ДАНИЯР НУРЛАНДЫН МАЯКЧЫ КАРЫНДАШТАРЫН ТАРТЫП АЛГАНДА...

№577 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж

Өткөн күнү – 17-ноябрь
Өткөн орду – Спорт Ордосу
Башталышы – 19:35 (35 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 85 пайызы
Алпаруучулар – Нурзат Токтосунова, Нурлан Насип
Билет баасы – 200-350 сом
Данияр Эрматов бул жылы концерттерден калбай катышып, бир нече клиптерди тарттырып, ырлары радиолордон байма-бай жаңырып жатса эле буга чейин концерт берип жүргөндөй элестетиптирмин. «17-ноябрь күнү студенттердин майрамында тушоо кесүү концертин берет» дегенди угуп жетип бардым. Концертти
«We’ll be» бий тобу ачып берди. Андан соң алпаруучулар Нурзат Токтосунова жана Нурлан Насип сахнага чыга келишти. «Нурзатты го макул, Нурланды эмнеге алпаруучу кылып койгон?» деп оюмду жыйгыча, меникине окшогон таңыркаган ооздорду жаап, «досумдун концертинде кызмат кылайын деп чечтим. Бүгүн мен 3 кызмат аткарам – алпаруучулук, келген гүлдөрдү ташуу, анан албетте, ырдап берем» деп түшүндүрдү.
Сөздүн гүлүн таап сүйлөгөн Нурзат «Атанын уулу, аргымактын кулуну» деп концерттин күнөөкөрүн сахнага чакырганда аппак кийинип Данияр чыга келди. Бийчилердин коштоосунда 2-3 ыр аткарган соң «Даниярдын сахналаш досу» деп Нурмат Садыровду чакырса, али концертке келе элек окшобойбу, сахнага чыкпай алпаруучуларды оңтойсуз абалга калтырды. Конок катары концертке келгендер Алтынай Нарбаева, Анжелика, «Кыз-Бурак» тобу, Mr. Baha, Нурмат Садыров, ошондой эле коңшулаш өлкөлөр Тажикстандан Парвизи Азиз жана Казакстандан Кайсар Кукишов аттуу ырчылар болушту.
Залдын басымдуу бөлүгү эле ошол күнкү майрамдын ээлери – студенттер экен. Ырас, ырчы мынча тушоо кесүү концертин берип жаткандан кийин оригиналдуу сахна жасалгасын да кошо ойлонот эмеспи. Менимче, мындай ой Даниярга келбеген өңдүү. Сахна жалаң жарыктар менен кооздолуп, залдагы көрүүчүлөр түнкү клубда отургандай эле болушту окшойт. Башка шар, жалтыр-жултур, сүрөт сыяктуу кошумча нерселерди көрө алган жокмун. Чыгармачылыктагы агасы Нурлан Насиптин концерттерине окшоштук жараталы дешкенби, бул ирет Данияр да гитара, комуздун коштоосунда жандуу үн менен ыр аткарып берди. Албетте, мындайда толкундануулар болуп, ырлардын ортосунда тыным, жымжырттык өкүм сүрүп жатты. Башында «жардам берип гүл ташыйм» деп жеңин түрүп жүргөн Нурлан гүлдөрдү унутуп калды окшойт, конокко келген Анжелика тыпылдап жөн кетпей жердеги гүлдөрдү жыйнай кетти.
Баарынан кызыгы, Нурлан Даниярдын концертине келгенин унутуп, залдагы көрүүчүнүн баарын «менин күйөрмандарым» деп энчилеп алды эле, кезеги келип сахнага чыккан Данияр гүлгө кыстарып кат алып келген күйөрман кыздарга карап «Нурлан, маякчы карындаштарыңды мен тартып алдым» деп тамашалай кетти. Карындаштары гүл берсе берсин, көнүмүш нерсе дечи, бирок Данияр концертин «чү» деп баштаганда эле жигиттер гүл көтөрүп сахнага каттай баштаганы жылмайтты. Данияр менен кол алышып, баштарын тийгизип кетип жатышканына мен эле эмес, өзү да «концертим башкача башталды го» деп таң калганын жашырган жок.
Концертте Данияр апасына эркелеп гүл берип, ал эми жердеш эжеси Алтынай Нарбаева «чүрпөбүз» деп эркелетип ыр арнады. Бир эмес, эки өлкөдөн бери сахналаштары ат арытып келип катышканын эске алганда, Даниярды айланасындагылар жакшы эле колдоого алып эркелетишти. Эки жарым саатка созулган тушоо кесүү концертке «жакшы» деген баа берип кайттым.

Толик Сынчы
star@super.kg


Данияр Эрматов тушоосун кести

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  18 
Комментарийлер(60)
SUPER.KG видео
19.11.2013. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Чынын айтсам ушундай ырчы бар экенин биринчи жолу уктум.
Концерт жакшы болуптур.
SUPER.KG видео
19.11.2013. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мына иштейт деп Канат Кадыржанды айтыш керек...Жоктон бар кылып суппер концерт берип койду.Башка ырчылардын концертинде даже мына киши болгон эмес.Ишиниздерге ийгилик.
SUPER.KG видео
19.11.2013. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
алыста жургондо интертетке чооонрахмат айтабыз себеби мекенибиздеги жанылыктын баарысын билип турабыз ал эми даниярга ден соолук чыгармачылык ийгилик каалайм
SUPER.KG видео
19.11.2013. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ушул ырчынын обону жакшы экен, уну да уккулуктуу. Россия жергесине да концерт койуп кетсинчи.. супер инфонун жамааты айтып койунуздарчы! буду рада!
SUPER.KG видео
20.11.2013. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
men kordym bardym jakshy boldu, komuz menen yrdagan jeri jokko?
SUPER.KG видео
20.11.2013. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Azamat! Kyrgyzymda silerdei talanttuu yrchylar baryna syimyktanabyz.
SUPER.KG видео
20.11.2013. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
урматтуу админ чын эле комуз гитара менен ырдаган жери жокко? Аны кайдан тапсак болот. Аябай жакшы ырдады мага жакшы ийигилик сага Данияр
SUPER.KG видео
20.11.2013. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
супер ырчы болушунду каалайм
SUPER.KG видео
21.11.2013. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай гана бактылуу бир күнүң э, азаматсың, кудай берген талантыңдын үзүрүн көрө бер.
SUPER.KG видео
21.11.2013. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
туура айтасын башка аттуу баштуу ырчылардыкынанда жакшы болду бул концерт
SUPER.KG видео
21.11.2013. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оппппппппппппппаааааааа соннннннун болуптур Данияр байкени суйом гоо суйом
SUPER.KG видео
21.11.2013. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырларынын бааааааары жагат. Озгочо мага бардык костюму жакты.
SUPER.KG видео
21.11.2013. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
голосу аябай жагат, Данияр байке аябай старательный экен канчалаган сонун клиптерди Салам бишкек кино комедиясын 2 жолу тартканга улгурду просто слов нет
SUPER.KG видео
22.11.2013. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozy jakshy balada oshogo konsertti da jakshy boldu, azamatsyn Daniyar Ermatov
SUPER.KG видео
23.11.2013. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kani86
сен ушул мин кыялда бийлеген бир кыздын родственниги окшойсун.
Это хорошо что они танцуют , кудайым но надо же и уметь танцевать!
Колумдан келген учун айтып жатам дааааааа!!!!!!))))))

SUPER.KG видео
23.11.2013. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NADUW!
эн туура айткансыз! мен кошулам сизге!!
25.11.2013. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы откон окшойт концерт,биздин Толик сынчыбыз,анча сындабаптыр.
25.11.2013. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aruuzat88, :)))Болбосо чү дегенде эле сындарды жаадырып баштайт эле десеңиз
26.11.2013. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
VIK, анча жамандабай калыптырда ошого сындаганы жакпай калдыбы Толиктин,мактасада жакпайт да э?
25.11.2013. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээх ушул театрда канчалаган концерттер отот,арендасын жакшы эле алышса керек...Сахнаны сонун кылып ондоп,туздосо болобу?!Байкуш ырчылар шар,же оздорунун суротторун илишет,качан корсон сахнадан буу чыгарып коюшат болду башка эч кандай озгочолук жок!!!
27.11.2013. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jypara1415, siz adashyp aldynyz okshoit. bul teatr emes Kaba uulu Kojomkul atyndagy sport ordosu. alardyn bolso ozdosrunun problemalary barda bul mamlekettik jaiga okmot tarabynan akcha karalbait imish. oshentseda azyr sport ordosuna ondop tuzoolor bolup jatat.
25.11.2013. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы концерт болуптур азаматсын чыгармачылык ийгилик дагы коптогон ырларды кутуп калабыз
25.11.2013. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да аябай баргым келген болчу тилеке каршы бара албай калдым. Концерт суппер болуптур Данияр байке молодец из
25.11.2013. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul kim
26.11.2013. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
mikatagaev, ошо десен азыр жаандан кийинки козу карындай болуп ырчылар кобойду го.Бир сахнага чыгып ырдап алса, анан киного тартылат,алпаруучу болот.Ырларынын омуру кыска, бир укканга жарайт анан унутулат.Таалай Бектурганов,Б Борбиев,Д Акулова ырчы деп ушул инсандарды айтса болот.Азыр 2-3ыр ырдап уй,машина алып анан эле жок сыйпалап кал деп жок болуп кетишет,мисалы С Садыралиев,М Иманбеков.Жарк этип жанган жылдыздай болуп калды да биздин азыркы ырчылар.Маякчы кыз ырын укса купулума толбоду.
26.11.2013. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Н Насиптин ыры .Бул менин жеке пикирим.Роза Аманова,Асхат Мусабеков,Роза Шакирова ырларын уксан журогун толкуйт.
27.11.2013. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эн жакшы болгон мен баргамын. Урматтуу супер инфонун жамааты, Толик сынчынар картайыптыр башка сынчы тапкыла, адамдар 110% болуп батпай калган болчу а бул жерде 85% деп жатат Толик сынчы. А сонкуткабарлар деген болумдо элдер 99 пайыз келди деп жазыпсыздар, ошондо кай жагы туура?
27.11.2013. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
билетти мен 600сомго алгамын а толик сынчы 200, 350деп жазыптыр
29.11.2013. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
шикарный концерт болгон, мага аябай жаккан
29.11.2013. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тузук, тузук жакшы концерт болуптур. Азаматсын Дания, дагы да оркундой бер. Дайыма бар бол, чыгармачылык ийгилик...!
30.11.2013. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мага аябай жаккан, Данияр талыкпай иштейбер!
30.11.2013. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анжеликанын кыймылы жакты...
30.11.2013. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сахнанын жасалгасынын жоктугу гана бузур коюптур калганы мыкты азаматсын ийгилик.
SUPER.KG видео
21.12.2013. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да мага да жакты супер соз жок
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо