Дөөлөтбек Жапаров:«ДЕН СООЛУК КАДЫРЫН ООРУГАН ЖАН БИЛЕТ»

№576 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж

«Садыр Жапаров инисине бөйрөгүн берет экен» деген маалыматка катар коомчулукта «Беларуста Курманбек Бакиев менен сүйлөшүп жатыптыр» деген уу-дуу кептер чыкты. Садыр Жапаров ал жакта чын эле бийлик кооптонгудай иштер менен алектенип жатабы деген ойдо түрдүү суроолор менен бир тууган иниси Дөөлөтбек Жапаровду сөзгө тарттык.

– Дөөлөтбек Нуркожоевич, бөйрөгүңүздү башка мамлекеттен эмес, эмне үчүн Минскиден алмаштырууну чечкенсиз?
– Бул дарт менен мен кечээ же бүгүн эле эмес, 1986-жылдан бери алпурушуп келем. Азербайжанга армияга барып, авариядан улам ушул дартты тапкам. 25 жылдан бери сол бөйрөгүм иштебей, оң бөйрөгүмдү сактап калыш үчүн жыл сайын ооруканага жатып дарыланып, диета кармап келдим. Какаганга муштаган болуп, 2011-жылдын 23-октябрынан тарта экинчи бөйрөгүм да иштебей калды.
2012-жылдын март айында ошол кездеги саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков жардам берип, Минскидеги органдарды алмаштыруу бөлүмүнүн жетекчиси Слободин Валерий Юрьевичке жөнөттү. Бөйрөктү алмаштыруу боюнча КМШ жана Европада алдыңкы орунда Беларусь турат экен. Ошондой эле бөйрөктү өзүлөрүнүн донорунан алып, башка өлкөлөрдүн жарандарына салганга Беларустун гана мыйзамы жол берет.
Эмнегедир бийликтегилер ден соолугумдун айынан ал жакка экинчи ирет барууга аргасыз болгонубузга карабай, Минскиге барганыбызды чоң саясат кылышууда. Бийликтегилер «Караколдогу митингди уюштуруп коюп, Минскиге качып кетти» дешти. Интернеттен угуп алып, чыны менен капа болдум. Жаныңдын айласын таппай алдастап жатканда ушундай сөздөр ого бетер сокку болот экен. Ошондуктан эки ооз сөз менен кайрылууга аргасызмын.
Урматтуу жетекчилер! Мен тарткан азапты душманым түгүл жыланга да каалабайм. Ооруну пайдаланып жалаа жабуунун өзү опурталдуу. Айтайын дегеним, силердин да мага окшогон инилериңер, балдарыңар бар. Кокус ошолор мендей болуп ооруп калса, көзү жалдырап, жакшылыктан үмүт үзбөй турган бир бооруңардын абалын ошондо түшүнөр элеңер. Агам силер жапкан жалаадай ал жакта кара башын ойлоп качып жүргөн жок. Ал менин жаныма арачы болуп, ден соолугумду сактап, балдарынын маңдайына аман-эсен келсе экен деп жүрөт. Ошондуктан мээримдүү, күйүмдүү агамдын менин ден соолугума кам көргөнүн саясатка аралаштырбашыңарды суранат элем.

– Бир тууганыңыз Садыр Нуркожоевич сизге бир бөйрөгүн берем деген чечимин укканда кандай кабыл алдыңыз?
– Садыр байкем мени менен Беларуска чогуу барган. Мен анализ тапшырып жатканда ал врач менен сүйлөшүп отурган. Врачтан тез сакайып кетүүмдүн жол-жобосун сураган окшойт. Врач «жакын туугандары бөйрөгүн берсе, тез кабыл алат» дептир. Эч кимибиз менен кеңешпей туруп «мен бөйрөгүмдү берем. Анализ ала бериңиз» деп сүйлөшүп коюптур. Кийин Садыр байкем «Юстиция министрлигинен бир тууган экендиги анык деген документ керек экен. Мен анализдерди тапшырып, текшерүүдөн өтө берейин. Сен барып, кандай документ керек болсо даярдап кел» деди. Бул жактан кичүү иним Аскарбек «эгер байкемдики туура келбей калса, мен берейин» деди. Азыр байкеме, иниме «булар бир туугандар» деген документ даярдап өткөрүп койдум, аларым менен Минскиге кетем.
Жогоруда айткандай, бир туугандарым чын жүрөгүнөн мага күйүп, бир бөйрөктөрүн берүүгө да даяр экенин билгеним менен, донор издегенди токтото элекмин.

– Садыр Нуркожоевичтин президент болом деген амбициясы да бардыр. Бир бөйрөгүн сизге берсе, ал бийликке ат салыша албай калат да. Конституцияда ден соолугу таза болушу керек деп жазылат эмеспи?
– Агам мага жакшылык кылгысы келип, мени гемодиализ алып 4-5 саат жаткан азаптан куткаруу үчүн бөйрөгүн берем деген жыйынтыкка келген. Эгер мага берген бөйрөгү үчүн элдин уулу болуп, эл үчүн кызмат кылышына терс таасирин тийгизсе, мен агамдын бөйрөгүнөн баш тартам.

– Беларуска кеткениңиздерге бир ай болуп калды. Кыргызстандыктар менен жолугуп жатасыңарбы?
– Сиз «Бакиевге жолуктуңарбы?» деп сурап жатат окшойсуз. Бизди биринчи, 2012-жылы мартта барганыбызда Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрик Акматбаевич тосуп алган. Ал киши ооруканага чейин көрсөтүп, бизге Кыргызстандын жараны катары жакшы жардам берди. Сөз арасында «Бакиев кандай жүрөт? Кезигип турасыңарбы?» деп сурагам. Ал «Бакиев Лукашенко жашаган резиденцияда жашайт. Мамлекеттик күзөт менен жүрөт. Бизди жанына жакын жолотпойт. Шаар ичинде да күзөтчүлөрүнүн коштоосунда жүргөнүн көрүп калабыз» деген. Бакиев бир мамлекеттин бакыйган өкүлү болуп турган элчини жакын жолотпосо, анан бизди жолуктурмак беле?

– Дөөлөтбек Нуркожоевич, сизге эркин микрофон суналы. Эмне айткыңыз келип жатат?
–Урматтуу элим, сүйүктүү мекендештерим. Мен жанымды жай алдырбаган дартымдан сакайып, ден соолугумду мыктылап, эли-журтума аман-эсен кайтып келишимди тилейм. Ошондой эле элибиз менен бирдикте багынтчу бийиктиктер, жасачу иштер алдыда деп ойлойм. Жана жети-өгүздүктөрдү колдойм. Элимди сүйгөнүм үчүн, элимдин эртеңине кайдигер карабаганым үчүн ооруганыма карабай Балыкчы шаарындагы жеке менчик мүлкүмдү банкка күрөөгө коюп 2 500 000 сом кредит алып, «Кумтөр» боюнча китеп чыгардым. Элиме күйгөн үчүн ушундай тобокелдикке бардым. Анткени жакында Жети-Өгүздөн үч жаштагы бир бала паралич болуп калды. Адамдар ар кандай оор дарттар менен запкы чегип жатышат. «Ден соолук кадырын ооруган жан билет» дегендей, ден соолугумдун азабын тартып жаткандыктан чындык чыксын, элге жетсин деп жазган элем.

Гүлжан Усупова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
18.11.2013. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу жапаров сизден башка кыргызстанда ооругандар толтура Алардын силердей ен кучтуу врачтардан дарыланганга мумкунчулугу жок Бойрок керке болсо агандыкын ала бер ал буга чейин мумкунчулугу бар туруп кыргыз елине пайда келтирген емес мындан кийин пайда келтиришине кыргыздар ишенбейт аганыз еки жуздуу бул сизге деле белгилуу болсо керек
19.11.2013. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынча эле мерезсин. Ден соолуктун баркын,ооруганда билесин.
19.11.2013. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аганыз экоонуздорго тен ден соолук каалайм! Бул абалынызда саясаттан алысыраак эле болуунузду айткым келет. Ал эми Садыр Жапаров бойрогун бергени чын болсо анда Аллах раазы болсун!
20.11.2013. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tolik, Бойрогун бербей эле журот, корконунан артын карабай качып, эми Москвада жатып алып иниси экоо келжиреп жатат, Кыргызстандын келечектеги Президенти 2 бойроктуу болу керек имиш...
20.11.2013. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуп кеттин эч ким оорубасын
20.11.2013. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дооку ава АЛЛАХЫМ шыфаасын берип сакайып кетиниз.
23.11.2013. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болгон китеп экен ал, 2 млн.дон ашык сом болгон? Ишениш кыйын
25.02.2014. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа ылайым шыпаа таап кетиниз. Дегиле кыргыз элим сак болгулачы. Ушундай нерселерди уксам журогум ооруйт
26.02.2014. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башты катыратта ушу саясатчылар Алар бироонун бойрогун жулуп алса бирок бербээээээйт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо