АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ТУРАК ЖАЙ БЕРИЛЕТ

№576 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж

2013-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары, генерал-майор Шерикбай Султанов жакында Бишкектеги 180 аскер кызматкерине жаңы турак жай берилерин билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда Коргоо министрлиги аскер кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык маселелерин чечүү үчүн чараларды көрүүдө. «Биз куралдуу күчтөрдүн тарыхындагы алгылыктуу иштерди жасай алдык. Коргоо министрлигинин гарнизондорунда көп кабаттуу үйлөр курулду. Ала-Бука калк жашаган пункттагы аскер шаарчасында 76 үй-бүлөгө батир берилди. Жал кичи районунда эки 9 кабаттуу үйдүн курулушу бүттү. Бишкекте жакынкы күндөрдө 180 аскер кызматкерине турак жай берилет. Мындан сырткары Ош шаарында 80 аскер кызматкери үчүн үйдүн жана алардын балдары үчүн бала бакчанын курулушу аяктап калды»,- деди ал өз сөзүндө.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
18.11.2013. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болсун! качан гана караса мектеп, бала бакча, оорукана жана башка коомдук тармактар адамдын ичин ачыштыргыдай абалда боло бербесин.
19.11.2013. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой 180 аскер кызматкерине уй дейби,ошону жаш уйлонгон оздору батирде жан багып жургон кызматкерлерге бербейт да,чет жакта чон чон асабняктары барлар эле илип кетет карап турсанар,анан квартирант киргизип коюп,айына канча деген доллар алып коюп жата беришет.
21.11.2013. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уйдун жок дегенде каркасы жакшынакай болуп буткондо жазсанар боло эл ишенгидей же кичинекей балдарда алдап аткансыбай уят да ушул
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо