№576 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж
«Көргөндөн көрө элегиң көп» дегендей, бир буюмга таңыркап, суктанып бүтө электе ойлоп табуучулар жаңы түрүн чыгарууда. Технологиянын өнүккөн доорунда таңыркоо менен гана жашап келатабыз десек да жарашат. Бүгүнкү сөз жашообузга кеңири таралып жаткан тиричилик техникалары тууралуу болмокчу.
ӨЗҮ КАМЫР ЖУУРУП, НАН БЫШЫРГАН МЕШ
Япондор тарабынан иштелип чыккан нан бышыруучу меш жалкоо же түйшүгү өтө көп келиндердин жүгүн кыйла жеңилдетет. Чындыгында ушундай. Анткени камыр жууруп, ачыган соң аны бышырып убара болбойсуз. Болгону керектүү өлчөмдө унду, сууну, ачыткыны жана кошумча азыктарды нан бышыргыч мештин ичине салып, оозун бекитип койсоңуз, бир нече сааттан кийин наныңыз даяр. Өзү жууруп, камыр ачытып, бышырып да коёт.
КАНЧА СААТТА НАН ДАЯР БОЛОТ?
Камыр жууругуч менен бышыргыч бир гана идиштин ичинде жайгаштырылып, ал автоматташтырылган систем менен башкарылат. Бир нан бышыргыч түрүнө жараша 450 граммдан 2 килограммга чейинки нанды бышырууга ылайыкталган. Ал эми бышыруу убактысы нандын түрүнө жана жасоо ыкмасына карап 1 сааттан 6 саатка чейин созулат.
КОЛДОНУУДА:
НАН БЫШЫРГЫЧ ТАНДАП ЖАТКАНДА ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ:
ИНДУКЦИЯЛЫК ЭЛЕКТР ПЛИТАСЫ
Индукциялык электр плитасы – магниттик талаанын пайда кылган индукциялык бурганактаган энергиясынын жардамы менен иштейт (индукция – жакын турган заттарга электр жана магниттүү энергиялардын таасир этиши). Электр плитасын иштеткенде анын айнек менен капталган үстүнкү бети ысыбайт. Колду күйгүзбөгөн мындай плитада металл идиштер кадимкидей ысып, тамак бышырууга жарайт.
ДЕН СООЛУККА ЗЫЯН ЭМЕСПИ?
Чындыгында, бардык электромагниттик талааны пайда кылуучу түзүлүштөр адамга зыян дешет. Индукциялык электр плитасынын канчалык зыяндуу экенин текшерип, аны фен менен салыштырып көрүшкөн. Алсак, чачты кургаткан фендин магниттик талаасынын таасири 2000 микротесланы, ал эми плитанын үстүнкү бетиндеги магниттик талаанын таасири болгону 22 микротесланы түзгөн. Бул ден соолукка зыян келтире албайт дегенге барабар.
АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ ЭМНЕДЕ?
МАГНИТ ЖАБЫШПАГАН ИДИШКЕ ТАМАК БЫШПАЙТ
Андыктан идиш тандап жатканда жаныңызга магнит ала барыңыз. Эгер магнит идишке жабыша турган болсо, анда ал индукциялык плитага ылайыктуу. Ал эми магнит жабышпаса, анда ал идиш ысыбайт. Мисалы, калай жана алюминийден жасалган идиштер тамак бышырууга жарамсыз. Ошондой эле идиш бир нече сантиметр плитадан өйдө көтөрүлүп турса, аны ысыта албай калат. Андыктан казандын түбү плитага тийип туруусу зарыл.
Айрым плиталар диаметри 8 сантиметрден кичине болгон идиштерди койсо иштебесе, айрымдары идиш коюлмайынча жанбайт. Бирок бул учурда бузулуп калдыбы деп санааркабай эле коюңуз. Муну плитага орнотулган датчик көзөмөлдөп турат, ошондой эле ал кичинекей балдарды ойноп баскылаганда өрт чыгып кетүүдөн жана денесинин бир жерин күйгүзүп алуудан сактайт.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |