WE`LL BE

№576 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж

Заманбап бийлердин сазайын берген «We`ll be» бий тобунун шок жигиттери менен жолугуштук. Топтун жаралыш тарыхы, жетишкендиктери жана ич ара мыйзамдары тууралуу кызык баянды бизге бийчи балдардын башын бириктирген Эрмек Керимбаев айтып берди.

«КЫЗДАР ТОПКО ЧЫДАБАДЫ»
Эрмек Керимбаев алгач «Star dance» бий тобунда эмгектенчү. Ал топ жоюлуп кеткенде карьерасын токтотуп койбой, бийге шыктуу досторун чогултуп «We`ll be» тобун түзгөн.
Эрмек: – 2008-жылы Бишкекте алгачкы жолу ар тараптуу бий стилдерин өздөштүргөн жаштар чогулдук. Башында тобубузга ат коюп алууну деле ойлонбогон экенбиз. Көп өтпөй арабызга Замир кошулуп, «топтун атын «We`ll be» деп коёлу» деп сунуш киргизип калды. Бул сөздүн котормосу «биз болобуз» дегенди билдиргендиктен, бизге да идея жагып, «We`ll be» деген ат менен эл алдына чыга баштадык. Башында өзгөчөлүк болсун деп америкалык «JabbaWockeez» бий тобун туурап бет кап тагынып бийлеп жүргөнбүз. Кийин жүзүбүз менен чыгууну туура көрдүк. Анан да алгач топтогу бийчилердин көпчүлүгүн кыздар түзчү. Бирок биздин бийлөө ыкмабыз кара күчтү талап кылат. Анын үстүнө түнкүсүн чакырууларга барыш керек, кыздар ал нерсеге көп чыдабайт экен. Мындан улам жигиттер менен кыздардын ортосунда түшүнбөстүктөр чыгып жатты. Кыскасы, бардык жактан карап көрсөк, жигиттерден түзүлгөн команданын өмүрү узак болчудай. Себеби эркектер бири-бирибизди толук түшүнүп турабыз.
«We`ll be» тобунун жаралганына быйыл 5 жыл болуп калды. Бул убакыттын ичинде көп тажрыйбага ээ болдук. Жаш балдардан жашоого олуттуу караган жигиттерге айландык, айрымдарыбыз үй-бүлө курууга жетишишти. Тапкан акчабыз баарына жетет дегендей.
Азыркы тапта мекенибиздеги бийчилердин арасынан өзүбүздүн окуучуларыбызды гана күчтүү атаандаштарыбыз деп билебиз. «Устатынан шакирти озуп чыкса, демек, устаты мыкты» деп коюшат эмеспи. Ошондуктан мындай көрүнүшкө сүйүнөбүз.
Учурда топто 8 жигит бийлейт. Биздин катарыбызга кошулган балдар менен эч кандай келишим түзбөйбүз, болгону эркекче кол алышуу деген бар. Жалпынын оюн кабыл ала билген, өзүм билемдикке салбаган мыкты бийчи жигиттер менен катарыбыз толукталып келет. Топтун мыйзамдары мына ушундай жөнөкөй эле.

«КЫРГЫЗСТАНДЫН АТАГЫ АЛЫСКА ЧЫГАТ»
– Биз эки жолу Атай Өмүрзаков уюштурган «Мен бийчи» эл аралык фестивалынын жеңүүчүлөрү аталдык. Мындан улам болгон аракетибизди дүйнөлүк бий аренасына чыгууга жумшашыбыз керек экенин түшүндүк. Себеби кайсы сынакка катышпайлы, калыстар «силер дүйнөлүк деңгээлге чыгууга даярсыңар» деп айтышат. Дүйнөгө атыбызды «World of dance» аттуу АКШда өтүүчү бий сынагына катышып чыгарабыз деп жатабыз. Келерки жылдын жаз айларында аталган сынактын тандоо туруна Орусияга аттануу алдында турабыз. Кудайым буюруп тилегибиз орундалса, Кыргызстандын атагы алыска чыгат.

ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ:
«Жылдын мыкты бий долбоору» (2008-жыл)
«Жылдын мыкты дебюту» (2008-жыл)
«Battle Skill z III» 1-орун (2009-жыл)
«Мен бийчи» эл аралык фестивалы, 1-орун (2012-жыл)
«ISOS» эл аралык фестивалы, 1-орун (2013-жыл)
«Мен бийчи» эл аралык фестивалы, 1-орун (2013-жыл)

«Супер футбол-2013» мелдешинде «We»ll be» тобунун жигиттери кызыктуу оюн көрсөтүү менен бирге оюн талаасында бийлегенге да жетишишкен.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


Заманбап бийлердин сазайын берген "We

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(27)
SUPER.KG видео
16.11.2013. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жигитерге албан, албан ийгилик! Мындан дагы чон, чон ийгиликтерди багындыргыла!
SUPER.KG видео
16.11.2013. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
klassnye respect!)))
SUPER.KG видео
16.11.2013. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодцы бардар ийгилик каалайм!!! Озунчо ле "F-4" го Гым чан диси да жаккшы экен.
SUPER.KG видео
16.11.2013. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молатсы!
SUPER.KG видео
16.11.2013. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дастан мага абдан жагат, эн сонун бийлейт, озу да келишимдуу жигит деп ойлом. Жигиттер силерге ийгилик!
SUPER.KG видео
16.11.2013. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсынар ийгилик !!!
SUPER.KG видео
16.11.2013. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
красавчики!!!
SUPER.KG видео
16.11.2013. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо,менин бала кезимдеги досум Форик журотко. Азаматсын досум!
SUPER.KG видео
16.11.2013. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар Жигиттер! Ийгилик силерге!
SUPER.KG видео
16.11.2013. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгер сен сүйлөй алсаң демек ырдай аласың, бассаң, демек ырдай аласың. жакшы сөз экен го, биз деле ырчы болуп кетет кошобойбузбу аракет кыла берсек. :-)
SUPER.KG видео
17.11.2013. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
укмуш бийлешет! я танцордо эч кандай коррупциясыз эле алышкан! реп мн кыргыз бийин айкалыштырып бий чыгарышканы озгочо! азаматтар.
SUPER.KG видео
17.11.2013. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
просто супер ребята я вас уважаю и обожаю
SUPER.KG видео
17.11.2013. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун!Журогун эн позитивдуу эмоцияларга толот экен силерди коргондо!!!Алга балдар!
SUPER.KG видео
18.11.2013. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун материал болуптур, азамат Айзат. Негизи, топтун бийлери мага аябай жагат. Өздөрү да жөнөкөй жакшы балдар экен. Видеону көрүп отуруп, аж бийлегим келип кетти)))
18.11.2013. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы
SUPER.KG видео
18.11.2013. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin kolumdu syndyrgan baldar go b...///
SUPER.KG видео
19.11.2013. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы!Удачи вам!
19.11.2013. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынында мыкты бийлешет экен ийгилик силерге так держать
20.11.2013. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик,ийгилик жана да ийгилик!
22.11.2013. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Топтун атын кыргызсча койсо болбойт бекен КЫРГЫЗСЫНАРго
22.11.2013. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар
24.11.2013. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыңар жигиттер!!! Сахнадагы өмүрүңөр узун болсун! Чыгармачылык ийгилик! Кубанычбек Чилетиров Кара- көл шаарынан эмес. Бишкектен төрөлүп өсүп, "Жаш Кыял" элдик үлгүлүү бий ансамблинде 14 жыл бийлеп, толук курсун бүтүргөн, учурда үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы. Ата-энеси Жаныбек жана Анара Чилетировдор-жаш кыялдын жетекчилери.
24.11.2013. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келинчеги Асель Чилетирова, жылдыздуу эжекебиз Алина Жетигенованын жалгыз кызы. Асель да ушул бий тобунун түптөлүшүнө түздөн-түз тиешеси бар, сахна аты Азель, заманбап бийчи кыздардын арасынан эң күчтүүсү болуп эсептелет. Азыр эми Аселя бир уулду тарбиялап, буюрса экинчи перзенттүү болууга даяр турган кези. Ийгилик жалпыңарга!
SUPER.KG видео
24.11.2013. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик, чыгармачылык жетишкендиктериңер көп болсун! Алдыңардагы 5 жылдык мааракеңер кут болсун!
SUPER.KG видео
10.12.2013. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суппер
23.06.2015. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Администратор эгер мумкун болсо "jabbawockezz" бий тобу боюнча да маалымат чыгара аласыздарбы. алдын ала рахмат.
24.06.2015. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BAYAW-KG, саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо