№576 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж
Бокс боюнча Азия чемпиону Азат Усеналиев WSB'де (Бүткүл Дүйнөлүк бокс сериясы) алгачкы беттешин өткөрүүгө камданууда. Жакында эле «Украинские атаманы» клубунун курамын толуктаган мекендешибиз биринчи беттешин 16-ноябрда Киевде өткөрмөкчү. Анда анын клубу америкалык «USA Knockouts» клубу менен кез келет. 52 килограмм салмактагы Азаттын атаандашы Шон Симпсон аттуу мушкер болмокчу.
Айта кетсек, Азат Усеналиев WSB'де украиналык клубдун намысын коргогону менен, расмий мелдештерде Кыргызстандын желеги астында чыгат. Салыштыруу иретинде айтсак, бул футболдогу легионер оюнчу сыяктуу. Мындай мелдештердеги беттештер Азат үчүн чоң тажрыйба болмокчу.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз. Тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук.