ТАГДЫР ОЮНУ-3

№577 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Убакыт мага каршы иштеп жатабы же мен убакытка уттуруп жатамбы билбейм, көз ирмемдей тездикте үйлөнүү тоюна даярдыктар башталды. Мен эмне кыларымды билбейм, бөлмөмө камалып алып баягы төрөгөн апамдын каттарын кайра-кайра окуп отурам. «Күнөөлөрүм үчүн сенден да, Жараткандан да кечирим сурайм. Сен менден күчтүү бол, жарыгым. Сен менден бактылуу бол! Чоң энеңдин айтымында, сен акылдуу кыз болуп чоңоюп жатыпсың. Аны угуп, атаңды тартканыңды түшүндүм. Сүрөтүңө карап менин көчүрмөм экениңди билдим. Ошого каниет... Кош. Апаң Гүлай.»
Ушу саптарды кеминде 30 жолу окудум. «Менден бактылуу бол» деген экен бечара аял, бирок андан да бактысыз болорумду кайдан билди. Ал жок дегенде сүйүктүү адамынан кыздуу болуптур, а мен...
Аскат келерин билген күнү үйдөн чыгып, көчөдө басып жүрө бердим. Телефонума чалуулар, билдирүүлөр биринин аркасынан бири келип жатты. Калтыраган колдорум менен жансыз телефонду тиктеп эле тура бердим. Аскат экөөбүз көп келе турган сейил бакка, дал биз отурган жерге келдим да, бүрүшүп эки тиземди кучактап түн киргенче отура бердим. Ал келди! Мен келишин каалабай, көзүн тиктөө мен үчүн өлүм болуп турган учурда да анын мени таап келгенине жүрөгүмдүн бир бурчу тыбырап сүйүнүп жатты. Ал жаныма келди да, үңкүйүп отура берди. Мен билген Аскаттан башка адам жанымда отургансыды. Адатынча кыйкырбады, өкүрбөдү, жинденген да жок. Минтип үнсүз жазалагандан көрө менин колу-бутумду жулуп, туш тарапка ыргытып жиберсе жеңил болбойт беле.
– Эмнеге 50 жолу телефон чалдың?- дедим акыры чыдабай кетип.
– А сен эмнеге жооп бербедиң?
– Кечирип кой...
– Анан?
– Кечир мени!
Башка сөз айта албасымды билди окшойт, Аскат каткырып күлүп жиберди. Ачуу, ыза, какшык толгон күлкүсү бир топко жаңырды да, тып токтой калды.
– Айтчы, ушуну менен баары бүттүбү? Сен бир ооз кечирим сурап коёсуң, анан экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болбогондой эки жолго түшүп кетебизби? Сен үчүн ушундай эле жеңилби? Айтчы, эмне болду?
– Мен...
– Эмне сен?
– Мен ага... турмушка чыгам!
Аскат муштуму түйүлүп барып өзүн араң токтотту.
– Сен андай эмессиң. Өз эркиң менен ушу кадамга барып жатканыңа ишенбейм. Эгерде мен үчүн, мени түрмөдөн сактап калганы үчүн ушундай болуп жатса, мен түрмөдө чирип өлгөнгө даярмын! Мени билесиң го, сен үчүн баарын кылам, сен үчүн оңолдум, адам болдум го. Эмне болду, баарын айтчы?..
Ушу күнгө чейин ойлоном. Мен ошондо баарын Аскатка айтып салсам туура болот беле? Жини менен барып тигини өлтүрүп салмак, аркасынан өзү кете бермек. Анан баары бүтмөк, мен үчүн да, ал үчүн да. Бирок мен айта албадым, коркоктук кылдым, тилимди тиштеп алдында күнөөлүү болуп туруп бердим. Аскат сурай берип тажады. Жини келип ордунан туруп басып кете турган болду.
– Аскоо!
Менин үнүмдү укпадыбы же угуп туруп кайрылгысы келбей койдубу, Аскат кетип калды. Алгач анын кайрылып келишин күтүп жаттым. Мени таштап басып кетиши мүмкүн эмес эле, бирок бир топ убакыт өткөндө чын эле кетип калганын билдим. Жанымдын жартысын жоготуу оңой эмес эле. Түндү жара бакырып-бакырып алдым. Тура калып аркасынан чуркагым келди. Өкүрүп, өксүп, боздоп ыйлап жаттым. Бир кезде темселеп аркасынан бара жатып кулап түштүм. Караңгылык мени курчап алды.
Көзүмдү ачсам, ооруканада жаткан экем. Дагы эсимди жоготуп койгонумду сездим да, кыжалат боло ордуман тура турган болдум. Эшик ачылып, палатага Илимбек байке менен атам кирип келди. Көрсө, мен жыгылып калганда Илимбек байке таап, ооруканага алып келип, атамдарга кабар берген экен.
Бир жумадай ооруканада жатып араң жакшы болдум. Тойду жылдыралы дегендерине караманча-каршы болуп туруп алдым. Мен атамдын үйүндө, Аскаттын жанында турганга кыпындай да акым жок эле. Антип жашай да албайт элем. Аскат бул күндөрү мени көрсө да көрмөксөнгө сала далысын салып бурулуп кетип жатты. Той көйнөгүмдү бөлмөмө алып кирип жатышканын көргөндө да мыскылдуу жылмайып алды. Андан кийин бөлмөмө кирип, көйнөктү сынай тиктеп, шылдыңдуу ышкырып койду. Жүзүнө тик карай албай китебиме үңүлө бердим.
– Хм, жакшы көйнөк экен. Канча турат?
– ...
– Айданек, той качан?
– ...
– Мен сени менен сүйлөшүп жатам.
– Билет экенсиң го, өзүң баарын дайындап жатыптырсың.
– Мен атама гана жардам бергим келди. Ушунча жыл бекер бакканы аз келгенсип...
Кимдир бирөө жаакка чапкандай селт эте түштүм. Ушул күнгө чейин менин бакма кыз экенимди атам да, апам да, Аскат да бир сөз кылган эмес эле. Ошондо гана көзүмдү көтөрүп Аскатты тиктеп калдым. Ал мени эзелки өчү бар адамдай муздак тиктеп турган экен, ичиркене түшүп, кайра карегимди тартып алдым. Ал мага жакын келип эңиле кулагымдын түбүнө шыбырай берди.
– Макул, карындашым, сенин тоюңдун камын мен көрбөгөндө ким көрөт эле?..
– Болдучу, Аскат!
– Болбосомчу, баары бир биздики бүткөн окуя эмеспи. Бирок эсиңде болсун, минтип бүтүп калбайт. Сен мени кандай азапка салсаң, эми мен сенин жашооңду тозокко айлантам. Сенин жана күйөөңдүн... Мени жөн гана калып калат деп ойлосоң, жаңылышасың...
Ушуну айтты да, Аскат чыгып кетти. Кандай ачуу сөздөрдү айтсаң да, мен баары бир эч качан сени жек көрө албайм. Ал тургай мени өлтүрүп койсоң да, миң алекет кыйноого салсаң да мен сени жек көрө албайм.
Мына, ак көйнөк кийген Данек күзгүнү тиктеп турат. Сулуу, муңдуу колукту... Кимдир бирөө башынан сылап жиберсе баа этип бакырып жиберип арманын, кайгысын айтканга даяр Данек... Бирок эч ким башымдан сылабады, эч ким жаным араң илинип турганын байкабады. Күзгүнү тиктеп турсам атам кирди. Коомайлана берип колундагы белегин сунду.
– Кызым, мен көп сүйлөй албайм, билесиң. Болгону бактылуу болушуңду каалайм. Бул чоң энеңдин жакшы көргөн билерик, шакектери. Сен турмушка чыкканда өз колу менен
салам деп жүргөн. Чындык дайыма улуу, туура, сени багып алганбыз. Бирок, кызым, өз кызымды да сендей жакшы көрбөсөм керек. Сен кантип ойлойсуң билбейм, бирок сен менин кызымсың! 
– Сиз менин чыныгы атамсыз!
Мен атамдын моюнуна асылып калдым. Кучакташып турганыбызда атамдын көз жашы менин жүзүмө тамды. Туура, мындан канча жыл мурун бактысыз үй-бүлө дагы бир бактысыз наристени колдоруна алышкан. Башка адамдын кызы экенимди билем, бирок мени кучактап дирилдеп ыйлап жаткан адам – менин эки дүйнөдөгү атам экени чындык болчу.
– Бактылуу бол, кызым!
– Ата...
Сөз айта албай ыйга муунуп турган мени атам жетелей сыртка чыктык. Мына, жарданып менин тоюма келген, кубанып турган эл. Элдин арасында жерден көзүн албай Аскат турат. Көзүңдү көтөрбө, жаным, Данек сенин көз карашыңдын алдында алсыз экенин билесиң. Мага жардам бер! Ансыз бул үйдөн чыга албайм...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
ТАГДЫР ОЮНУ 451-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 452-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 453-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 454-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 455-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 456-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 457-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 458-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 459-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 460-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 461-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 462-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 463-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 464-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 465-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 466-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 467-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 468-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 469-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 470-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 471-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 472-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 473-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 474-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 475-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 476-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 477-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 478-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 479-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 480-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 481-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 482-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 483-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 484-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 485-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 486-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 487-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 488-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 489-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (жаңы сериал) 508-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 509-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 510-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 511-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 512-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 513-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 514-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 515-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 516-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 517-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 518-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 519-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 520-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 521-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 522-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 523-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 524-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 525-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 526-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 527-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 528-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 529-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 530-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 (жаңы сериал) 557-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 558-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 559-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 560-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 561-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 562-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 563-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 564-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 565-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 566-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 567-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 568-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 569-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 570-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 571-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 572-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 573-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 574-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 575-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 576-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 578-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 579-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 580-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 581-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 582-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 583-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 584-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 585-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 586-сан
Комментарийлер(43)
25.11.2013. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх кайран жашоо адам ушунтип оз тагдырын озу тузуп озуну озу бактысыз жан кылып алат да эх чиркин!Данектин абалы абдан окунучтуу болуп жатат. Аскаттын абалын элестетким да келбейт.
25.11.2013. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uuff,kozum jawka tolup ketti((
25.11.2013. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
.....Сүрөтүңө карап менин көчүрмөм экениңди билдим...
Ilimbek da eski taaniwina okwowturup suiup jurot, Aidanek kizi bp jurbosun dagy hmmm
25.11.2013. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bermi, сем туура айттын. Айданек Илимбектин кызы.
25.11.2013. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baha909090, мен да ошентип ойлоп жаткам бирок Данектин апасынын аты Гулай, а Илимбектин суйгонунун аты Айша болуп жатпайбы?
25.11.2013. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да ошеснтип ойлоп жатам)))
25.11.2013. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында бала баккандыкы деген созго эми ишендим. Эмнеси болсо да бактылуу болсун эми
25.11.2013. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан бүтөт,бүткүчө жүрөгүм ооруп бүттү.Айданек менен Аскат чогу болушабы деги аягында?
25.11.2013. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип эле Аскатты таштап кете береби?Неге жашоо мынчалык кыйын э.
25.11.2013. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айданеек башын даана данек экен да.
25.11.2013. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыгы деле жок болуп калды, баягы эле кыйынчылыктар, баягы эле суйуусуно жетпей калган армандар.озунон 10 эсе чон кишиге куйоого тийиштен бакша жол калбай калдыбы? автор ото эле кыйнап салыптыр каармандарды
25.11.2013. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уважаемый автор,как нибудь озгортбосонуз болбойт чыгарманызды,а то биз учун кызыгы да кетип калды,ТАГДЫР ОЮНУНДА эч кимди бактылуу кылбайын-деп чечтинизби? хотя бы Данек менен Аскатты кошуп койунузчу бири-бирине,той
25.11.2013. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хотя бы Данек менен Аскатты кошуп койунузчу бири-бирине,тойду срочно токтотуп))).Аскат баарын тушунмок,Данекти кечирмек.
25.11.2013. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:(((
25.11.2013. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айданек,Аскатка же болбосо апасына айтса баары жакшы болмок...
25.11.2013. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо! Килтейген кишиге, тырмактай баланы...соз жок! Атасы деле каршы болсо болбойт беле?
Бул жагы анча-мынча корей сериалдарын артка калтырды го...!
27.11.2013. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sweet-Lika,
Атасы канча каршы болсо да кыз көнбөй койдуго...
Кызык бир ааз жетишпейт экен.Ачыгын айтпайбы мен кыз эмесмин деп Илимбекти айтпаса да Ким кыздыгын алганын айтпай...
Өмүр бою чал менен бактысыз жашабай
25.11.2013. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Данек деген кечирбейт деп эмес,Илимбекти олтуруп салат деп коркуп атат!
26.11.2013. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ilimbekti koiboit barbir askat
26.11.2013. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul jaktagy okuyalardyn kuramyna bir nerseler awykcha kowulup kalgan eken.
26.11.2013. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да Илимбектин кызы го деп ойлоп атам
26.11.2013. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илимбектин кызы эмес. Илимбекте кыз тургай уйлонгон аялы да болгон эмес. Ал уйлонуп жатканда Айшасы каза болуп, андан сон башка аял аттууну карабай келгенин айтпады беле Данекке.
27.11.2013. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arimaz89, туура айтасын, жанылбасам Данектин атасы уй булоолу болчу ошондуктан апасын таштап кеткен.Жаш Гулайды соблазнять этип туруп таштап салган,ал козел.
26.11.2013. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ilimbek menen ajyrashat, baary bir tuboluk birge bolo albait.
26.11.2013. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidanekten kuunoo jook, Askattyn aiynan myndai ishke baardy...
26.11.2013. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Elder Askatty suiuup kaldym.... Akterlor aktrisalar serial tartsa 1, 2 3, soooonuuuuuuuuuuun bolmok egerde alar myktyy atkaryshsa. Mykty serial bolot Kyrgyzstanda..
27.11.2013. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аягы бактылуу болуп бутсо экен.
27.11.2013. 05:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Данек ай байкуш азаптуу эле кундорго кабылдыгоо... Бул чыгарма ыйлатты
27.11.2013. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аско менин мечтама айлана баштадыыыыы)))барбы ушундай балдар...
28.11.2013. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ech kanday janichildik jok. Kaytalama. Bayagi ele okwow masele, alga4 suyuu kuyuu, andan kiyin ajyrawuu... 1-2- bolugunon e4 kanday ayirmasi jok.
28.11.2013. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык алдыда дагы емне башталат болду екен
02.12.2013. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kichine okwowturup jazsanar. Bul askattyn atasy Aziret 1989 jylky bolso. Emi bul balasy askat mektepti butup uilonup kaldy uje
02.12.2013. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uwunu ech ele aita albai eemi jazyp atam. Azirettin tugoiu askat baawynda kolgo barganda 1989 jylky baldar dep jazylgan anan. Azirettin balasy uje uilonup kaldyby? Siler zamandan ancha aldyga jylyp ketipsiner 2025. 2030 jyldarga kelip kalypsynar.
02.12.2013. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бутуруп эмне кыласынар, и так эле бул жагы окшошпой бара жатат го
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо