Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Санжар Мыкыев:«НАРИСТЕ МЕНЕН ТААНЫШКАНДА «КИДАТЬ» ЭТИП КЕТКЕНБИЗ»

№577 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж

«Тамашоучу», телеалпаруучу, акыркы кездерде өзгөчө чач жасалгасы менен өзгөчөлөнүп жүргөн шоумен жигит Санжар Мыкыев 14-ноябрь күнү 5 жылдан бери сүйлөшүп келген Наристе аттуу бийкечти ак өргөөсүнө алып кирди.
Санжардын тою күндүз жаштар үчүн, кечкисин жалпы тууган-урук үчүн болуп эки бөлүктөн турду. Жаштарга арналган кече сейилдөөсү менен эсте калса, калган кызыктардын баары кечинде ресторанда уланды. Тойду «No name» командасынын жигиттери Мурат менен Кадыр «Манасты Манас кылган кырк чоро. Манастан биздин Санжар кем бекен? Санжарды кырк чоросунун коштоосунда чакыралы» деп ачып беришти. Чындыгында, Санжардын кырктан ашык досу келгенин ошондо байкадык.
Бишкектен ырчылар Курал Чокоев, Бек Исраилов, Алекс, Айбек Бакытбеков, Даниель, Оштон Жумагүл Райымжан кызы, Замир Мырза, Өсөр Эшматовдор келип куттукташты. Андан сырткары «Тамашоунун» 16 баласы жана Эрмек Нурбаев келинчеги менен коноктордун катарын толуктады.

– Куш боо бек болсун, Санжар! Наристени Бишкектен Ошко алып келүү кыйын болгон жокпу?
– Баарын алдын ала пландап алгандыктан, көп деле кыйынчылык туудурган жок. Эки күн мурун Бишкекте Наристелердин үйүндө кыз узатуу болуп, Ошко алып келип, молдо чакырып нике кыйдырдык. Эртеси элге чоң той бердик, жоро-жолдош, тууган-урук, кайын журттун баары келип, тоюбузга күбө болушту.

– Салттардан кыйналган жоксуңарбы?
– Наристенин ата жагы Токтогулдан, тайлары Таластан, мен Алайдан болуп үч аймактын салтын тең алып кеткенге аракет кылдык.

– Келинчегиңчи?
– Биз Ош шаарында эле турабыз, Алайда чоң апамдар бар, аларга эми барабыз. Айылдын каада-салтына, турмушуна азырынча аралаша элек. Бирок азамат кыз экен, Наристеге дагы бир жолу баа бердим. Себеби тойго чейин баарын сураштырып билип бүтүптүр. Баарын эле айттырбай кылып жүрөт. Биз беш бир тууганбыз, үй-бүлөбүздө аялзатынан апам жалгыз эле. Наристе улуу келини, бирок «келиним эмес, кызым» деп кубанып отурат.

– Үйлөнүү чоң жоопкерчилик эмеспи. Өзгөрүүлөр байкалып жатабы өзүңө?
– Үйлөнгөнгө чейин деле жеңил-желпи жигиттерден эмес элем (күлүп). Үйлөнгөндөн кийин ата-энемдин урматын дагы да жогору коюп, келинчегиме болгон камкордук ого бетер күчөдү. Бир үй-бүлөнү башкаруу деген жоопкерчилик жөнөкөй эмес экенин билем. Мурун келинчегиме ата-энеси жоопкер болуп келсе, никеден кийин ал жоопкерчилик мага тапшырылат. Кудай астында өзүмдүн милдетимди жакшы билем.

– Тойдо күтүлбөгөн кандай сюрприздер болду?
– Буга чейин маани бербеген экенмин, жакын досторум көп экен. Тойдо баары чогулганда аларды көрүп аябай кубандым. Мен Бишкектен Ошко тойго бир күн калганда келгем, классташ досторум тойдун кандай, кайсы жерде өтөрүн уюштурууну моюнуна алышкан. Аларга чоң ыраазычылыгымды билдирем. Менин досторум сындашкандар эмес, кубанычымды чындап бөлүшкөн достордон экенин көрсөтүштү.

– Эмне үчүн бир эмес, эки өкүл ата шайладыңар?
– Себеби биздин жашообузда эки инсандын орду бирдей. Бири Мирлан байкебиз, бири Самат Дөөлөтбаков болду. Экөө тең мен окуган түрк лицейинин бүтүрүүчүлөрү жана мага жол көрсөтүп, жардам берип келген адамдар.

– Кеп аягында Наристе экөөңөрдүн сүйүү тарыхыңарды эскере кетсең...
– Наристе экөөбүздүн таанышканыбызга 5 жылга жакындап калды. Биринчи таанышуубуз ийгиликсиз болгон. Наристе ал учурда борбордогу кийим дүкөндөрүнүн биринде иштечү. Мен «Тамашоудо» «Ататүрк» университетинин курама командасынын башчысы болчумун. Түрктөр бизге демөөрчүлүк кылып кийим алып бермек. Биз аларга ишенип 20 000 сомго жакын кийимдерди тандап алып «тура турсун, эртең келип акчасын төлөп, алып кетебиз» деп кеттик. Түрктөр болсо акча бербей, биз дүкөнгө барбай койдук. Арадан бир ай өткөндөн кийин гана Ысык-Көлдөгү бир пансионаттын клубунан көрүп, Наристе көзүмө жылуу учурай берди. Барып сурасам «силер мени «кидать» этип кетип калгансыңар» дейт. Ошондо абалыбызды түшүндүрүп, тааныш болуп калдык. Сүйлөшкөнүбүзгө бир жылдай болуп калганда ата-энелерибиз менен тааныштык. Наристе Политехтин бажы кызматын аяктаган, бирок азыр сулуулук чөйрөсүндө иштейт.

– Наристе, кел эми, сен да келиндин милдети оор болбой элеби, ошол жөнүндө айта кет?
– Чынында, жаңы үй-бүлөгө көнүш оңой эмес. Бирок үйдө кыз жок болгондуктан атам менен апам мени келини эмес, кызы катары кабыл алышты. Жумуштарды аткарууда кыйналган жокмун.

– Маегиңерге рахмат. Бактылуу болгула!

«Кызуу кандуулук сапатымды келинчегим Наристе жойду».

Сейилдөө учурунда беш унаада бирдей музыка жаңырып, аянтты «жарды».

«О-уу... Наристе ачылып кеткенби?» Бөлмөлөрдү кыдырып Наристени араң тапкан Санжардын кубанычында чек жок.

Мына ушинтип кыздардын көзүн күйдүргөн Санжардын башы Наристеге байланды.


«Апам Наристени «келиним эмес, кызым» деп кубанып тосуп алды».

Тойдо көпчүлүк көңүл ачып жатса, «Nо name» командасынын оюнчусу Кадырдын ою башкада окшойт. Байкашыбызча, «Эрмек байке, 6-сезондун кубогун бизге берип коё бербейсизби, ардагерлерден биз эле калдык окшойт чемпион боло элек» деп Эрмекти көндүрүп жаткандай.

Жигит менен келиндин заманбап бийлегени, достордун тамаша бийлери да тойдун көркүн ачты.

Санжардын кубанычында чек жок.

Стоп! Көңүл буруңуздар! Бул «Тамашоунун» жүрөгү «брондолгон» мырзалары. Аларды жандаган бийкечтер «жылдыз» жигиттеринен бир кадам алыс кетпей жүрүштү.

«Моника Беллуччи» командасынын оюнчулары «кылмыш» кылып кармалып калгандай. Баса, Жеңиш тойго жалгыз келди. Кызыгып жүргөн селкилер болсо, «смело» аракет кылсаңар болчудай...

«Тойду өткөрөбүз деп атам экөөбүз бир топ нерв короттук. Топтолгон стресстин баарын тоюмда досторум менен бийлеп чыгардым».

Уулбү Каныбекова
Бакыт Жумаш уулу
star@super.kg


Санжар Мыкыев: "Тагдыр экен, чогуу болуп калдык"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  17 
Комментарийлер(104)
27.11.2013. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар,кармашкан колунуздар туболуктуу болсун!
SUPER.KG видео
27.11.2013. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула,ардайым бирге болгула!
SUPER.KG видео
27.11.2013. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы бакыт
SUPER.KG видео
28.11.2013. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу болгула издешпей табышыпсынар
28.11.2013. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кошулам баарына
SUPER.KG видео
28.11.2013. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маданияттуу суйлоп, так жакшы жооп берип, сонун маек курушуптур. Келинчегинин ак жоолугу менен келгени жакты. Ыймандуу келин экен. Бактылуу болушсун!
28.11.2013. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула бакыт каалайм
SUPER.KG видео
28.11.2013. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
шустрый парень, жена милая, спокойная. под каблук его не загонит.
28.11.2013. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жоолукту уруксаат берсе эле чечем ден кайын журтуна жакшы намек кылыптыр.
28.11.2013. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар!
SUPER.KG видео
28.11.2013. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсынар ак жоолугун башындан тушпосун тарбиялуу ыймандуу келин экен
29.11.2013. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KkAinus,
http://www.super.kg/media/stv/103795/ ушул шилтеме менен кирип көрүңүз.
Экинчиден, башка сайтты жарнама кылууга тыюу салынат! 3 күн банга!
SUPER.KG видео
29.11.2013. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Классно..... Санжар желаю Вам счастья и много много детей....
30.11.2013. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иий бакыт каалайм )
30.11.2013. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sanjar jubayin menen baktyluu bol.suylogon sozdorunn ayabay iymanduu,ata enenin tarbiyasyn gorgon,uluunu urmattagan jigit ekensin.
SUPER.KG видео
30.11.2013. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактуулу болгула
30.11.2013. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омур дайра оз нугунан бузулбай, Озго жака бакыт кушун учурбай. Экоон курган ушул бакыт оргосу, Туболукко тура берсин ушундай!
30.11.2013. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болуп кармашкан колунар туболуктуу болуп эч качан узулбосун. Жараткан бизди да ушундай бактылуу кунго жеткирсин.
30.11.2013. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куш боонор бек болсун!Санжар точно чын журоктон уйлонгону корунуп турат!бактылуулук каалайм силерге жана баарыбызга!Бизге да ушундай тойлорду насип этсин кудайым!Баса келинчеги аябай татынакай экен!
30.11.2013. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куш боонор бек болсун!Санжар точно чын журоктон уйлонгону корунуп турат!бактылуулук каалайм силерге жана баарыбызга!Бизге ушундай тойлорду насип этсин кудайым!
30.11.2013. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына Санжардын кандай бала экени тоюнда билинип турат Санжарды сыйлаган,баалаган досторуна рахмат!
01.12.2013. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Прическа Өө го а
02.12.2013. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактынар Ала тоодой бийик болсун.
14.12.2013. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тамашоунун балдарынын тойлору абдан "шумно" отот болуш керек, баардыгы биринен бири ашып тушкон балдар! соонун болуптур той, бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
01.01.2014. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы маек болуптур ий
SUPER.KG видео
02.01.2014. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы маек болуптур ийгилик сага Санжар кармашкан колунар эч убакта узулбосун ар дайым кудай кошкон жаштардан болгула кстати маек учун чон рахмат.
11.01.2014. 04:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экообу окшошуп кетет экен,окшошкон жубайлар бактылуу болот дейтго бактылуу болушсун!
17.01.2014. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
на внешность не очень, жена Санжара, может характер хороший. Думала он на привлекательной девушке женится. судьба.
17.01.2014. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара кыздын агынан эмес багынан деген ушул экен да! )))))
SUPER.KG видео
03.08.2014. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула Аялы просто сууупер
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо