Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КЕЛИНЧЕГИ БАШКА ЖИГИТ МЕНЕН КЕТИП, УУЛУМ АСЫНЫП АЛДЫ»

№578 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж

Кеңсебизге башынан ар кандай тагдырды кечирген адамдар келишет. Бул ирет Бермет Жусубалиева аттуу айымдын көз жашын тыя албай айтып берген тагдырын угуп, сөз айтууга жарабадым. Анын баянына сиз да күбө болуңуз.

«БАТИРДЕН БАТИРГЕ КӨЧҮП ЖҮРДҮК»
-Мен Кара-Кулжа районунун Терек айылында туулгам. 2 эжем, 2 агам бар. Үйдө кенжеси элем. 4 жашымда апам каза болуп, өгөй энемдин колунда чоңойдум. Ал өз баласындай бакты. Окуучулук күндөрүм да жакшы өткөн. Атам согушка катышкан, 1-топтогу майып болсо да, бизге жетим ашын жедирип, жетим кийимин кийгизбеди. Бактылуу элем. Бирок жогорку окуу жайына тапшыра албай калдым. Ата-энем мен жактырбаган балага мени турмушка беришти. Тагдырдын көр азабы ошондо башталды.
Күйөөмдүн чечкинсиздигинен 6 ай гана жашап, 6 айлык боюмда бар кезде ажыраштык. Кыз төрөдүм. Жолдошумду күттүм, бирок келген жок. Үмүтүм үзүлүп, бала бакчада иштеп, кызымды жалгыз тарбиялай баштадым. Кийин кызымды апамдарга таштап, өзүм шаарга келдим.
Шаарда иштеп жүрүп бир жигит менен таанышып, ага турмушка чыктым. Ал да жетим бала экен. Бири-бирибизди жакшы түшүнүп турсак да, кыйынчылыкты көп тарттык. Үйүбүз жок, батирден батирге көчкөн күндөр көп болду. 5 балалуу болдук, эркек киши эрксиз болот экен, турмуш кыйынчылыгын көтөрө албадыбы билбейм, ичкиликке берилип кетти. 5 баланы багуу, алардын келечегин ойлоо жалгыз менин мойнумда калды. Бирок балдарымды ачка калтырып, жыртык кийим кийгизген жокмун.

«АЛТЫ БАЛАМДЫ КАНАТЫМА КАТЫП КАЗАКСТАНГА ЖУМУШ ИЗДЕП КЕТТИМ»
-1991-жылы таянар атам каза болду, өгөй энем туугандарына кетип калды. Алардын колундагы кызымды өзүмө алдым. Аябай кыйналганымдан, 6 баламды таштаарга адам жок, канатыма катып иштегени Казакстанга жол алдым. Ал жакта 4 жыл тамеки өстүрүп иштедим. Казактар акыбызды жарытылуу деле төлөшпөгөндүктөн, жыргап кеткен жокпуз. Балдарымды ар жерде сүйрөп иштеп жүрдүм. Кыргызстанга келсем баягы эле көрүнүш экен, жолдошумдан дайын жок. Туугандарынан сураштырсам, алар да билишпейт. Жумуш жок, жашоо кыйын. Казакстанга кайра кеттим.
Улуу кызымды казактар ала качып кетишти. 7 ай жашап, бирок көнө албай кайра келди. Ал да көз жарды. Төрөт учурунда дарыгерлер жакшы карабай, төрөгөндөн кийин ичинде шишик пайда болуп, операция жасашты. Ал учурда бир казактын колунда иштеп жаткам, ал киши жакшы эле, акыбызды өз учурунда берип турчу. Баары өз нугуна түшө баштаганда кызым ооруп калып, тапканымдын баары ага жумшалды.

«МЕНИ БАГАТ ДЕП ҮМҮТТӨНГӨН УУЛДАРЫМ КАЗА БОЛУШТУ»
-Кыргызстанга келип, бир жылдай жүрдүк, турмушубуз жакшы жакка бурулбады. Казакстанга кетүүгө мажбур болдук. Ижарага жер алып капуста эктик. Ошондон бир аз көтөрүлө баштадык. Экинчи кызымды сүйлөшкөн жигитине турмушка бердим, балалуу болушту. Баласы 9 ай болгондо күйөө балам кан басымы көтөрүлүп каза болуп калды. Анын да апасы өгөй экен. Кыйналып-кысталсам да неберемди өзүм багып алдым. 4 кыз, 2 уулум бар болчу, азыр 3 кызым турмушта, 1 кызым мени менен жашайт. Мени багат деп үмүттөнүп жаткан эки уулум тең каза болуп калышты.

«ЖАКШЫ КҮНДҮ КҮТКӨН САЙЫН АЗАП-КАЙГЫДАН АРЫЛБАДЫМ»
-Мен турмушта кыйынчылыктарды көп көрдүм, уулдарымды жоготкон учурлар адам көтөргүс азап болду. Биринчи турмушка кадам койгондон баштап жакшы күндөрдү, бактылуу жашоону күтүп келем. Жакшы күндү күткөн сайын кыйынчылык, азап биринин артынан бири келип жатат. Аялды алсыз кылып жаратканы менен, жаны темирдей тура. Баарын көтөрүп келатам.
Чоң уулумду Казакстанда жүрүп үйлөндүргөм. Казакстандан келип, Орусияга иштегени кеткем. Ал учурда экинчи уулум Мухаммед Бишкекте иштеп жүргөндө Нуржамал деген кыз менен сүйүшүп калыптыр. Келсем «апа, мен үйлөнөм, сүйлөшкөн кызым бар» деди. «Коё тур» дегениме көнбөдү. Биз Ош шаарында жашап калдык. Анан былтыр декабрда жолдун алыстыгына карабай ал кыздын туугандарынын астына барып, макулдугун алганбыз. Эмнегедир туугандары кайра каршы болушту. 10 күн өткөндө кыз өзү балама телефон чалып «мен сени менен кетем, алып кет» дептир. Балам «апа, чакырып жатат, барып алып келейин» деп оолугуп алган. Анан өздөрүнүн макулдугу менен ала качып келип үйлөндү. Туугандары да келип, сыйыбызды көрүп кетишти. Экөө жакшынакай жашап жүрүшкөн, базарда самса жаап иштешчү. Орусияга кетебиз дешкенинен төркүлөтүп коёлу деп төркүнүнө алып барып келдим. Бир күнү базарга кетсем, келиним буюмдарын алып үйдөн качып кетиптир.

«МЕН БАСКАН ЖОЛДО АЗАПТЫН ГАНА ИЗИ КЕЛАТАТ»
-Келиниме эч ким эч нерсе деген эмес. Качканына эмне себеп болгонун билбей калдык. Балам аны угары менен жумушун таштап, Бишкекке кетүүчү таксилерден издеди. Таппадык. Ызы-чуудан кан басымым көтөрүлүп, ооруканага жатып калдым. Келиним курбусунун үйүнөн табылды. Ооруканадан чыксам уулум «Нуржамал кетем деп жатат, салып жиберейин» дейт. Келиним менен сүйлөшсөм «мени кечириңиздер, кетейин» деп чыгып кетти. Балам кетиргиси келбей, экөө шаар айланып эки күн жүрүштү. Узатып келип, уулум аябай ыйлады. «Артынан барып жашайм. Сиз кабатыр болбоңуз, иштеп, акча салып турам» деп аялынын артынан кетти. 10 күндөй жүрүштү. Батир даярдап, экөөнө тең жумуш таап, келинчегине барса, «мен үчүн убара болбо, башка жигитим бар» дептир. Балам аны көтөрө албай асынып алыптыр. Анын азабын тартып, жылдыгын өткөрөлү деп жатканда чоң уулум жол кырсыгынан каза болду. Жакында эле кыркын бердик, эч нерседен үмүтүм калбады...
Улуу уулумдун артында келинчеги 2 уул, 2 кызы менен калды. Ушул күнгө чейин балдарым деп жашап келсем, эми неберелерим деп жашап калдым. Кайсы күнөөм үчүн мынчалык азап тартып жатканымды түшүнбөйм. Мен баскан жолдо ар бир кадамымдын артында азап менен кайгынын изи калып жатат...

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(72)
02.12.2013. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бог сверх силы не дает.деп коюшчу беле.Кудай сизди кучтуу кылып жараткан.бул да болсо сыноодур.
02.12.2013. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jakwu kun sozsuz kelet jabyrkap 4ogulbonuz
03.12.2013. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже сабыр кылыныз! Булдагы Алла Тааладан берилген сыноодур.Алла Таала жакшы коргон пенделерине сыноо берет!
03.12.2013. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эже жакшылыктан эч качан умутунуз узбонуз. Алла Таалам жараткан пендесине берээрин унутпайт. Сизге сабыр берсин..
03.12.2013. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ejeke jakshy korgon pendesine ar kandai synoolordu berip synait eken owogo sabyrduuluk menen chydagan pendezine ozunun en sonun belekterin daiardap turat eken kudaiym kaalasa sizdin baktyluu kundorunuz aldyda bir gana sabyrduuluk kyla beriniz jaw kezinde solkuldap ozunon ketip gopkon kelininizdi kudaiym ozu jazalait
03.12.2013. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
okup alyp jyrogym ooryp ketti.
kudayum ai ,arbir adamdy batalasan eken.
03.12.2013. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде сиздин күнөөңүз жок...Тагдырдын
жазганы.. Кудай Таалам үчүн бардык адамдар бирдей. Ар бир адам анын сыноосунан өтөт. Байкашымча ат көтөрө алгыс оор күндөр башыңыздан өткөн экен. Сабырдын түбү сары алтын дегендей сабыр кылыңыз, эжеке! Неберелелериңиздин өмүрүн тилеңиз! Балдарыңыздын,жолдошуңуздун калган өмүр
03.12.2013. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oto ayanychtuu eken.......sabyrduu bolunuz.
03.12.2013. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото кыйын экен сабырдуу болунуз бул кунда отот сизгеда жакшылык жылмайат
03.12.2013. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайраттуу болун,баатыр ене екенс неберениздин урматын корун.
03.12.2013. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже сизге сабыр берсин бул дуйнодо жаман жашасаныз, тигил дуйнодо жакшы жашайсыз
04.12.2013. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже сизге сабыр тилейм.Жакшы кундордон эч умут узбонуз а балдарыныздын бейишин берсин.
04.12.2013. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым сизге сабыр берсин жакшы кундорунуз али алдында жашоого болгон умутунузду эч узбонуз
04.12.2013. 06:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым ушул эжеге, жакшылыгындан бере корчу суранам.Бээ куноо адамды мынча кыйнабачы суранам!!!
04.12.2013. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буюрса, баары жакшы болот эже.
04.12.2013. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын, эч кимдин башына мындай окуяларды жазбасын кудайым. Баары жакшы б.п кетет эжеке, неберелериниздин урмат сыйын корос. Кыйынчылыктын артынан, жыргалчылык деп койушат. Баардык жакшылыктар али алдыда, жашоодон умут узбозун эже!
04.12.2013. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынында эле оор турмушту башыныздан откорупсуз!Кайгыларынызды тен болушобуз!сизди да жакшы кундор кутуп турат баары алдыда!эч качан бош келбениз!кайраттуу болунуз!эже!
04.12.2013. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым суйгон пендесине азапты коп берет дейтго балким эми жакшылык кундорду неберелеринизден корорсуз,кудай жакшылыгын жонотот буга ишенин умутунузду узбон эже, буйруса баары жакшы болот бул кундорунузду корбогондой болуп кетесиз, сабыр берсин кудайым озу сизге.
05.12.2013. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алдында жана жакшы кундор бар умутунузду узбон
05.12.2013. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айдын он беши карангы он беши жарык дейт буйруса баары жакшы болот эже сабыр кылыныз.
06.12.2013. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кундор да отот, эн башкысы аллага таарынбагыла,жашында берсин мээнетти карыганда берсин доолотту
06.12.2013. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх эже бул ушундай жалган жашоо сиз жакшылык кундордон умутунузду узбон, Аллах Таала ар бир кыйынчылыктын артынан 4 эсе жакшылыкты берем деген неберелериниздин бактын тилеп дуба кылыныз Иншаллах бактылуу кундорду ошолор алып келээр
06.12.2013. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бермет эже сабырдуу болунуз! Уулдарыныздын арты кайрылуу болсун! Кудайым эки уулунузга бейишин берсин!
06.12.2013. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eje sabyrduu bolun rauwan ukam ekobuz okup jaman bolduk emi neberelerinizdin syi urmatyn korun
07.12.2013. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото сабырдуу аял экенсиз,чыныгы аялзаты.Эч каалабай турган турмушту откоруп келатыпсыз.Сизге темирдей денсоолук берсин ЖАРАТКАН ОЗУ!Кыйынчылыктын артында-жакшы кундор турат дейт.Уулдарыныздын жайы ЖАННАТАН болсун!Окуп буткончо жаш тыйылбай койду.Неберелериниздин сыйын-жакшылыгын корун ылайым,омиин!!!
07.12.2013. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жогорудагы ак уйдогу ЖЕПЖУТАРЛАР ушундай инсандарга жардам берсе,чон сооп иш кылган болот эле.Алланын жолунда.
07.12.2013. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
окунучтуу окуя экен, эркек бала болсом дагы эжекенин окуясы козумдон жашымды агызды. Булда болсо кудайымдын берген сыноосу, эжеке сизге сабырдуулукту, ден-соолукту башынызга жакшылык кундордун келишин кудайдан жалынып тилеймин. Балдарынызга аллахым бейиштин торунон орун берген болсун оомийн!!!
09.12.2013. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизге куч-кубат! Келининиз аман эле болсун!
07.01.2014. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже сабырдуу болунуз ,аракет кылат экенсиз берекетин, тапканыныздын берекесин,калган балдарыныздын омурун АЛЛАДАН саждага туруп сураныз
20.01.2014. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр кылын жамандыктын артында созсуз жакшылык болот иншалла
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо