Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СЕМИЗ КОЗУ» ЭМИ СҮТ МЕНЕН ТАЗАЛАНГАН!

№575 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж

«Alsuu» компаниясынын «Семиз козу» деген өзгөчө аталыштагы спирт ичимдигинин өлкө рыногунда пайда болгонуна бир жылдын жүзү болду. Чыкканына жыл толгон бул спирт ичимдиги учурда сүт менен тазаланып, даярдала баштады. Аталган компаниянын директору Гулиев Гапал Мохуббатович менен жолугуп, «Семиз козу» тууралуу кенен маалымат алдык.

– Гапал Мохуббатович, «Семиз козунун» чыкканына бир жыл болду. Бир жыл ичинде «Семиз козу» кандай ийгиликтерди багындыра алды?
– «Семиз козу» өткөн жылы жаңы жылды утурлай сатыкка чыгарылган. Учурда Кыргызстандын рыногунан өз ордун таап келатат. Бул аралыкта «Семиз козунун» кардарларынын табитин таап, талаптарын орундатууга аракет кылдык. Массалык маалымат каражаттары аркылуу ар кандай оюн-акцияларды уюштуруп, ондогон тирүүлөй семиз-семиз козуларды тартууладык. Элдин талабына карап өндүрүмүбүздү бир гана үлгүдө, 0,5 литр өлчөмүндө чыгарып келебиз.

– Оригиналдуу аталыштагы өндүрүм учурда сүт менен тазаланып, даярдалып жатыптыр. Ушул тууралуу кенен айтсаңыз...
– Ооба, учурда табигый таза сүт менен тазалап иштөөгө өттүк. Рынок үчүн биздин бул уникалдуу технологиябыз СССР учурунда Кремлдин жана өкмөт өкүлдөрүнө сунушталуучу арактарда гана колдонулган. Демек, сапаты, тазалыгы мактоого арзый турган. Мындай өндүрүмдөр көбүнчө карапайым калк үчүн кол жеткис болуп, саналуу гана чөйрөнүн сүйүктүү спирт ичимдиги болуп келген. Адатта, спирт ичимдигин ичкен күндүн эртеси дене салмактанып калат эмеспи. Анан да калыптанууга көп убакыт талап кылынат. Арак сүт менен тазаланганда организмге келе турган зыяндар азаят. Ошол себептүү сүттүн коюулугу жана сапаты тыкыр көзөмөлгө алынып иштелүүдө.

– Жакшы. Айтсаңыз, «Семиз козуну» каяктан сатып алса болот?
– «Семиз козу» башкы кеңсебиз жайгашкан Кара-Балта шаарында өндүрүлөт. Ош шаарында да филиалыбыз бар. Өлкө ичинде бардык аймактарда сатыкка чыгып, жакшы кабыл алынып келет. Бардык дүкөндөрдөн сатып алса болот. Эл анын сапатын баалайт. Андан тышкары акцияга катышып, семиз козу утуп алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланууга аракеттенишет. Чет элдик досторго, тааныштарга да белекке берип жатабыз. Ага кошумча чет элдиктер бул спирт ичимдигин белек катары сатып алып, өз мекендерине алып кетишет. Байкап көргөн чет элдик коноктор анын мыкты сапатын, даамын жактырышууда.

– Эмнеге «Семиз козу» деп аталып калган?
– Жергиликтүү салтка, улуттук колоритке байланыштуу ушундай аталышты туура көргөнбүз. Чет жерден келген коноктор «Семиз козунун» которулганын угуп, биздин дарегибизге мактоо сөздөрүн узатып калышат.
Учурда спирт ичимдиктеринин түрү көп. Биринчиси экинчисинен айырмаланып турат. Бул жаатта биздин айырмабызды айтсак, «Семиз козу» тазалыгы, жумшактыгы, даамдуулугу жана табигый кошулмалар менен өзгөчөлөнөт. «Семиз козунун» курамына кошулган заттардын баары: жаңгак, сүт, бал – таза, табигый. Эл биздин ичимдикке карата химиялык кошулмаларсыз иш алып барарыбыздан шек санабай эле койсо болот.

Максат Кудайбердиев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
11.11.2013. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир гана кыргыздар Аракты реклама кылат.тооба.тыйыш керек.
11.11.2013. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Парламент ушул спирт ичимдиктеринин аталыштарына уллуттук идеологиябыздагы аттарды коюга тыйю салган мыйзам чыгарганда жакшы болоор эле. Мисалы "Семетей","Сейтек" ж.б аталыштардагыларга.
«Семиз козу» тазалыгы, жумшактыгы, даамдуулугу жана табигый кошулмалар менен өзгөчөлөнөт. Кызык арак дагы даамдуубу?
11.11.2013. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын жинди болду го э? Э арак дегендин сут кошулган каймак кошулганы, даамдуусу башкасы болобу? Арак деген ал арак арам!
11.11.2013. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмгек жарчысы десе мигранттар жонундо бекен депмин.Бул арактын лично мага кызыгы жок(адашып кирип алыптырмын).
12.11.2013. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sut koshulgan,kaimak koshulgan , kolbasa, syr koshulgan ...))))
12.11.2013. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарибир арак да эмне кошулса да.Ушу арактын айынан эмнелер гана болуп жатат,окунучтуу
15.11.2013. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хехе пайдалуу БАД деп эле салса болмок экен ушунча болду, ой боорум кулосун да айла жок, арак деген арак да хоть бал кошсон деле)))
15.11.2013. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super Info jamaaty kachan ushu haram nerselerdi reklama kyluunu toktotosunar! Andan koro jakyr ui bulolordu izildep osholordun jashoosun chygarbaisynarby, El owolorgo kolunan keliwse jardam berishmek ichken akchasyn da Sadaka kylsa soop emespi!
19.11.2013. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайгамбарыбыз Мухаммад С.А.В. "Аль хамру уммуль хабааис" деп айткан. "Арак-бардык жамандыктардын энеси"
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо