«Чоро» тобунун көркөм жетекчиси Марат Абылов:«ТҮРКИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫ УЯТ КЫЛБАЙБЫЗ»

№577 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж

«Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «2012-жылдын супер тобу» наамын алган «Чоро» тобу «Turkvizyon-2013» фестивалында Кыргызстандын намысын коргой турганы белгилүү болду. «Супер топ» аталганда «Булар кайдан чыга калышты?» дегендер болгон. Мындай кептерди бүгүнкү күнү «Чоро» тобу жокко чыгарды. Топтун көркөм жетекчиси Марат Абылов менен болгон маегибиз төмөндө.

– Марат мырза, «Turkvizyon-2013» фестивалынын тандоо туруна кантип катышып калдыңыздар?
– Биздин башкы солистибиз Нурболот Теңизбек тандоо туруна аз калганда сыналгыдан көрүп «катышып көрбөйлүбү» деп сунуштап калды, «көрсө көрөлү» деп барганбыз. Фестивалдын талаптары тууралуу жакшы билбей эле катышып алыптырбыз. Биздин стилди билесиңер да, көбүнчө олуттуу ырларды ырдайбыз, ал эми фестивалдын талабы боюнча заманбап ырларды ырдаш керек экен. Ыр тандоодо шашылып бир аз даярдыгыбыз начар болуп калды. Бирок эл бизге ишенип СМС-добуш берүүдө алдыга чыгып кеттик.

– Калыстар тарабынан кандай сын-пикирлерди уктуңуздар?
«Чоро Кожомжаровдун атын алып жүргөнүңөр чоң сыймык» деген пикирлер айтылды. Анан курамдагы жигиттерге «бир аз күлгүлө, музыканын ыргагы менен кыймыл-аракет жасаганга үйрөнгүлө» деген сындар айтылды.

– Фестивалдын алкагында түркчө да ырдасаңыздар керек?..
– Бизге «өз тилиңерде эле ырдайсыңар» деп айтышкан, эми көрөбүз го. Ал жакка продюсер Канат Култаев менен барабыз. Учурда Канат байке түрк тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Өзүбүз да улуу агайларыбыз, мугалимдерибизге кайрылып, кеңеш сурап жатабыз. Эл аралык фестивалга алгачкы жолу катышып жаткандыктан, алардын кеп-кеңеши абдан керек болот.

– Сиздер үчүн жеңиш маанилүүбү же катышуубу?
– Биз үчүн бийик деңгээлдеги искусствону көрсөтүү маанилүү. Эгер чындап эле ошондой деңгээлди көрсөтүп жатсак, анда жеңебиз да.

– Былтыр «Супер-Инфо» тарабынан «Жылдын супер тобу» деп табылгансыңар. Силердин чыгармачылык демиңерге таасир бердиби?
– Бизге наам чоң стимул болду, күчтөнүп иштешибизге түрткү болуп берди. Бул өңдүү наамдар ар бир чыгармачыл адамга дем берип шыктандырса керек.

– Фестиваль жакындаган сайын толкундануулар болуп жатабы?
– Учурда элдин үмүтүн актайлы деп кызуу даярдануудабыз. Чынында, биздин башыбызда ушундай чоң жоопкерчилик турат, фестиваль жакындаган сайын «Кыргызстанды татыктуу көрсөтүшүбүз керек!» деген гана ой менен жашап калдык. Буюрса, Кыргызстанды уят кылбайбыз!

– Топто 7 жигит экенсиздер, сахнага дайым толук курамда чыгасыздарбы?
– Жок, ал ырдын аранжировкасына жараша чечилет, мисалы, аранжировкада комуз жок болсо комузчу чыкпайт, барабан жок болсо барабанчы чыкпайт.

– Силерди сахнадан көп жолуктура бербейбиз. Эмне менен алектенип жүрөсүздөр?
– Биз өзүбүздү жандуу музыканын жактоочусу катары көрсөтүп келебиз. Ошол жандуу музыкага татыктуу бололу деп жыл бою тажрыйба топтоп жүрдүк. Акча табуу үчүн эмес, элге руханий байлык тартуулоо үчүн жайында Ысык-Көлдүн пансионаттарын кыдырып концерт койдук. Кызыгы, быйыл Нарындын Куланак жана Учкун айылдары биригип Арпа жайлоосунда чоң той өткөрүшкөн. Бизди чакырышыптыр, аппаратураларыбызды көтөрүп барып жандуу концерт коюп бердик. Аябай жыргап бийлешти.

– Ырчылар тойлордо мини дисктерин көтөрүп барып, фонограмма менен ырдап, тыйынын алып кете беришет. Сиздерде бул жаатта кандай?
– Башка ырчылар мини дискти көтөрүп барышса, биз аспаптарыбызды көтөрүп баруубуз керек болот. Тойлорго чакыруулар көп болот, бирок биз алдын ала талаптарыбызды айтабыз. Аспаптарды жайгаштырганга шарт болуш керек. Чынында, көп эле тойлордон баш тартып коёбуз, анткени аппаратураларды ташуу убаракерчилиги көп убакытты алып коёт. Топтогу жигиттер мамлекеттик оркестрде ойношот, мамлекеттик иш-чараларга катышышат, андан сырткары окуулары бар. Андыктан убактыбыз ченелүү.

– Аспаптарга кандай кам көрөсүздөр?
– Биз пайдаланып жүргөн аспаптар аябай кымбат, улам жаңысын, жакшысын сатып алганга туура келет. Болушунча аяп, аяр мамиле жасайбыз.

– Топ Күмөндөр Абыловдордун династиясынан куралган дешет...
– Ооба, мен Күмөндөр Абыловду «ата» дейм. Өзүмдүн атам Таалайбектин бир тууган агасы. Ал эми топтогу башкы солистибиз Нурболот Күмөндөр атамдын Теңизбек деген инисинин баласы. Башкаларынын тууганчылыгы жок.

– Кандай учурда эргүү аласыздар?
– Залда отургандар менен сахнадагы артисттердин ортосунда байланыш түзүлгөндө. Биздин музыканттар черткен комуздун ар бир кылынын, барабанчынын ар бир соккусунун үнү угармандын жүрөгүнө жетсе байланыш түзүлөт. Угармандар жыргап угуп отурса сахнадагылар да жандана түшөт эмеспи. Биз мына ошол процесстен эргүү алабыз.

«Быйыл топтон эки солистибиз кетип, орду гитарист Азамат Имашев жана клавишник Нурбек Болотбеков деген жигиттер менен толукталды».

Лунара Бекиева
star@super.kg


“Чоро” тобу: “Turkvizyon-2013" фестивалына даярдык күч”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(23)
SUPER.KG видео
23.11.2013. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсынар Чоро тобу! Ийгилик каалайбыз, женишке жетишип келиниздер! Кыргызстандын желегин желбиретесинер деген ишеничтебиз! Алга Чоро!
SUPER.KG видео
23.11.2013. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Choro" tobuna yigilikterdi kaalaim!!! yrlarynar abdan jagat!!!
SUPER.KG видео
23.11.2013. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Чоро" тобуна ийгилик,ырлары абдан жагат жанан уккулуктуу деп ойлойм...
SUPER.KG видео
23.11.2013. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Голосу абдан соонунго, уккулуктуу.. Чыгармачылык ийгилик ж.а алдындагы конкурста жемиштуу орундарды ээлешинерге тилектешмин..
SUPER.KG видео
23.11.2013. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик жигиттер! былтыр наамды алгандан кийин жок болушуп кеттиби же мага ошондой сезилип жатабы.
SUPER.KG видео
23.11.2013. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар! Ийгилик!
SUPER.KG видео
23.11.2013. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
19-23-Декабрда Туркиянын Эскишехир шаарында 20 мамлекеттин катышуусунда ото турган чон конкурста Чоро тобуна Туркиядагы кыргыздардын атынан ийгилик каалап кетмекчимин! Конкурс 2 этапта отмокчу. 1-жарым финалда 10 олко, 2-жарым финалда 10 олко ат салышат жана финалга 6 олко чыкмакчы. Гран приге татыктуу болгон олко эстафета катары кийинки жылы бул конкурсту оз олкосундо откорот.
SUPER.KG видео
23.11.2013. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин тушунушум бойунча быйыл кыргызстан откозушу керек беле?
SUPER.KG видео
23.11.2013. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар. Силер менен сыймыктанабыз! ийгилик!
SUPER.KG видео
25.11.2013. 06:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Красавчиктер)))))))
25.11.2013. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iygilik jigitter!
25.11.2013. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантри стильде ырдашат го,азаматсынар!
SUPER.KG видео
25.11.2013. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурун коп конул бурбаптырмын, ак эми теледен конкурстун финалын коргондо чын эле жакты Чоро тобу. Азаматтар!
25.11.2013. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фестивалда "Чоро" тобунун жеңиш менен келээрине ишенимим күч. Булардын адамды өзүнө тарта турган магниттик күчү бар сыяктуу. Алардын "Тоолук кыз" аттуу ыры чоңдордун да,кичинелердин да купулуна толот.
25.11.2013. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КТРКдан "толук кызды" ырдаганынарды коргом , чынында эле жакшы чыккансынар,теликтен силер ырдап бийлеп жатканынарды коруп мен да бийлегим келип кетти хехехе))) азаматсынар женишке жеткиле
25.11.2013. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ваау мага аябай жакты финалда ырдаганы.Ушул топтун женгенине аябай кубанычта болдук.
SUPER.KG видео
26.11.2013. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комузчунар жок ккоо
SUPER.KG видео
26.11.2013. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага да аябай жакты Ийгилик Кыргызстандын желегин желбиретип келгиле дагы бир жолу Ийгилик
27.11.2013. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыңар жигиттер! Былтыркы концертте соонун чыккансыңар. Ийгилик жар болсун!
27.11.2013. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
en sonun top!iygilik jigitter!...
29.11.2013. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсынар!туркиядан жениш менен кайткыла ийгилик силерге.
01.12.2013. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик жигиттер азаматсынар алга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо