Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТҮЛКҮ, БУГУ ЖАНА КАРГА

№577 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж

(Монгол эл жомогу)

Илгери-илгери Түлкү, Бугу жана Карга бир үйдө чогуу, ынтымактуу жашашчу экен. Күн сайын эртең менен үчөө жем издеп ар тарапка кетишет да, кайра кечинде чогулушат. Келгенде ар кимиси өз жаңылыктары менен бөлүшүп, кайсы жерде кандай жем бар экенин бири-бирине айтып беришчү. Күндөрдүн биринде жем издеп чыккан Түлкү олжосуз кайтат. Ошол күнү ал күнүгө курсагын кампайтып, ал гана эмес, кышкыга деп чөп артынып келген Бугуга ичи күйүп, аны жок кылууну ойлойт.
– Бугу, кечээ чоң жайыт көрдүм, чөбү тизеден. Барып оттоп келбейсиңби?!- дейт.
Түлкүнүн сөзүнө ишенген Бугу таң атпай ошол жайытка жөнөп кетет. Түлкү мактаган чөптөн дайын жок, какыраган талаа. Ал аргасыздан «ушунча жол жүрүп келдим, жок дегенде өзөк жалгап кетейин» деп оттоп жүрүп тузакка түшүп калат.
Кеч кирет. Бугу кечиккенинен Карга аны издеп аталган жайытка жөнөйт. Келгенде тузакка түшүп калган Бугуну көрөт. Бугу ага болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берет.
– Болор иш болуптур, Бугу. Мен азыр бул жайыттын ээсине барып, «тузагыңа Бугу түшүп калыптыр, жибиңди даярдап бар» деп айтайын. Сен өлүмүш болуп жатып аласың да, ал бошоткондо туруп качып жөнөйсүң,- деп кеңеш берет.
Аңчы келип Бугуну эки-үч жолу түртүп көрүп, «өлүп калган турбайбы» деп тузактан чыгарып, эс алганы отурганда Бугу тура калып качып кетет. Алданып калганына ачууланган аңчы кайрадан тузагын коюп, үйүнө кайтат. Ошол учурда «булар чоң олжо таап, менден жашырып жатышат» деген арам ой менен келген Түлкү тузакка түшүп калат.
Мына, балдар, бул «бирөөгө ор казсаң өзүң түшүп каласың» деген кептин чындыгы.

Дамира Арстанова
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(2)
28.11.2013. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Классно сказка
30.11.2013. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
туура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо