалай турганын сурамжылоолордун жыйынтыктары да көрсөтүп келет. Бул тууралуу гезитибизде бир нече ирет сөз кылганбыз. Бизге берген маегинде Мелис Мырзакматов «өкмөт борбордон Ош шаарына каражат бөлбөй, менин эл алдындагы аброюмду азайтуу максатында каржы жагынан муунтуп жатат» деп айткан эле. Ал сөз, расмий түрдө сөгүш жарыялоо коомчулуктагы «Мелис Мырзакматовду ээрден оодаруу операциясы башталды» деген пикирди бекемдөөдө. Өкмөт өткүр, көңүлүнө жакпаган саясатчыларды ушундай жол менен сындырууга киришкенби деген суроо коомчулукту түйшөлтө баштады.
Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Мелис Мырзакматов тууралуу форумчулардын жазганы чын болсо, ага мен да ийгилик каалайм. Саны жок мактоолордон башы айланып, озун жогору санап, текеберденип кетпесе экен. Жакшы иштерди кылганын уланта берсин ылайым! Антпесе, Кыргызстаныбыздын экономикасы мышык ыйлагыдай эле абалда!(((((((( Кудай боор ачысын.
МЕЛИС намыс сатпастан катып алды.
Жанторобуз согушту согуп алып,
Коркконунан Москвага жатып алды.)))
Азыр Мырзакматовтой иштеген адам жок Кыргыз бийлигинде.Азыркы окмот мучолору озунорду бир кузгудон карап алгылачы сураныч.Силердин согушунорду деле кулку турундо кабыл алып калдык го ))
1–Ош шаарында окуучуларга жол акы бир сом
2–Ош шаарынын мугалимдери ком;кызматка акча толобой Мерия тарабынан бошотулган
3–Бишкектеги «Айкол МАНАС» айкелине 22 миллион жумшалган Ал эми Ош шаарындагы «Айкол МАНАС» айкелине болгону 9 миллион жумшалган Эми калганын озунор салыштырып ойлонуп коргуло
4–Ош шаарынын казынасы 150 миллион болчу экен мына ошол азыр 1 миллиардтан ашкан
Бул мен билгендерим билбегендерим канча дагы МЕЛИС КЫРГЫЗ эл
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат1
10 күн банга!
Жогоруда эмне деп жазылып турганынан кабарыңыз жок, билип-билбей жаза бербеңиз!
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
10 күн банга! Эрежелер менен жакшылап таанышып келиңиз!