№578 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж

Ырчы Анжеликанын тун кызы Айыма менен сүйлөшүү үчүн ал барган бала бакчага баш бактым. Бийлеп, ырдап тосуп алган Айыма быйыл 5 жаштан өтүп, көп нерсени түшүнүп калыптыр. Дегеним, суроолорума жооп берерден мурун апасынын көзүн бир карап алып жооп берип жатты.
Туулган жылы, күнү – 2007-жыл, 14-декабрь
Мүнөзү – Боорукер, үйдө катуу урушту жаман көрөт, себеби аябай сезимтал
Кимге жакын? – Апасына да, атасына дагы
Жакшы көрүп жегени – Туздалган бадыраң, суши, роллы
Жакшы көргөн кийими – Өткөн жылы чоң энеси Таластан алып келген көйнөгү
Жакшы көргөн оюнчугу – Апасынын Телефону
– Кандайсың, Айыма? Өзүңдү бизге тааныштырчы.
– Атым – Айыма. Жакында 6га чыгам. Менин сиңдим бар. Аты – Элима, ал 3 жашта. Элима Омарды жакшы көрө-өт. Ал Омарга оюнчук берген да, анан «Омар меники, он мой муж» деп кыйкырган.
– Элима экөөңөр урушпайсыңарбы?
– Жо-ок, ал мени урат, мага кыйкырат. Дептерлеримдин баарын чийип салат. Оюнчук талаша берет.
– Айыма, сонун бийлейт экенсиң. Кайдан үйрөндүң бийлегенди?
– Садиктен.
– Бала бакчага сени ким алып келет?
– Папам.
– Апаң алып келбейби?
– Мамам бир эле жолу алып келди, бүгүн.
Анжелика: – Папам алып келет, мамам алып кетет дебейсиңби (күлүп).
– Мамаңдын жумуштары көп окшойт. Үйдө ким көп иштейт?
– Эжем.
Анжелика: – Кайсы эже-ең?
– Айзада, ал менин эжем.
– Папаң мамаңды кантип эркелетет?
– Эркелетпейт.
Анжелика: – Папаң мени «жанка» деп чакырабы-ы? :)
– Сени үйдө кантип эркелетишет?
– Солнышко, лапочка.
– Элиманычы?
– «Томпоська, помпоська» деп.
– Папаңда акча көппү же мамаңдабы?
– Мамамда.
– Мамаң папаңа акча береби?
– Ооба, сурайт. Алган соң папам «рахмат» дейт. Папам бизди күндө садиктен алып кеткенде дүкөнгө киребиз. Анан сала-ат, пирожки сатып алат. Мен көбүнчө жвачка алам, а Элима «Чупа-Чупс» алат.
– Папаң үйдө тамак жасап, үй жыйнайбы?
– (Көпкө ойлонуп турду) Жок. Ал үйдө телевизор көрөт.
Анжелика: – Дагы шахмат ойнойт силер менен, ээ?
– Мени менен бир да жолу ойногон эмес го.
Анжелика: – Ойнойсуңар го...
– Ооба, бирок мени менен ойнобойт. Айтайынбы папам кайсы жакка көп барат? Бильярд ойногону.
– Ким менен ойнойт?
– Эч ким менен ойнобойт. Ал шашки эле ойногонду билет.
– Тамакты ким жасайт?
– Мамам папам жакшы көргөн тамакты жасайт. Папам болсо камырды жакшы көрөт.
– Папаң кир жууйбу?
– Ооба, кийимдерин жууйт.
Анжелика: – Колу менен жууйбу? Кача-ан? Сен көрдүң беле?
– Ыкы.
– Үйдө мамаң папаңа таарынабы?
– Жо-ок (күлүп). Экөө урушпайт. Папам менен мамам телевизор көрүшөт. Дагы-ы (көпкө ойлонуп туруп калды, акырында эмнени ойлонуп жатканын да унутуп калды окшойт)...
– Мамаң үйдө ырдайбы?
– Ооба.
– Анан силер эмне кыласыңар?
– Атам, Элима, мен болуп бийлейбиз.
– Папаң мамаңа белекти көп береби?
– Жо-ок, акыркы жолу өзүнүн машинасын берген.
Анжелика: – Дагы гүл берет го...
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Туура Айчурок эженин шакирти!,бирок эмнеге башка шакирттери Анжеликадай которулуп кетишпеди? Менин оюмча Анжелика ото акылдуу, наазик анан да келсе мыкты аял заты, оз куч акылы менен которулуп атат. Бардык нерсени Кудай билет, оз козунуз менен корбогондон кийин жала жабуу Уят!!!
Ал эми Супер Инфодогу журналистерге кайрылаарым, -Эмнеге бул жакта Айыманы кыргызча суйлой алюайт экен, - деп жатышса, унчукпай жооп кайтарбайсыздар? Бул видеону тартып жатканда Айымакырг