Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Садыр Жапаров, экс-депутат:«СОТТОШУП КАЛСАК, ЧЕТТЕ КАРАП ТУРБАЙМ»

№576 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж

– Садыр Нургожоевич, сизди «Кыргызстанда эмес, Беларустун Минск шаарына кетти» деп уктук. Чынбы?
– Ооба, чын.

– Ал жакка эмне себептер менен бардыңыз, сизди «качып кетти» дегендер да болду го?
– Менден кийинки бир тууган иним Дөөлөтбектин бир топ жылдан бери бөйрөгү ооруйт. 2 жылдан бери гемодиализ менен жашайт (бөйрөктүн функциясын аткарган аппарат). Күн сайын барып 4-5 сааттан аппаратта жатат. Инимдин кыйналганын көрүп зээним кейиди. 2012-жылы 1-мартта Минск шаарына инимди алпарып, бөйрөк алмаштырууга кезекке коюп келгем. Себеби ал жерде дүйнөдө эң тажрыйбалуу деп эсептелген ички органдарды алмаштыруу борбору бар. Кыргызстандын ошол жердеги элчиси Эрик Асаналиев өзү тосуп алып, жардам берип, кезекке коюп келгенбиз. Былтыр мен СИЗОдо жатканда донор табылып, «барып кел» десек, «сиз бул жерде жатсаңыз мен кантип кетим калам?» деп барбай койгон. Мен чыккандан кийин каражат топтоп алып Минскиге жөнөп кеттик. Себеби «күзүндө операция жасаган жакшы» деп дарыгерлер кеңеш беришкен. Буюрса, 1 айдын ары жак, бери жагы операция болуп калат деп күтүп жатабыз.
«Качып кетти» дегендер жаңылышат. Мага өткөндөгү соттон кийин прокуратура «чет өлкөгө чыкпасын» деген чек коюп койгон. Ошого байланыштуу 3-октябрда кат менен кайрылып, расмий түрдө өлкөдөн инимди алып чыгып кеткем. Баарына эле ачык айтып, Минскиге кеткем. Ал жакка барганымды ушунчалык саясат кылышканына таң калып жатам. Бул жерге былтыр да инимди алып келгем. Ошондо эмне айтып чыгышпайт, Минскиге кетти деп? Себеби ал кезде мен «Кумтөр» маселесин көтөрө элек болчумун. Кудай буюрса, иниме операция жасатып, реабилитациядан өткөрүп, барып калам. «Кумтөрдөн» башка дагы былыктар толтура.

– Депутаттар өкмөткө «Кумтөр» боюнча үлүшүбүз 67 пайыз болсун» деген талапты коюшту. Бирок өкмөт буга каршы. Бул талап аткарыларына ишенесизби?
– Президент баш болуп «50-50 пайыздан аша албайбыз» деп чыгышты. Ошондуктан андан жогорку пайызды талап кыларына ишенүү кыйын.
Кайсы бийлик келбесин «инвестор эле, инвестор» деп төшүн тосуп калкалап калышат. Көрсө, олчойгон параны сугунта салышат турбайбы. Буларды мен инвестор эмес, уурулар, экологияны талкалаган кылмышкерлер, эл аралык коррупционерлер деп айтат элем. Буларга мындай айып коё турган 100 пайыздык далилдерим бар. Булар башында фабриканы салганда лицензияны, алтынды күрөөгө коюп, өкмөттүн кепилдиги менен
476 миллион доллар алып, анан салышыптыр. Ал кредитти кийин алтын сатуудан түшкөн акча менен 700 миллион доллар кылып пайыздары менен төлөп беришкен экен. Алынган кредиттин
176 миллион долларын биздин ошол кездеги аткаминерлер менен канадалыктар чөнтөктөрүнө салып алышкан. Кредит болсо мамлекеттин эсебинен жабылган. Мындан сырткары бүгүнкү күнгө чейин 10 миллиард долларлык баалуу металлдарды чыгарып кетишиптир. Ал аз келгенсип экологияга 100 миллиард доллардын тегерегинде чыгым келтиришкен. Анан булардын кайсы кылган жакшылыктары үчүн 50 пайызга отургузабыз деп айтып жатабыз? Тескерисинче, 100 пайыз өзүбүз алып, андан сырткары келтирилген чыгымдын баарын моюндарына илишибиз керек. Болбосо элибиз качанга чейин аферисттерге кор болуп жүрөт?

– Ушул компания менен эле иштеше бергенибиз туурадыр?
– Эгер ушул бойдон кете берсек, 4-5 жылдан кийин алтын түгөнөт. Бизге талкаланган экология менен 200 миллион тонналык цианид көлү калат. Анан алардын зыянын тийгизбей сактоо үчүн да каражат жумшалат. Алтын чыгып жатканда куру жалак калып жатабыз. Алтын түгөнгөндө кайсы каражатты жумшайбыз? Ошондуктан калган баалуу металлдарды өзүбүз алып, Улуттук банкка сактап коюшубуз керек. Антпесек, биз бүгүнкү күн менен эле жашап, келечек муундун тагдырына балта чаап, анысы аз келгенсип моюндарына өмүр бою карыз илип кетип жатабыз.

– Эл аралык соттон утулуп калбайбызбы?
– Утулбайбыз. Биз булардын бардык кылмыштарын, биздин бийлик менен болуп жаткан коррупциясын Эл аралык сотто далилдеп беребиз. Менде жетиштүү фактылар бар. Соттошуп калсак, мен четте карап турбайм. Азыртан эле эл аралык уюмдар, мекемелер менен иш жүргүзүүдөмүн. Бийлик канадалыктардын кызыкчылыгын коргоп, азыртадан эле мамлекет утулуп калгандай кылып кагаздарын тууралап жатышат. Себеби көз каранды болуп калышкан. Муну Кудай көрүп турат. Биз, жалпы эл, «Кудай, өзүң кыргыз элине жардам бере көр» деп туралы. Буюрса, утуп чыгабыз.

– Бул «Кумтөр» мындан ары элдин пайдасына иштейт деп ишенесизби?
– Эгер 100 пайыз өзүбүзгө алып иштетсек, элдин пайдасына иштейт. Сиз да билесиз, 2003-жылы канадалык ишкерлер менен келишим коррупциялык жол менен түзүлгөн. Азыр анын тегерегинде прокуратурадагы айрым бир чиновниктерге кылмыш ишин ачып, алардын аттарын атады, бирок арты кандай болору белгисиз.
2003-жылы мен чиновник болуп иштеген эмес элем. Бирок былтыр ийне-жибине чейин текшерип, казып чыкканымда билдим. Ошондуктан менде жетиштүү фактылар бар. Бирок, тилекке каршы, Баш прокуратура өз кишилерине тийбей, кылмыш ишин (өз кишилерине козгобой) тандап козгоп жатышат. Ошондуктан бүгүнкү бийлик эч убакта аягына чыга албайт. Себеби өзүлөрү «Кумтөрдүн» сазына батып калышкан...


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
18.11.2013. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул киши Чындап кыргыз эли учун куйсо эмнеге таш комур чыккан жерди Кытайларга сатат,эми кыргыздар башка олкодон келген комурлорду кымбат сатып алып жатышат,Кумторду да сатып акчасын болуштуруп,башка олкого качып кетейин деген ою бар го,качып кетсе эштеке кыла албай калабыз,Кимге ишениш керек деги.
18.11.2013. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиевке емнеге кумтор бойунча еч суроо берген емес же ал кезде 67 пайыз кыргызда беле Беларуска бакиевге еле барды
18.11.2013. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оозунда кыргыз үчүн, мамлекет үчүн күйүп күл болумуш болуп жүргөн дөө шаалар акыркы күндө белгилүү болуп калбадыбы, бул берген маектерине караганда "корккон мурда муш көтөрөт" болуп үкүс кылып жаткан го.
19.11.2013. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кумторду ултташтырабыз дегенинер жакшы. Бирок Чынгыз хан болуп кетип озунордун чыныгы жузунорду коргозуп койдунар да.
20.11.2013. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келжиреген акмак, э урайын, 2009 жылы кол коюп берип жатканда элинди эмне ойлободун, жузукара...
18.12.2013. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул алакандай болгон Кыргызстандын элин аябай эле кыйнадынарго биз качан онугобуз?Биз эски атка минерлердин баарын жок кылганда (атып салганда) жаны кадрларды алып келгенде онугобуз себеби жаны кадрлар коррупция менен иштегенди силерчелик билбейт аттин ай Кыргызстаным сенин кадырынды билген президент келбедиго!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо