Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ӨЗГӨН КҮРҮЧҮ

№576 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж

Өзгөн күрүчү баалуулугу жагынан эч бир күрүчтү астына салдырбайт. Андан жасалган палоо калориялуулугу жана даамдуулугу жагынан биринчи орунда турат. Бул күрүчтүн айрым сырлары менен бөлүшөбүз.

Урукту өндүрүү: Жакшы дан берген шалыдан уруктукка алынып коюлат. Жаз келгенде аны өнгөнчө сууга чылап коюу керек. «Шалынын сууга түшкөнү – талаага чачылганы» деген сөз бар эл арасында. Андан кийин 4-5 күндүн ичинде шалынын узун кылканынын астынан аппак болуп өнүп чыгат да, эгүүгө даяр болот. 1 гектарга 110 килограммдай урук сээп, 2 тонна таза күрүч алууга болот.

Жерди даярдоо: Жерди айдап, суу жакшы кармалгыдай абалда, суу тегиз жаткыдай төрт бурчтук кылып даярдоо керек. Ал жер пал деп аталат. Ылай шыбалган палга суу толтурулгандан кийин ичин чөп-чар, тамырлардан тазалоо үчүн малаланат.

Урукту себүү: Ылай палды малалоо учурунда суу аябай ылайланат. Дал ошол учурда өнгөн урук себилип, суу тунганда ылай урукту басып калат. Урук 1-2 жуманын ичинде тегиз көгөрүп, 20 күндө чыгат. Тагыраак айтканда, шалынын сабагы тик туруп, сеңселип, жапжашыл болуп көзгө көрүнүп калат.

Отоо: Шалы бышканча 2 ирет отолот. Канчалык таза отолсо, ошончолук шалы жакшы өсөт да, даны күрмөк аралашпай таза болот. Учурда дыйкандар сууга түшүп отоп кыйналбастан, чыккан чөптөрдү «Гербицид» деген дары менен өлтүрүп турушат. Дары себилгенден кийин шалыга аралашып чыккан отоо чөптөр өлүп, шалы бир ирет саргайып, өзүнө келет.
Шалы сортуна жараша ар кандай убакта бышып жетилет. Мисалы, эң даамдуу деп эсептелип, көп эгилген «Кара кылтырык» күрүчү 120, ал эми «Ак урук» сорту 95 күндө бышып, жыйнап алууга даяр болот. Өзгөн күрүчтөрүнүн эң баалуусу жана даны ири болгон сорту – «Чемпион». Бул сорту 150 күндө бышып жетилет. Мындан сырткары өзгөн күрүчүнүн «Мусо», «Казим», «Кольцо» сыяктуу сорттору өстүрүлөт.

Жыйноо: Шалы саргайып бышкандан кийин суу токтотулуп, жер кургаганда орок менен орулат. Орулган шалынын дандуу жагын ичине, сабагын сыртына каратып тегерек формада, 2-3 метр бийиктикте үймөк кылып жыйнайт. Бул учур «шалыны кызытуу» деп аталат. Шалыга күн тийип, канча бир убакыттан кийин андан буу чыга баштайт. Ушундан кийин кызыган шалыны комбайнга салып, саманы менен даны бири-биринен бөлүнүп алынат. Андан соң дан асфальт же башка таза жерде салкын түшкөн убакта жайылып кургатылат.

Шалыны актоо: Күнгө жайылган шалы эми акжубазда (күрүч актоочу аппарат) тазаланат. Бул аппарат аарчымай, элек, робот деген үч бөлүктөн турат. Шалыны кабыгынан чыгарып алыш үчүн аарчымайга салат. Ага 40 килограмм шалы батат. Андан кийин сапыруу үчүн элекке салынат. Күрүчтүн сыртын каптаган кара, кызыл түстөрдү агартуу үчүн роботко бир сааттай салып соккулатуу керек. Бир сааттан кийин топондорун тазалоо үчүн кайра элекке салынат. Күрмөк, таш, топондорунан тазаланган күрүчтү кайрадан роботко салат. Буга 80 граммдай өсүмдүк майы, бир аш кашык боёк жана күрүчтүн агарбай, карарып калгандары көп болсо, аларды агартуу максатында бир аш кашык туз салынып, 15 мүнөт соккуланат. Жалпысынан роботко 80 килограмм күрүч батат.
Кызыл түс өзгөн күрүчүнүн «фишкасы» болуп эсептелет. «Илгери кызыл түс берилген эмес. Боёк кошуу кийин гана пайда болду» дешет аксакалдар. Ал эми дыйкандар болсо «Боёк берилбесе, өзгөн күрүчү өз баасында сатылбай калат. Боёктун эч кандай зыяндуулугу жок. Күрүчтү жууганда чыгып кетет. Боёк атайын кызыл кумдан кызытылып жасалат» деп түшүндүрүштү.

Кашка-Терек айылындагы шалы өстүрүлгөн палдар.

Акжубаз аппараты. Дал ушул жерден күрүч акталат.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(11)
18.11.2013. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Озгон куручу ото кыйынчылык чоон мээнет менен "ОЗГОН КУРУЧУ" болот Аны биз Озгондуктор эн жакшы билебиз
18.11.2013. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш экен. Чоң рахмат пайдалуу маалыматыңыздар үчүн))
18.11.2013. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзгөндүн күрүчүнүн даңкын алыстан угуп жүрөм көп жылдар бою, негизи Кыргызстанда айыл чарба түшүмдөрү, аштык, өсүмдүк, мал-чарба генетикалык жактан тап таза, эң жакшы үлгүсүн сактап келе жатат, ушул жолдон жаза кетпей, ушул жагын сактап калуу бүт дүйнө боюнча зарыл, маанилүү болуп турат.
18.11.2013. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анча мынча жерлери ката айтыптыр ким айтсада бир сокуга 80клаграм эмес 100дон 120дери батат 80кл соку жок мына мен Озгондун баардык акжуваздарында актагам шалыны
19.11.2013. 04:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jaw kezekte kup kechtik ele walynyn paldaryn. Al mezgilde kylkandy otoit elek. Azyr daarylap koiot eken. Owol keremet mezgilder. Kechke suu kechip, dagy kiriniwke saiga tuwchu elek. Kuruchu ayabai sonun, taza bolot.
23.11.2013. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KUMU89, туура мурун кол мн отолот эле азыр дары берип отун жок кылат бул зыян экен адамга,кыскасы ото машакат экенда.
19.11.2013. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
боеп коет десе ишенчу эмес элем чын экен да
20.11.2013. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aizish, боёкту баткен менен Жалал-Абадтыктар колдонот,
20.11.2013. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куручтун осконун корчу элем, бирок кандай жол менен остургонун элестете албайт элем. рахмат супер.
20.11.2013. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
илгеркилерден калган бир соз бар, ШААЛЫ Шаалы болгуча шалгылам дейт экен, Шаалы Куруч болуп алсам гулдотом дейт экен,аш жеш оной эмес.
05.01.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozgon guruchun jebebsiz bul duinogo kelbebsiz
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо