Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бодибилдер Айсулуу Карынбаева:«АЯЛ КАНЧАЛЫК МАШЫКПАСЫН, ЭРКЕКТЕРДИКИНДЕЙ БУЛЧУҢ ЧЫКПАЙТ»

№578 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж

«Бодибилдинг» деген сөздү укканда булчуңдуу, кан тамырлары көөп чыккан «дөөнү» элестетет эмеспизби. Ал эми бодибилдинг менен кыздар да машыгат десе, кандай ойдо каласыз? Бүгүнкү биздин каарманыбыз бодибилдинг менен машыгып, бир нече мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон АЙСУЛУУ КАРЫНБАЕВА болмокчу.

КАРЫНБАЕВА АЙСУЛУУ ТҮЛӨКАБЫЛОВНА
Туулган жылы, күнү
– 1984-жыл, 14-январь.
Бою – 160 см, салмагы – 55 кг.
Жетишкендиктери – Пауэрлифтинг боюнча КРнын 3 жолку абсолюттук чемпиону (2010, 2011, 2012); Бодифитнес боюнча КРнын чемпиону (2013); Бодибилдинг жана бодифитнес боюнча Азия чемпиондугунда 3-орун (2013).
Жактырган спортчусу – Ронни Коулмэн, Кевин Леврон, Кай Грин (үчөө тең америкалык профессионал бодибилдерлер).
Билими – Жусуп Баласагын атындагы КМУнун юридика факультетин аяктаган.

«КИЧИНЕМДЕН СПОРТКО ЖАКЫНМЫН»
– Мен кичинемден эле спортко жакынмын, гимнастика, жеңил атлетика жана сууда сүзүү боюнча машыккам. Спорттук түзүлүштөгү денелер жаккандыктан, денемди чыңдоо үчүн бодибилдинг менен машыга баштагам. Бодибилдинг жана бодифитнес боюнча мелдештер сулуулар сынагын элестетет. Кыздар кооз купальник кийип, макияж жасатып, чачтарын жасалгалап сахнага чыгышат. Көрктүү басып, жылмайып судьяларга жана көрүүчүлөргө таасир калтыруу керек. Судьялар кооз иреттелген булчуңдарына, сулуулугуна, сымбаттуулугуна жана басыгына карап баа беришет.

«МЕЛДЕШ АЛДЫНДА КҮНҮНӨ 2 МААЛ МАШЫГАМ»
– Мелдештер ортосунда жумасына 3-4 жолу 1,5 сааттан, ал эми ага даярдануу учурунда күнүнө 2 маал машыгам. Даярданып жатканда үй-бүлөңө, досторуңа көңүл бөлгөнгө убакыт болбой калат. Убактыңдын көбү машыгууга жана организмди калыбына келтирүүгө кетет.

«СЫРТКЫ КЕЛБЕТ ДИЕТАДАН КӨЗ КАРАНДЫ»
– Ар бир бодибилдердин өзүнүн тамак ичүү рациону болот. Белгилүү бир чектөөлөр гана болбосо, мен кадимкидей эле тамактарды ичем. Жемиштерден жашыл алма, грейпфрут жана лимон гана жейм. Бодифитнес менен машыгып баштагандан бери көбүрөөк эт колдонуп калдым. Куурулган тамактардан баш тартып, кайнатылган тамактарды ичем. Сулу боткосун, айран жана быштакты аябай жакшы көрөм. Мелдеш өтүүчү мезгилдерден башка убакта эмне кааласам, баарын жегенге өзүмө мүмкүндүк берем, бирок диета кармайм, себеби сырткы келбет диетадан көз каранды. «Сушка» (ашыкча майлардан арылуу, бирок булчуңдарды сактап калуу) кылуу да жеке өзгөчөлүктөн көз каранды. Меники болжол менен жарым жылга созулат.

«МАШЫГУУ МЕНЕН АЯЛ КЕЛБЕТИН БУЗБАЙТ»
– Протеин булчуңдун өсүшүнө жана калыбына келиши үчүн өтө зарыл. Ал кишинин организминдеги клеткалардын түзүлүшүн камсыздоочу аминокислоталарды ташыйт. Протеин деп белокту аташат, ал быштакта, айранда, жумурткада жана башка бардык эле тамактарда ар кандай өлчөмдө болот. Эң башкысы, организмди туура тамактанууга жана тамактануу режимин сактоого үйрөтүү керек. «Эркектердей машыгуу аялдын сырткы келбетине терс таасир тийгизет» деген – болбогон сөз. Аял менен эркектин гормоналдык структурасы ар башка. Ошол себептүү аял «машыгуу менен кебетемди бузуп алам» деп коркпой эле койсо болот. Аял канчалык машыкса деле, эркектердикиндей чоң булчуң чыкпайт.

«КИЙИН МАШЫКТЫРУУЧУ БОЛОМ»
– Мелдештерге даярданууну күндө залга барып машыгуу, туура тамактануу, мелдеш үчүн керектүү купальниктер, грим жана спорттук кошулмалар деп түшүнсөк болот. Мунун баары көптөгөн каржыны талап кылат, ошондуктан спортчу үчүн демөөрчүсү жок оор. Бизде бодибилдинг менен машыккан, мелдештерге катышып жүргөн кыздар бар, бирок кыргыз кыздарынан жалгыз эле менмин. Карьерамды аяктагандан кийин машыктыруучулук менен алектенсем деген оюм бар. Жеке жашоом тууралуу айтсам, турмушка чыга элекмин. Аны ойлоого убактым да жок, бардык убактымды негизги жумушума жана машыгууга жумшайм. Бардык эле кыздардай мен да үй-бүлө күткүм келет, бирок, «биз божомолдосок, Кудай жайгаштырат» демекчи, бардыгы Кудайдын эркинде.


Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(39)
02.12.2013. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
emi bul kyzdyn da beshenesine jazgany bardyr baldarga jakpait dep ele kritikovat ete bergen tuura mes ko, bul degen sporttun bir turu da oshoncho emgektenip jetishkendikterin baikasangar birinchi
02.12.2013. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат кыз экен ай,
азыр деген эркектин ролун аял заты аткарып калбады беле :-))
02.12.2013. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстандын желегин желбиреткени учун да сыйлап коюшубуз керек.Жашоосунда кадимки эле кыз кадимкидей эле торойт да.Кантсе да ийгилик!
02.12.2013. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага жакты татынакай кыз экен.Ийгилик каалайм!Кыргызстандын желегин желбирете бер!!!
02.12.2013. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
озу жакшынакай эле кыз экен
02.12.2013. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat!!!men da ayabai kyzygam press kylganga
02.12.2013. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
A emnege denesi kara,beti ak?
02.12.2013. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aminali, булардын атайын денесин майлап,карамтыл кыла турган майлары болот. Ошон учун денеси карарып,жылтырап,булчумдары жакшы байкалып турат.
02.12.2013. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aminali, анткени подуимга чыгарда атайын кремдерди суйкошот булчундар жакшы корунуш учун
02.12.2013. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик сага! Ар дайым жеништин устундо,ктрнын желегин желбиретип журо бер! Менимче,кыкенбайдын кыздарынан бир эле сен окшойсун,бул спорттун туру боюнча? Азамат.
02.12.2013. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
maga tiyse men alat elem
03.12.2013. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Timur02, кичине кечигип калдында аттин ай, жакында эле турмуш жолуна тушту.
03.12.2013. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу, ийгилик сени ар дайым коштоп журсун!!!
03.12.2013. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба жакшы эже. Убагында бирге тактап айтканда бир имаратта чогуу машыкчубуз. Айсулуу эже сизге ийгилик.
03.12.2013. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
спорттун башка турлору да копго машыгатурган. ушуну тандаптырбы
03.12.2013. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай аялын болсо, олдун да...
04.12.2013. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мусулмандарга мындай спорт туура келбейт
04.12.2013. 05:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
малотчик алга
04.12.2013. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздардан да ушундай машыккан кыздар чыга баштаганы жакшы! Алга!
04.12.2013. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодца. Мунозу да чечкиндуу, эркек муноз болсо керек. Анча-мынча биздин былжыраган кыргыздын эркектерине улгу.
04.12.2013. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а так сулуу кыз экен!удачи!
05.12.2013. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ийгиликтерге жетише бериниз. бирок кыздар назик кыздай болгону жакшыгоо деп ойлойм.
05.12.2013. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
негизи эле жакпайт аял киши бодибилдинг менен машыканы.билбейм менин вкусума туура келбейт эми бул кызга жагат экен а бирок жашы 30га чыгып калыптыр анан качан турмушка чыгып качан торойт?карыса деле денеси ырансуук болуп калса керек.ийгилик кандай гана болбосун
05.12.2013. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин каада-салт, урп-адат кайда кеткен.
05.12.2013. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул мен учун жанылык, аззамат кыз экен
06.12.2013. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах проклял таких женщин не для этого создал женщин .Аллах создал женщин нежной красивой чтобы она родила много детей и воспитала их .Пророк Мухаммад с.в.с сказал : Эсли женщины будет одеваться как мужчина и не слушает мужа и не подчиняется ему тогда она не чуствует запах Рая . А запах Рая чуствуется ростаяние 500 тысячи лет .Пусть Аллах простит всех нас и наших матерей дочерей сестёр и сестрёнок и мы все попали в Рай Иншаллах .
06.12.2013. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле ушул кызбы?
06.12.2013. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул озунун суротубу?
07.12.2013. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aqua-94mema, jok, koshunasynyn surotu))
08.12.2013. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бул кыздарды кучактаганда накта эркекти кучактагандай болосунда кош алмасы да катып калса керек ее
08.12.2013. 06:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alatookg312, Куйоосунон сурап корбойлубу
08.12.2013. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аял деген аялдай эле болсо,,,,,тарамыш болбой,
08.12.2013. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял деген аялдай эле болсо,,,,,тарамыш болбой,
08.12.2013. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооооуу мындай сулууга уйлонгон эркек тушунон чочуйтко.
08.12.2013. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу! сага дагы коптогон ийгиликтерди каалайм! Молодец!!! "ББ"ны тушунгондор да бар тушунбогондор да бар...
09.12.2013. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассаламу алейкум мусулман бир тууган бул спорт мусулман кыздарыбызга туура келбейт.Мусулман аял заты хиджап кийип денесин жаап жургондун ордуна,денесин ачып корсоткону туура эмес.Неге андай? ыйманыбызды жоготтукпу. же динден тушунугубуз жокпу?айтоор кыйын Жаратканыбыз АЛЛАХ ТААЛА журогубузго бекем ыйман берсин
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо