№577 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж
Баарыбыз эле бала кезде колго тактайдан жасалган курал кармап, өзүбүздү боевик кинолордогу баш каарман элестетип ойногонбуз. Азыр ал оюн чоңдор арасында да ойноло турган деңгээлге жетти. Сөз көңүл ачуучу өзгөчө оюн пейнтбол жөнүндө болуп жатканын билген чыгарсыз.
ОЮН ТАЛААСЫНДА БААРЫ БИРДЕЙ
Пейнтбол – көңүл ачуучу экстремалдык оюн. Анда оюнчулар командага бөлүнүп боёк огу бар курал (маркер) менен атышышат. Пейнтболдун өзгөчөлүгү – аны эч кандай даярдыгы жок адам да ойной алат. Оюндун кызыгын арттырган дагы бир жагдай, оюн талаасында бардык оюнчулар окшош кийимчен болгондуктан, жакшы атат деген оюнчусу ким экендигин тааный албайсың.
КАЧАН ПАЙДА БОЛГОНУ БЕЛГИСИЗ
Пейнтболдун качан жана кайда пайда болгону жөнүндө түрдүү версиялар айтылып келет. Алардын кээ бирлерине таянсак, Америкада ковбойлор малга белги коюу үчүн атайын боёк менен атуучу куралды ойлоп табышкан. Дагы бир версия боюнча, пейнтболдогу маркер Канадада бактарды кыйган адистер тарабынан колдонулган. Алар кыйыла турган бактарга белги коюу үчүн боёк менен атуучу маркерди колдонушкан.
Оюндун шарттары:
Оюн атайын пейнтбол үчүн ылайыкталган жерде өтөт. Денени толугу менен жапкан атайын кийим, башка шлем, колго кол кап кийилет. Оюнга киришүүдөн мурда инструктор тарабынан айтылган кеңештерди, маркерди туура колдонуу жана оюн эрежелерин эске алуу шарт. Фантазияга жараша оюнду түрдүү сценарий менен өткөрсө болот. Мисалы, 2 команда бири-биринин базасын басып алуу, дуэль, барымтага алуу же куткаруу жана башка. Боёк ок дененин кайсы бөлүгүнө тийсе да оюнчу беттештен четтетилет. Огу калбай калган оюнчу да беттештен чыгарылат. Кээ бир учурда тийген ок жарылбай калышы мүмкүн. Оюн башталарда командалар кайсы учурда катышуучу оюндан четтетилерин сүйлөшүп алганы оң, «ок тийгенде» же «ок жарылганда» деп.
КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР
ТЫЮУ САЛЫНГАН ЭРЕЖЕЛЕР
Айбала Эргешов
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
мындан да кызыктуурак оюн бар. страйкбол!!! пейнтбол мультик болуп калат.
Менимче аны сатып алуунун (бизнес кылбасаныз эле)кажети жок,ойнош учун атайы оюн талаасы,эн аз болгондо 8-10 адамга кийим жана курал огу менен, куралга абаны толтуруп туруучу жабдыктары менен газболон талап кылынат, а Бишкекте болсонуз топ (группа) менен баргандарга 1кишиге 350 сом алат да 50 ок менен курал берет, оюн талаа 3 саат акысыз,жилет эркектерге 50 сом кыздарга жана жаш балдарга аксыз,кошумча ок алсаныз 50 ок 150 сом.
Сайтка башка сайттарды жарнама кылууга жана шилтеме калтырууга тыюу салынат!
3 күн банга!