Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АМЕРИКАЛЫКТАРГА «ТАН» ЖАНА «АРШАН» СУУСУНДУКТАРЫ ЖАКТЫ

№575 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж

Ушул жылдын октябрь айынын акыркы күндөрүндө кыргыздын улуттук суусундуктарын чыгаруучу «Артезиан» компаниясы Майамидеги (АКШ) тамак-аш продуктуларынын жана суусундуктардын бүткүл дүйнөлүк 17-көргөзмөсүндө өз продукциясынын линейкасын ийгиликтүү сунуштады. Көргөзмөнүн катышуучуларына «Артезиан» компаниясынын төмөнкү продукциялары сунуш кылынды: «ТАН» кычкыл сүт суусундугу, «Тамшан» кычкыл сүт-дан суусундугу жана «Аршан» дан суусундугу.

Сунуш кылынган продукция америкалык рынок үчүн таптакыр жаңы жана бөтөнчө болуп эсептелерин белгилей кетүү керек. Саамалык ийгиликтүү өттү, ал эми көргөзмөнүн меймандарына кыргыздын улуттук суусундуктары жакты.
Бүткүл дүйнөдө жана анын ичинде АКШда таза, нукура азыкты пайдалануу тенденциясы ачык байкалып жаткандыгын эске алганда, «Артезиан» компаниясынын продукциясы толугу менен ушул трендге жооп берет. Бул көп сандаган жакшы пикирлер менен тастыкталды, айрыкча америкалыктарга «Тан» жана «Аршан» суусундуктары жакты.
Көргөзмөнүн иштеген бир нече күнү кыргыз компаниясынын стенди кызыгууну гана туудурбастан, олуттуу сунуштарды дагы пайда кылды.
АКШдагы эки ири дистрибьютордук компания биздин суусундуктарды Америка рыногуна чыгарууга реалдуу мүмкүнчүлүк берүү менен кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү боюнча жакынкы арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуш кылышты.
Ошондой эле индиялык компаниядан ушул өлкөдө биргелешкен ишкана түзүү боюнча сунуш түштү. Анткени Индияда даамдык сапаттары боюнча окшош суусундуктар бар экен, бул болсо рыноктун кыргыз суусундуктарын кабыл алууга даяр экендигин билдирет.
Европанын, АКШнын жана Япониянын территорияларында ден соолукту чыңдоочу өзгөчө сапаттуу суусундуктарды өндүрүү жана сатуу боюнча адистешкен дагы бир компания продукцияга зор кызыгуу менен карады. Кыргыздын улуттук суусундуктары дагы ден соолукту чыңдоочу өзгөчө сапаттуу категорияга кирет жана бул аны компаниянын туруктуу кардарларына жөнөтүүгө мүмкүндүк берет. «Артезиандын» продукциясына кызыккан компаниялардын географиясы өтө кеңири: Түркиянын бир компаниясы биринчи тапшырыкты берүүгө эмитен эле даяр. Ал эми бразилиялыктар бул өлкөдө кыргыз суусундуктарын сатуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча масштабдуу маркетингдик изилдөө жүргүзүүнү чечти. Бул тууралуу «Артезиан» компаниясынын өкүлү Жаныбек Исаев мындай дейт:
– Бул биздин АКШдагы соода көргөзмөсүнө катышуу боюнча алгачкы тажрыйба. Көр­гөз­мөнүн натыйжалары көп нерсе­лерден үмүттөндүрөт, абдан зор тажрыйба, жаңы идеялар жана алдыга умтулууларды алдык. Биздин планда АКШнын рынокторуна өз продукциябызды активдүү жылдыруу турат. Ушул көргөзмөнүн натыйжасы менен биздин суусундуктар жакынкы келечекте АКШнын гана эмес, башка өлкөлөрдүн дагы дүкөндөрүнүн текчелеринде пайда болот деп ишенебиз.
Көргөзмөгө катышуу кыргызстандыктардын «Kyrgyz Club» эл аралык бирикмеси тарабынан демилгеленгендигин, ал эми уюмдун активисттери көргөзмөгө катышуу боюнча иштерин жүр­гүз­гөн­дүгүн, ошондой эле «Артезиандын» өкүлдөрү менен бирдикте бет ачардын өзүн өткөрүп, компаниянын стендин уюштургандыгын белгилеп кетебиз.
– Кыргыз компанияларынын продукцияларын чет өлкөлөрдө алдыга жылдыруу – «Kyrgyz Club`дын» маанилүү багыттарынын бири. Биз «Артезиандын» эл аралык көргөзмөгө катышуусу Кыргызстандын башка компанияларына дагы чет өлкөлүк рынокторду активдүү өздөштүрүүгө дем берет деп ойлойбуз, бул мүмкүн жана аткарылышы керек,- деп баса көрсөттү «Kyrgyz Club`дын» башчысы Айбек Хакимов.
Майамидеги продуктулардын, суусундуктардын эл аралык көргөзмөсү – дүйнөдөгү продуктулардын, суусундуктардын эң ири жана абройлуусу. Көргөзмө кардарларды, өнөктөштөрдү табуу үчүн эң жакшы көпүрө катары кызмат кылат. Анткени АКШдагы соода көргөзмөлөрү бүткүл дүйнөнүн рыногунда товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жылдыруунун маанилүү компоненттеринин бири. Мындай иш-чаралар кызыкдар компаниялардын бардыгын бир жерден жолуктурууга жакшы мүмкүндүк берет. Ошондуктан алдыга жылдыруу жана өнүгүү үчүн мындай көргөзмөлөргө катышуу абдан маанилүү.
Жыл сайын Майамидеги көр­гөзмө 63 өлкөдөн тамак-аш продуктулары жана суусун­дуктар индустриясынын
10 000ден ашуун өкүлдөрүн чогултат. Көргөзмөгө тамак-аш өнөр жайы менен байланышкан бизнес-сектордун ар кандай түрлөрүнүн өкүлдөрү: алдыңкы өндүрүшчүлөр, дистрибьюторлор, экспорттоочулар, импорттоочулар, ресторандар, мейманканалар, супермаркеттер, гипермаркеттер, тармактык дүкөндөр, ошондой эле деңиздик круиз компаниялары келишет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(3)
11.11.2013. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар! Дагы дагы ийгиликтерге жете бергиле!
11.11.2013. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан алга!!!
16.11.2013. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛАХка шугур,деги дуйного жакшы жактарыбыз менен таанылсак экенбиз!!!амиинь
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо