Роза Шакирова, «Жылдын супер ырчы айымы» наамына талапкер:«ЭРКЕК БОЛСОМ ОШОЛ ЖЕРДЕН ТАМАДАНЫ УРМАКМЫН»

№577 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж

Мукам үнү менен далайларды жашытып, айрымдарын кубантып келаткан ырчы Роза Шакирова быйыл «Жылдын супер ырчы айымы» наамына талапкерлердин бири. Ырчы үй-бүлө менен чыгармачылыгын ийгиликтүү алып баратканын билебиз. Бүгүнкү маекте Роза Шакирова балалыгы, чыгармачылыгы жана сахнадагы кесиптеш-атаандаштарына болгон мамилеси тууралуу кеп салып берди.

– Роза, учурда super.kg сайтында «Жылдын супер ырчы айымы» наамына кызуу добуш берүү жүрүп жатат, рейтингиңизди карап жатасызбы?
– Ушул интернетке такыр жокмун, өзүм катталган эмесмин, колдонуунун жол-жобосун да билбейм. Сиңдим айтып калат, канчанчы орунда келатканымды. Эми буйруганы да, элдин тандоосу кандай болсо, ошого моюн сунабыз. Жеңгенге да, жеңилгенге да даярмын дегендей (күлүп).

– Сиз менен чогуу ат салышып жаткан атаандаштарыңызга көз карашыңыз кандай?
– Карасам баары ушул жылы жакшы иштешиптир. Айжамалдын эки жаңы ырын тынбай угуп жүрдүм, Юлиянын «Аппак сүйүүсү» сонун жазылыптыр, Фарида да быйыл жакшы ыр, клиптери менен кубантты, Чолпонай өзүн мыкты актриса катары көрсөттү. Мен добушумду Айнура Салахидиновага бермекмин, ал чынында эле жакшы иштеди, анан декабрдын аягында көз жарат, сыйлыкты алса, кошумча дем, күч-кубат болмок.

– Бир наамга көрсөтүлгөн ырчы айымдардан сизди эмне айырмалап турат?
– Үнүм болуш керек, ээ? Анан келбетим, «фигуралуулугум» менен айырмаланбасам (күлүп)...

– Кыргызда көпчүлүгү арык болгондон көрө болтоюп жүргөндү жактырышат. Сизде кандай?
– Кичинемде атам мени «сулуу кызым» деп эркелетчү, ошого ишенип алыптырмын да (күлүп). Өзүм толуктугумду кемчилик катары көрүп, көп жерден куру жалак калгам. Сулуулар сынагына катышканда көйнөгүм батпай калчу, же сулуу, арык кыздарды көргөндө өзүм эле уялып барбай койчумун. Азыр жиним келет, ошол убакты кайтарып берсе, ошол сулууларды басып-басып салмакмын (күлүп).

– Арык чырай кыздарды көргөндө кызыгасызбы же аялдык атаандаштык сезими козголобу?
– Мурун сулуу кыздарды көргөндө аябай жаман көрчүмүн, «фуу» деп. Азыр чырайлуу кыз көрсөм «ии, ушул кыз кыргыздын татынакай жигитине турмушка чыкса экен» дечү болдум.

– Музыкага болгон шыгыңыз качан ойгонгон?
– Апамдар айтып калышат, 2 жашымда, үйгө конок келсе, дасторкондо тургандардын баарын кошуп ырдачу экенмин, «кашыгы, вилкасы, табагы» деп. Анан да эсимде, дарыгер болууга аябай кызыгып жүргөм. Бакаларды кармап келип союп, ичине таштарды толтуруп кайра тигип койчумун. Ал кезде темир шприцтер болчу эле, тоокторду кармап алып ошолорго сайчумун. Байкуш тооктор 5 метр баскандан кийин өлүп калышчу. Азыр ырас эле ырчылыкты тандаптырмын деп ойлойм, дарыгер болсом баарын кууратмак экенмин.

– Бетке айткан мүнөзүңүз бала кезде бар беле?
– Билбейм, күйөөгө чыкканга чейин аябай урушчаак, атырылып беттен алган кыз болчумун. «Чачыңды карага боёбойсуңбу?» десе, «Сен кимсиң, мага антип айткыдай?!» деп деле асыла берчүмүн. Күйөөм менен таанышканда эртеси эле чачымды карага боёдум го чуркап барып, катуу сүйсөң ошо экен да (күлүп). Мейли, мен мурун бирөөнү жамандагандырмын, ушак ташыгандырмын, бирок турмушка чыккандан кийин 180 градуска өзгөрдүм. Азыр ал учурду жылмаюу менен гана эстеп коём.

– Мүнөзүңүздө таарынчаактык сапат барбы? Дегенибиз, ди-джей Акыл Ирсалиев, «Кеңеш» тобу тойлорунда сизди таарынтып алдык деп бушайман болуп жүргөндөрүн байкап калдым эле...
– «Кеңеш» тобу той берип жатышканда барып, кошумчабызды берип эле кеткенбиз, менин андан кийинки сааттарга тойго заказдарым бар болчу. Ал эми Акылдыкында ызалангам. Тамада сөзүнөн жаңылып алды. Эркек болсом ошол жерден урмакмын, чын айтайын. Анан иниме телефон чалып «келип кал» дедим. Ал да дароо эле жетип келди. Кафеге кирсем тамада кечирим сурап баштады. «Сен кимсиң?!» деп көкүрөктөн кармап түртүп жибердим. Ага наалып жатам, наалып жатам, айтор, инимдин тамадага боору ооруп кетти окшойт, бизди арачалап койду.

– Ачууңуз чукул экен да, жолдошуңузга кандай учурда жиниңиз келет?
– Жолдошума жинденбегенге аракет кылам. Бирок шаштыра бергени жакпайт да, «Бүттүңбү, келип калдыңбы?» деп чала берет. Анын жини келсе бир күн кечке сүйлөбөй коём, анткени сүйлөп койсоң жини кайра козголуп кетиши мүмкүн. Эртеси тамак-аш, кийимдерин даярдап, шыпылдап калмайым бар. Бирок жинин «жаным, кечирип койчу эми» деп эле жазып алам.

– Уулуңуз Руслан атасына жакынбы же сизгеби?
– Атасы менен жүргөндө кечке мен жөнүндө сүйлөй берет экен. Мени менен жүрүп, атасы жумуштан келгенде «Мен мушкер болом. Атамдын курсагы ач, кана тамак?» деп мени кекетип кирет. Бирок эркек бала баары бир атасына жакын болот экен. Күйөөм экөөбүз аны байкабай эле урушуп калсак, «апа, ата, урушпагылачы» деп жалдырап жиберет. Дароо дым болобуз.

– Үй-бүлөдө ким көбүрөөк табат, сизби же жолдошуңузбу?
– Мен күзүндө жакшы табам, жолдошумдун иши кышында жакшы болот. Жазында, жайында тапкан акчабызды чачып жүрө беребиз (күлүп). Негизи, «акча табабыз» деп өтө эле жулуна бербейбиз, үстүбүздө үйүбүз, курсагыбыз ток болсо болду.

– Жолдошуңуз «дагы аял алам» десе эмне кылат элеңиз?
– Бирөөнү чындап сүйүп, ал үчүн жашоосун өзгөрткөнгө даяр болсо, мен макул болмокмун. «Ага канча жолу барсаң, бизге да ошончо жолу кел» деп талап коймокмун. Кеткиси келген эркек баары бир кетип калат, тескерисинче, жолун ачып койсоң кетпей калышы мүмкүн. Кээ бир аялдар чыдабай, ойго келбеген нерселерди жасап жатышпайбы. Бирок супсулуу болуп боёнуп турсаң да, ал башканы сүйүп жатса не кыласың?..

– Ал эми өзүнүн кызы менен тең селкилерге үйлөнүп жаткан мырзаларга кандай карайсыз?
– Билесиңби, турмушта ар кандай кырдаалдар кездешет. Балким, ал жаш кызга анын колдоосу керек болгондур. Балким, ортолорунда чын эле сүйүү бар чыгар... Мен жакында эле бир жерден окудум, «улуу кишилер жаш кыздарга жаштыктын энергиясын алыш үчүн үйлөнүшөт экен» деп. Экөөнүн жаш айырмасы өтө чоң болгону жаман көрүнүш, бир чети. «Улуу кишилерге тийбегиле» деп жаш кыздарды тыя албайт экенбиз да, ар бирин өз ыйманына койгонубуз жакшы.

– Депрессиядан кантип чыгасыз?
– Маанайым чөгүп турганын күйөөм байкап калса, баламды ээрчитип алып дароо шишкебек жегени жөнөйбүз.

– Маегиңизге рахмат. Супер концертте сизге ийгилик каалайбыз!

«Уулум Русландын артынан үч эмди, андан кийин эгиздерди төрөгүм келет, анткени жолдошум экөөбүз көпчүлүктү жакшы көрөбүз».

«Апам жыл сайын борборго, биздикине келип дарыланып кетет».

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Мен эле сулуумун деп ойлоптурмун" дейт Роза Шакирова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(82)
25.11.2013. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже сизге беш куйобунуз тууралуу соонун жооп берипсиз
SUPER.KG видео
25.11.2013. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Уну жакшы бирок кейпи анча эмес го
SUPER.KG видео
25.11.2013. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Анжеликага добушумду берет эле. Анткени ал быйыл тынбай иштеп, коп эмгек кылды.
25.11.2013. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы көрөм чыгармачылыгыңызга ийгилик!
SUPER.KG видео
26.11.2013. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Ачык жайдары суйлогону жакты!
SUPER.KG видео
26.11.2013. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Жакшы маек болуптур
ачык айтып суйлоптур
26.11.2013. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроолору кантет ботом, жалан жеке жашоосуна кийлигишкенден башканы билбейбиз да биз. Башка чет элдик гезит журналдардагы интервьюларды окуп анан кыргыздын гезитиндеги интерьвьюларды окусам чалкаман кетем да. Бирок эже азаматсыз. Жакшы жооп берипсиз. Мен болгондо чыдабай тактичность кайда деп уруша кетмекмин. Семиздигине, куйоосуно асылыштын кереги жок эле.
26.11.2013. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kolya121212, Уруша кетпей ыймаду бол демекмин.
26.11.2013. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Роза эженин ырлары аябай жагат да. А эмнеге күйөөңүздү элге көрсөтпөйсүз? Балаңыз чоңоюп калыптыр дагы деле күйөөңүздүн сүрөтүн дагы көрөлекпиз. Никеси жок төрөп алгандай болуп жатат. Кечиресиз ыңгайсыз суроомо..
26.11.2013. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Roza aiym meninda dobuwum sizge berem birok maga tooktorgo wpiris saigany jaktyda bir kulup aldymgo
26.11.2013. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишинизге албан-албан ийгилик!!!!!
SUPER.KG видео
26.11.2013. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Жакшы.Жасалмасы жок БОДРО БОДРО суйлогон айымдардан.......Ушунл калыбыныздан жазбаныз!!!!
SUPER.KG видео
26.11.2013. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Тобо кылдым ким мынча минус басып,коро албай жатат.Жон гана каалоо тиектерде не очу бар минус баскыдай????......
26.11.2013. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Роза! Сизди студент кезинизде аябай жалганчы эле дешет,бирок тур мушка чыккандан кийин 180гр озгордум депсиз чын эле озгорсонуз аябай жакшы болуптур!
27.11.2013. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jaryk78, Жалганчы дейби?????
Жакшы деп сыйлап жургон адамын жонундо бир эле жаман соз уксан конулун суууй тушот эээ!((
Бирок,конур уну баарын жууп кетет.
SUPER.KG видео
26.11.2013. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
роза эн сооонун
SUPER.KG видео
26.11.2013. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Ушундай типтеги адамдар жагат
SUPER.KG видео
26.11.2013. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Unu jakwi
27.11.2013. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бомпошка еже экен характер жакты
27.11.2013. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwy yrdaisyz
SUPER.KG видео
27.11.2013. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Дэнгээли ушунча томонбу? Тобоо!!!
27.11.2013. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан..(ФИГУРАМ)))))...жакты ушул тамашаныз...азаматсыз,талантынызды баалайм!
SUPER.KG видео
28.11.2013. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
admin_media саламатсызбы Роза Шакированын "Эски достор" ырын жүктөп коесуздарбы сураныч жана Венера Сатылганованын ырларын
28.11.2013. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты суйлоптур, онорунуз оркундой берсин эжеша. Дайыма ден соолукта болунуз, ошону менен бирге уй булолук бакыт чыгармачылык ийгилик.
28.11.2013. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат кыз!
28.11.2013. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат жакшы ырдайт
29.11.2013. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырдайт чыгармачылык ийгилик уй булоолук бакыт каалайм!
29.11.2013. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза эже убагында Замир деген жигити суйгонсузбу?
SUPER.KG видео
30.11.2013. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Бул эже озу суйлоп, озу куло бериптир, журналистка деле кулуп койсо болмок, как будто следующий вопрос заучивала или вспоминала, чтоли!
30.11.2013. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул эжеге миллион жолу добуш бермекмин....
Аяябай жагат да уну!!!!
30.11.2013. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
обон салып ырдайм десе менда бермекмин ырларымды ушул эженин музыкасына тушот эле
04.01.2014. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык Акыл байкенин тоюнда эмне болду эле
06.01.2014. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanat4ik,
http://www.super.kg/article/?article=23471 бул жакты окуп корсон...
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо