Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Фарида Карбосова: «КОНЦЕРТИМ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТСӨ, ӨЗҮМДҮ ЖЕҢИЛ СЕЗИП КАЛМАКМЫН»

№207 20-26-октябрь, 2006-ж.

– Фарида, сахнага чыга баштаганыңа канча болду?
– Эсептеп көрсөм, быйыл он жылдын жү­зү болуптур.
– Азыр ырдаганына жыл айланбай эле концерт койгондор кө­бөй­дү. Сенин ушунча жылдан бери эми жеке концертиңди берип жатканыңдын себеби эмнеде?
– Мен он жыл бою Алина эжеден тарбия алдым. Аны менен сахнада жүрүп ырчылыктын оош-кыйыштарынын баарын башымдан өт­көр­дүм. Концерт уюштуруунун жол-жобосун үйрөн­дүм. Мына ушуларды өздөштү­рүп алганымдан кийин мен эми өзүм­дү жеке концертимди бе­рүү­­гө даярмын деп эсептейм. Ушунча жыл аралыгында күйөрмандарым да пайда болбой койбосо керек. Алар мени колдоп берээрине ишенем. Борбордо жеке концертимди берүү – менин көптөн берки максатым болчу. Ушул концертим ийгиликтүү өтсө, мен өзүмдү толук кандуу ырчымын деп эсептеп, бир топ жеңилдеп калмакмын.
– Концерт уюштуруунун оорчулугун сезип жатсаң керек?
– Ооба. Жалгыз адамга концерт уюштуруу оор эле экен. Бирок, ошого карабай мен өжөр­лүгүмө салып, баштагандан соң аягына чыгарайын деп жатам. Продюсери бар ырчыларга жакшы экен. Алар жөн гана ырдап коюшса, калганын продюсери уюштурат. Мен болсо ыр жаздырганга да, формага да, кыскасы, бардык жагына өзүм чуркап жатам.
– Алина эже жардам берген жокпу?
– Мен Алина эжеден жардам сураган жокмун. Анын менден башка деле жумуштары көп. Өзү эле болсо бир жөн, ал кызын, баласын да караш керек. Анын үстүнө Алина эже менин күчүмө ишенет. Кылам деген нерсемди кылып тынаарымды билет. Ошон үчүн мен концерт коюу жөнүндө сөз кылганымда эле «Сенин колуңдан келет, уюштур» деген. Ошентип, азыр бул концертимди жеке өзүмдүн күчүм менен уюштуруп жатам.
– Демөөрчүлөрүң барбы?
– Демөөрчүлөрүм да жок. Өзүмдүн айылда кичинекей бизнесим бар, бардык чыгымды ошонун эсебинен жаап жатам.
– Эми ушундай эмгек менен уюшулуп жаткан концертиңден күйөрмандарың кандай жаңылыктарды күтсө болот?
– Албетте, түйшүктү да, зор эмгекти да талап кылган концерт эптеп-септеп өтүп калышы мүмкүн эмес. Колдон келишинче элге жаңы нерсе тартуулаганга аракет кылып жатам. Күйөрмандарым бул концерттен менин эле эмес, аттуу-баштуу көп ырчылардын ырларына күбө боло алышат. Менин оюм концертке катыша турган бардык ырчылар менен дуэт жаздыруу эле. Бирок, баары менен жаздырганга жетишпей калдым. Ошентсе да бир топтору менен дуэт ырдайм. Ошондой эле формаларымдан, сахна декорациясынан, негизи эле концерттин жүрүшүнөн күйөрмандарым көп эле жаңы нерселерди күтө беришсе болот.

Маектешкен Азиза Сатимбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо