УУРДАЛГАН ЫМЫРКАЙ 1000 ДОЛЛАРГА САТЫЛГАН

№577 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж

Гезитибиздин өткөн санында жалпы коомчулукту дүрбөлөңгө салган ымыркайдын уурдалышы тууралуу жазганбыз. Эске салсак, 2013-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкектин №4-төрөт үйүнөн ымыркай уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Көп өтпөй бул кылмышка шектүүлөр кармалып, ага медициналык кызматкерлердин да катыштыгы бар болуп чыкты. Наристе аман-эсен ата-энесине кайтарылып берилип, ага жакындары Октябрь РИИБинин урматына Октябрина деген ысым ыйгарышты.

ОКУЯ КАНДАЙ БОЛГОН?
Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, окуя төмөнкүчө болгон. Үстүбүздөгү жылдын август айында Нуржан Макенованын боюнан түшүп калып, ал бала багып алууга жардам беришин суранып менчик клиникалардын биринде иштеген Бегайым Алиева аттуу дарыгерге кайрылган. Бегайым «өзүм байланышам» деп анын телефон номерин жазып калган. 28-октябрь күнү Нуржанга Бегайымдын атынан өзүн «Бишкектеги №4-төрөткананын ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн дарыгеримин, атым Элмира» деп тааныштырып аталган төрөткананын медайымы Шарапат Мамырканова телефон чалып, аны жолугушууга чакырат. Жолугушуу учурунда ал жаңы төрөлгөн кыз бар экендигин айтып, Нуржандан 1500 АКШ долларын сураган. Экөө соодалашып, жыйынтыгында наристе 1000 долларга бааланган. Анан экөөлөп ымыркайды төрөтканадан кантип алып чыгып кетүүнүн жолдорун сүйлөшүп, медайым кардарын калп эле «оорудум» деп №4-төрөтканага дарылануу үчүн жатууну сунуштайт. Нуржан Макенова анын айтканын аткарып, №15-Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан жолдомо алып, аталган төрөткананын гинекология бөлүмүндө дарылануу үчүн эртеси, 29-октябрь күнү жатат.
5-ноябрь күнү ал «айыгып» үйүнө чыгарда, болжол менен кечки саат 17:00 чамасында Шарапат Мамырканова ага ымыркайды алып келип берип, убадалашкан акчасын алат. Ымыркайды Нуржан Макенова Бишкектеги Асанбай кичи районундагы апасынын үйүнө алып кетет. 12-ноябрь күнү ага Бегайым Алиева өз үйүнөн «Нуржан Макенова 2013-жылдын 6-ноябрында кечки 18:30да салмагы 2 килограмм 800 грамм, бою 49 сантиметр кыз төрөгөн» деген жасалма аныктама жазып берген. Ал аныктаманы Нуржан Макенова Октябрь районунун нике каттоо бөлүмүнө көрсөтүп, ымыркайга Каныбекова Каныкей Бакытовна деген ысым менен туулгандыгы тууралуу күбөлүк алган.

«МЕДИЦИНАЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР БАШКА ДА КЫЛМЫШТАРГА КАТЫШТЫГЫ БОЛУШУ МҮМКҮН»
14-ноябрь күнү Нуржан Макенованын кармалышы менен медицина кызматкерлеринин былыктары да чыгып, жогорудагы ишке катыштыгы барлар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин жетекчиси МЕЛИС ТУРГАНБАЕВ алардын үстүнөн кылмыш иши козголгондугун билдирди:
– Бул кылмышка шектелип Нуржан Макенова, Шарапат Мамырканова жана Бегайым Алиева аттуу жарандар кармалды. Алардын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 124-беренеси (адам сатуу) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камалышты. Шектүү деп кармалган медицина кызматкерлеринин мындан башка да кылмыш иштерине катыштыгы бар болушу ыктымал жана жогорудагы кылмышка башка адамдар да аралашуусу мүмкүн.
Коомчулукта чоң резонанс жараткан бул кылмышты учурда Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмү иликтөөдө. Кылмыш иликтөө жана тергөө бөлүмдөрүнүн тажрыйбалуу кызматкерлеринен топ түзүлүп, алар иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(12)
25.11.2013. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай коор!
25.11.2013. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамдын омуру эч нерсеге тенелбей калды,адамдар эмне эле болуп баратышат.Арзыбыган акча деп эмнелерге гана барышбайт.Ушундай акча керек болсо катар-катар оздору тороп сата беришбейби,ошондо билет адамдын кадырын.
25.11.2013. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айбан го булар! кантип ушул куноосуз баланы кайдагы 1000$га сатышат,соодалашышыптыр еще!картошканы соодалашып жаткандай! керек болсо адамдын жашоосу бесценный! эхх... акча учун эмнеге кана барышпайт , качан бутот ушунун баары....
25.11.2013. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмактар кичинекей наристени саткан зоокурлор буларды камап салыш керек жазасын ошол жакта алышсын мыкачылар
25.11.2013. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу ишке кантип колу барды экен э?
26.11.2013. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айбандар! Козунор акчаны гана коруп калган!
26.11.2013. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өздөрүнүнда да балдарын ойлобогонбукен е айбан экенго бул аяал болуп туруп ушул ишке барганын карсаңар мындайлардан мед айымдар чыкпайт буларды узаак мөөнткө камш керек.
26.11.2013. 06:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн окунучтуусу алар дагы эне го. Эмне сезимдери жок айбандан бетер сенек немелер бейм. ушунчалык кедейчиликтин айынан болсо экен, шугур эле жашашса керек, кантип коркпой бул ишке барды, артын ойлошподуву. Эхх, мин доллар ит арзан акча го? Оздорун, карьерасын, семьясын рискке коюп нак акмак го булар.
26.11.2013. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бироонун ал мончоктой баласын уурдабай, андан корок жетим бала багып алсан эмне болмок. Акмак айнып калган жинди эшектин мээсин жеген десе.
27.11.2013. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сакта эмнедеген шумдук камашса экен бул ташбоор шумшукторду((
27.11.2013. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой тообааа кантип каратып туруп ушундай жаман жолдорго барышат дейм да,кудайдан коркушса болот кичине акча учун адам омурун сатпай.Олуп жатсан да озундун адал,ак эмгегин менен акча таап иште.
30.11.2013. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдан коркпогондор коп бул дуйнодо,ошол кок мээлерди кудай озу жазаласын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо