Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ӨЗ ЭНЕСИН БАЛТА МЕНЕН ЧААП ӨЛТҮРГӨН

№576 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж

Ысык-Көл облусунда Жети-Өгүз РИИБинин кызматкерлери аталган райондогу айылдардын биринен «өз энесин мыкаачылык менен өлтүргөн» деген шек менен 25 жаштагы жаранды колго түшүрүштү.
Милициянын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрь күнү 41 жаштагы айым укук коргоо кызматкерлерине өзүнүн 44 жаштагы эжесинин жоголуп кеткени тууралуу билдирген. Маркумдун 25 жаштагы уулу да ушундай эле билдирүү менен милицияга кайрылган. Алардын билдиргенине караганда, айылдын 44 жаштагы тургуну 8-ноябрь күнү райондун борбору Кызыл-Суу айылына кетип, кайра кайтып келген эмес.
Жогорудагы факт боюнча иликтөө учурунда жоголгон айымдын жакындары суракка алынып, аны эң акыркы болуп уулу көргөн болуп чыккан. Укук коргоо кызматкерлери короо-сарайды, үй ичин тинтишип, жыйынтыгында көң жыйналган сарайдан жаңы казылган жерди байкашкан. Ал жерди казганда киши колдуу болуп каза болгон аялдын денеси табылган.
Кылмышка шектелип маркумдун 25 жаштагы уулу кармалды. Жакындарынын айтымында, ал динге ишенип, намаз окуп жүрчү экен. Иликтөөлөрдүн версиясы боюнча, энеси камыр жууруп жаткан маалда уулу артынан келип балта менен чаап салган. Туугандарынын айтымында, кылмышка шектүүнүн акыл-эси ордунда эле.
Бул окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылып жатат.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
18.11.2013. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiban dese
18.11.2013. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылдым…башы жок неме го
18.11.2013. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Намаз окуган неме болсо озу,психически оорусу бар болушу мумкун.
23.11.2013. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rentgenolog, ошол учун ойлойм,намаз окуп,оронуп жургондордун баары эле ыймандуу болбосо керек!Сырты жалтырак,ичи калтырак дегендей.
18.11.2013. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оз энесин кантип,
18.11.2013. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толугураак маалымат берип койунуздарчы Супер инфо,сураныч.Себептерин.
18.11.2013. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aruuzat88,
Саламатсызбы! Кененирээк материал бергенге аракет кылабыз. Рахмат!
18.11.2013. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай гор ар кимибизде бала бар акыл ыйман ынсап берсин мне деген заман болуп баратат
18.11.2013. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озун сакта инсап бергин озун кудайым.
18.11.2013. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол учун балага мееримдуу тарбия биринчи орунда турат азыркы учурда булнерсе бизде азайып баратат
18.11.2013. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарыбыз ыймандуу болсун,не деген заман болуп баратат,жаткан жери жайлуу болсун жаш экен да байкуш эже,тиги балага эки дуйно тозок болсо да аздык кылат Кудайым озу жазасын берсин
18.11.2013. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыргызда зордуктоо адам олтуруу акыркы жылы ото коп болуп жатат .озу колдуктор ата енеге туура маамиле кылышпайт. квартирада колдуктор менен жашачумун атасы менен кызы бири биринен карыз доолап урушчу .атасы менден акча алдын десе кызы жакшылып есептешсек менден вопше коп акча карызсын десе оозум ачылып калган. менин атам болгондо еч качан андай маамиле кылбайт елем ата ененердин барында сыйлап кадырлап еч качан тескери маамиле жасабагыла ата енендин бары кандай гана чоон бакыт.
19.11.2013. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
омур берген баласы оз омурун алыптыр окунучтууу.............
19.11.2013. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай окуя ошол 7-8-октябр кундору Лейлектин Ленин айылында да болуп отту. Анда 91-жылы туулган жигит оз энеси тандырга нан жаап жаткан жеринен балта менен чапкан, жардамга барган атасын да чабарда атасы аран кутулуп качкан. Ал жигит мурда башынан катту жаарат алган экен.
20.11.2013. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
милиция кызматкерлери ошондой жалкоо кылмышкерди издештен эринип,баласын ур токмокко алып кылбаган ишин мойнуна алдыртышат.
20.11.2013. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болушу мумкун эмес кантип эле Оз энесин олтурсун адам, эси кушу жайында болсо
20.11.2013. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай инсап бер адамдарга
21.11.2013. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озу жазаласын мындай адамдарды
22.11.2013. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматту супер инфо гезити 21-беттеги таякеме тийип алдым деген макала газетеда жокко. ошол боюнча маалымат берип койгулачы сураныч.
22.11.2013. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
010288,
Саламатсызбы! Ал статья сайттын Суперстандагы форумчулардын жүрөк сыры менен бөлүшкөн темадан алынган
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=72051&st=0 шилтеме менен кирип ой-пикир калтырсаңыз болот.
16.12.2013. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай орулуу адамдар, биздин арабызда коп эле кездешет, буларды медицина, органдар, тарабынан учётко койуш керек. Буларды контрольго албаса мындай окуялар боло берет. Мисалы: баш мээнин басымы кобойгондо андай адамдар озун контрольго алалбайт, арак ичкендер, норкомандар ж/б. Биздин Окмот бул багытта катуу иш жургузуш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо