Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айбек & Гүланда: “ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮБУЗ НОЯБРДА БОЛОТ”

№359 18-24-сентябрь, 2009-ж.

Сахнадабы, башка жерде жүрүшөбү атактууларды ар кандай сөздөр ээрчип, көздөр тиктейт эмеспи. Айбек Карымов менен ырчы кыз Гүланда тууралуу айың кептер айтылып, учугу улангандан уланып келатканына көп болду. Ошол кептерге чекит коюшар деген ойдо редакциябызга Айбек менен Гүланданы чакырдык. Кантсе да Гүланда кыргыздын намыстуу кызы эмеспи, берген суроолорубузга ыйбаа кылып, Айбек байкесине «микрофонду» жылдырып жатты.

– Гүланда, жеке концертиңден кийин көрүнбөй кеттиң да?
– Чыгармачылык менен алек болуп жүрөбүз. “Сүйүүдөгү көз жаш. Эгиздер тагдыры” тасмасында терс каармандын ролун жараттым. Жаңы ырлар жаздырып, той-топурга барып дегендей...
– Терс каармандын ролун жаратуу кыйынга турбадыбы?
– Жок, анчалык деле кыйынчылык жаратпады. Ал кинодо эгиз кыздын биринин досу болуп аткардым. Анда курбумду мен “музыкант баланы эмне кыласың, андан көрө чоңдор менен сүйлөш” деп депутаттар менен тааныштырып, азгырган кыздын ролун ойнодум. Бирок кино деген кино да, кудай сактасын, жашоодо бирөөнү бирөөгө салып берген жан эмесмин.
– Айбек Карымовду сенин продюсериң десек болчудай го...
– Айбек байке менен иштешкениме 3 жылдын жүзү болду. Продюсер катары карасак деле болот.
– Анда жеке турмушуң, баскан-турганың, кийген кийимиң, ырдаган ырың бүт продюсердин көзөмөлүндө экен да?
– Жок, неге?.. Ал киши ыр жазып берсе мага жакса ырдайм, жакпаса ырдабайм. “Ал жакка баспа, бул жакка бас. Муну кий, аны кийбе” деп тыйбайт. Кийимди деле өзүм тандап кием.
– Бир жолу Айбек мырзанын апасы: “Айбек Гүланданын ата-энесинин алдына бар” дегенинен болбой койгом. Ошонун азабынан сарайымды бузуп салды” деген эле...
– Ой, менин ал жерде таптакыр тиешем жок. Айбектин атасын да, апасын да, ажырашкан аялын да тааныбайм, көргөн да эмесмин. Гезиттен окуп алып жүрөгүм ооруп, жаман болдум. Айбекке бул эмне кылганыңыз деп айтсам, “ал биздин ишибиз, аны өзүбүз чечебиз, сенин тиешең жок” деди. Кудай турат, менин эне-бала чырына таптакыр тиешем жок. Мурунку аялын деле тааныбайм, мүмкүн ал экөө жылдызы келишпей ажырашкандыр, бирок менин тиешем жок.
– Бул сөз көптөн бери айтылып, жоопсуз келет. “Айбек менен Гүланда чогуу жашайт” дешет. Чын эле Айбек Карымов менен ысык мамиледесиңби?
– Мындай сөздөр мен топко келгенден бери айтылат. Мунун чынын же жалганын жакында билесиңер, аз калды. Чогуу иштешип жүрөм. А сүйүү жөнүндө анын өзүнөн сурагылачы?!

Гүланда айткандай эле бизди кызыктырган суроолорго Айбек Карымов жооп берди.

Айбек
– Айбек байке, мурда берген интервьюңузда бир нерсе айтмакчы болдуңуз эле, ошондон улам биз эле эмес, күйөрмандарыңыз да “эмне айтат болду экен?” деп күтүп жүрүшөт.
– Ар бир нерсенин өз учуру, сөздүн айтыла турган убагы келет экен. Айтылчу сөз эмне экенин мен айтпасам деле, учурун келтирбесем деле эл билип калды. Эми ар кандай сөздөр айтыла берет. “Ой, үйлөнүп алды, Гүландага үй алып берди” деп. Бирок Кудай таала мага талант берип, ырдатып, элге таанытып койгондон кийин эл оозунда жүрөт экенсиң. Бирөө көрө албай айтат, бирөө көрүп айтат дегендей. Ушакты укканга да, бирөөнү ушактаганга да чыгармачылыктан жана жумуштарымдан колум бошобойт. Ит үрө берет, кербен жүрө берет деп коём.
– Гүланда бул жөнүндө сизди өзү жооп берсин деди эле...
– Өзү жооп берсин десе жооп берем. Эми ошол ушактарга чек коёюн деп күнү-түнү иштеп жүрбөйүнбү. Өзүм да кичинемден бери тынып-тынчыбаган адатым бар. Эки кабаттуу үй салып жаткам, бүтөйүн деп калды. Гүланданын ата-энеси түшүнүктүү адамдар, жакында барып кыргыздын салтын кылып колун сурап, алып келем. Буюрса, ноябрда той кылып Гүландага үйлөнөм.
– Анда бойдокчулук менен кош айтышат турбайсызбы. Ага болгон сүйүүңүздү кантип билдирдиңиз? Үйлөнсөңүз Гүланданы ырдатасызбы?
– Ооба, бир жарым жылдан бери бойдок жүрөм. Гүланданы жакшы билем. Ал чыйрак, бирди эки кыла турган, экини төрт кыла турган кыз. Ошон үчүн да аны түбөлүккө жар кылып алайын дедим. Гүландага болгон сүйүүмдү “Менин сүйүүм”, “Таалайлуу болуп алалы”, “Жарым болчу” деген ырларым аркылуу билдиргем. Турмуш кургандан кийин ырдай турган учурда ырдайт, ырдабаган кезде ырдабайт. Анан дагы азыр анын кандай кийинишине кийлигишпейм. Кийлигише турган мезгил эки айдан кийин келет. Мурда кыска кийсе, келин болгондон кийин узун киет дегендей.
– Айбек байке, айтылуу “сарай чыры” эмне болду? Апаңыз менен элдештиңизби?
– Ушул жөнүндө сөз козгобой эле коёюн дедим эле, сен көп нерсени козгоп койдуң. Ал иш ошондо эле бүткөн. Мурда да айткам, эми да айтам, апам мени 9 ай толгоо тартып, курсакта көтөрүп төрөгөнү ырас. Анысына ыраазымын. Бирок мен ал кишинин колунда чоңойгон эмесмин. Мени чоң атам менен чоң энем тарбиялашкан. Алардын көзү өтүп кеткен. Арбактарына куран окуп жүрөм. Ал эми апам мени Айбек Карымов болуп атым чыга баштаганда гана билди. Эмне дейт элем, эл ичинде аман жүрсө болгону.
– Канткен күндө да апаңыз балдарыңызды багып жатпайбы?
– Балдарымды бакпайт ал киши. Уулум менен кызыма өзүм каралашам. Эртең эле эр жетет. Окутам, камсыз кылам дегендей. Кудай буюрса, уулумду үйлөндүрүү, кызымды узатуу менин моюнумда.
Эмне демекчибиз, жүрөгү махабатка толуп турган эки жашка биз да бакыт каалайбыз.

Бул да жан шериктерге тиешелүү

  • Айбек“сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” деген кепти азыр көп айтат.
  • “Анар жолу” тасмасы Айбек Карымовдун автобиографиясынан алынган.
  • Айтылуу комузчу Нурак Абдырахманов Гүланданын бир тууган таякеси.
  • Гүланда өзүнө карата айтылган сын туура болсо оңдогонго аракет кылат, туура эмес болсо кабыл албайт. Айрыкча кийимине, боёнгонуна карата айтылган сындарды кабыл албайт.
  • “Кыздын даңкын чыгармак кайындап конгон конуштан, оокаттын даңкын чыгармак дүйүмдөп кошкон коруштан” деген эл сөзүн баалаган ырчы кыз тамактын түркүн түрүн жасап, конок күткөндү жактырат.
  • Гүланда эң жакын досум, сырдашым деп апасын эсептейт.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
21.09.2009. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anan emne murun jashyryp....
22.09.2009. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oshonu aytsan
22.09.2009. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ииииий ушунун эмнесин карады, старик
22.09.2009. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushu aybek ozu jaman katinpoz korunot
22.09.2009. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тууй атан такыр эле куйгузот турбайсынарбы. Кантип, кантип айтсанар отуруп алып кенен кесир суйлошуп атасынар? Уятынар барбы. Баягуну НБТдан эмньеге уяймак эльем?-деп кайра жыргап коёт. Ушу жерден тимеле... иши кылса аман болгула. Гуланда сен коркпойсунбу кийин сени Айбек кайра таштап кетсечи? Сен куйоого тийгин келип атабы же Айбеке куйоого тийгин келип атабы. Катуу кетсем кечирип кой.
23.09.2009. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dep kalp ele eldi ushakchy kylyshat da akyrynda osho ushaktardyn tuura bolup chyga kelgeni okunuchtuu. Aybektin murdaky aialyna boorum ooruit. Gulanda yrchy bolup chykkanga cheyin Aybek menen ayalynyn jyldyzy keliship ele jurgon bolso kerek go e. Bolboso baldar kaydan jaralmak... Aman ele bolgulachy ashyktar.
23.09.2009. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Айбек байкенин башкасынада мейли коз жумса болот бирок апасын танып мени чон апам чонойткон деген созунон кийин сыйлагым келбей калды.
25.09.2009. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашынар отсо кантээр экенсинер?
25.09.2009. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык. Дуйного озу жаралып калгандай суйлойт го?! Баласы менен кызы дагы убагы келгенде ушинтип айтса аябай жарашат. А Гуланда бактылуу болсун. Бирок бактылуу боло алабы?
26.09.2009. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
УЖААААССС!!!!
26.09.2009. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарык дуйнону тартуулаган энесин сыйлабаган Айбек, бирди эки кылган Гуланданы сыйламак беле. Мындай адамга соз жок...
26.09.2009. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак ниети менен ак суйуусун ойлобостон, "Бирди эки кылат, экини торт кылат" деп Гуландага уйлонот бекен.
26.09.2009. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Assalomu aleykum jash jubaylar!Ne demekchibiz?!Karmashkan kolunar tybolykko yzylbosyn!Yi byloonordo bakyt taalay,ekoono den sooluk kaalaym,biri birine ishenichiner ketpesin!aman bolgula!
30.10.2009. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неправ Айбек кар...
23.12.2009. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип келининди таштап уялбай Гуландага уйлондун же озунду абдан популардуу ырчы болсон эле баары колунан келе берeт деп ойлойсунбу.. Кудайдан корксон боло.. А эстечи озун кайдан келдин эле? Свет, телевизор эмне экенин билбеген жансын, бир акчалуу болгонго кооппу?
Уят Гуланда сага да и Айбек сага да. Кайсы бетинер менен Супер инфого чыктынар болду экен...
Элге жагабыз деп ойлогон окшойсунар, КАПП
Чет олкодо силерди угуп кулагым сынып кете жаздады каткырганынан
Аман болу
23.12.2009. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула эми
04.08.2010. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уяттт!!!!!!!!!! окшошкондор
15.01.2011. 04:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ar kim ozu bilet kimge chygyp kimdi alyshty. antip nege ele ujat dep atasynar.baktyluu bolushsun.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо