№577 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж
Учурда Супер концертке даярдык күч. 13-14-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүүчү концертте жылдын мыктылары гана аныкталбастан, жарым жылдан бери жүргүзүлүп жаткан «Супер сулуу-2013» сынагынын жыйынтыгы чыгып, сулууга берилүүчү таажы өз ээсин табат. Финалчылар катуу десек жарашпай калат, өтө катуу даярданышууда. Алар келбетине кам көрүү үчүн сууда сүзүү менен машыгып жатышат. Төмөндө ошондой даярдыктын бир үзүмү.
Концертке келип, жагымдуу ырларга сугарылып, сулуулардын ажарына суктанганды эстен чыгарбаңыз.

Буга байланыштуу борборубуздагы 69-бассейндин администратору АКЫЛБЕК ТЕМИРБЕКОВду кепке тарттык.
– Акылбек мырза, сынактын катышуучулары бул жерде келбетине кам көрүп жатышат. Бассейндин ден соолукка пайдасын айта кетсеңиз...
– Сууда сүзүү адамдын чыйрак, сымбаттуу болушуна жардам берет. Андан тышкары кардарларыбыздын арасында дарыгерлердин жолдомосу менен келгендер да бар. Бассейнде сүзүү сколиозго, грыжасы барларга өтө пайдалуу. Ал көп кыймылды талап кылгандыктан, көп энергия сарпталып, арыктоого алып келет. Организмде зат алмашуу жакшырат. Ошондой эле адамды психикалык чарчоодон арылтат.
– Жабык бассейн менен ачык бассейндин айырмасы эмнеде?
– Жабык бассейн асман алдындагыга караганда таза болот. Анткени көчөдө чаң-топурак көп болуп, суу тез кирдейт. Бишкек боюнча суусу тез-тез алмаштырылган таза бассейн биздики болуш керек. Төрт сезон бою токтобой иштейт. Бассейндин четинде чыпкалар турат. Ичиндеги сууну эки жумада бир алмаштырабыз.
– Сууда сүзүүнү үйрөтөсүздөрбү?
– Эгер адам таптакыр сүзгөндү билбесе, эки жумада өздөштүрөт. Эң негизгиси, суудан коркпош керек. Анан тең салмактуулукту жана денени бош кармоону, буту-колду иштетүүнү үйрөтөбүз.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-5
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Орунгулбу???
Баарыңар эске алып койгула, кайталанса чара көрүлөт!
орунка алга