№577 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж
«Ата Журт» фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибеков коррупция боюнча айыпталып 20-ноябрда камакка алынды.
КАНДАЙ КЫЛТАККА ИЛИНДИ?
«Ата Журт» партиясынын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин экс-спикери, соңку тапта «Кумтөр» жана «Кыргызгаздын» тегерегиндеги маселелер боюнча бийликти кескин сындап жүргөн Ахматбек Келдибеков 20-ноябрда түштөн кийин 48 саатка УКМКнын тергөө абагына камалды. Ага 19-ноябрда Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция), 304-беренеси (кызмат абалынан ашыкча пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура иш козгоодон мурун фактылар кылдаттык менен изилденгенин, далилдер жетиштүү экенин айтууда.
«2005-жылы Социалдык фонддун 21 миллион сомдон ашуун акчасын максатсыз чыгымдаган; 2003-2004-жылдарда «Ротак-Бишкек» ЖЧКсына жарандардын жеке камсыздандыруу эсебин бастырып чыгаруу үчүн каражат бөлүп берген; Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда парламенттин эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрдүн иштерин тескөө боюнча атайын өкүл кызматын мыйзамсыз уюштуруп, аны кармоого мамлекеттик казынадан 10 миллион сом чыгымдаган; Салык кызматын жетектеп турган кезинде ыктыярдуу патент боюнча салык төлөөчүлөрдөн салык чогултууну «Бизнес-Партнёр» ЖЧКсына мыйзамсыз берүү аркылуу кызматынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айыптар тагылууда. Депутаттын дал ушул күндөрдө кармалуусу эле резонансты жаратпаса, «Келдибеков камалат экен» деген сөздөр жыл башынан тартып айтылып келе жаткан.
ТАШИЕВ ДОСУНА БИРИНЧИ ЖЕТИП БАРДЫЖогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев Ахматбек Келдибеков менен саясатта гана санаалаш эмес, тээ окуучулук курактан дос болгонун жашырбайт. Камчыбек мырза Ахматбек Келдибеков УКМКга жеткирилери менен артынан барып, кийинчерээк жеке буюмдарынан өйдө жеткирип бергени белгилүү болду. Депутат кармалгандын эртеси, 21-ноябрь күнү Алай районунда жол тосуулар башталып, Бишкек шаарында Ак үйдүн тушунда да Келдибековду бошотууну талап кылган митинг болуп өттү. Депутаттык мандатынан ажыраган Ташиев бул сапар митингчилер менен чогуу Ак үйдүн тосмосунун жанында болуп, Келдибековдун кармалуусу боюнча «бийлик оппозицияны жок кылууну көздөөдө» деген пикирин билдирди. Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар башкы прокурор Аида Салянованын келип, маселенин чоо-жайы боюнча маалымат берүүсүн айтышты. Фракциялаштары «Келдибеков саясий буйруктун негизинде камалды» дешкени менен, жыйында баш прокурорду адаттагыдай кекетип-мокото алышпады. Ар бири өзүнөн чочулай баштаганыбы, айтор, Саляновага карата өйдө-төмөн сөздөр да айтылган жок.
КУРМАНДЫКПЫ ЖЕ КЫЛМЫШКЕРБИ?
Ахматбек Келдибеков өткөн аптада эле «Кыргызгаздын» «Газпромго» сатылуусуна каршы чыккан болчу. Дегеле бул маселенин парламентте ратификациялануусу туңгуюкка алып бара жаткан. Андыктан бул «ата журтчунун» кармалуусу күмөн суроолорду жаратат.
Ошол эле тапта жалпыга анын байлыгы, кымбат баалуу унаалары менен турак-жайлары кызуу талкууга алынып келет. Ахматбек Келдибеков өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп келген аткаминер. Мамкызматкердин айлыгы менен тиричилик кылган адамдын мынчалык бай болушу да кызыгууну туудурбай койбойт.
Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
жаап жашырган дунуйомду таап чыкпасын деп