БАЛАНЫН ИЙГИЛИГИ АТА-ЭНЕДЕН КӨЗ КАРАНДЫ

№578 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж

Кээде балдардын сабактарга жетишүүсү начар болуп калат. Баланы урушуп жазалагандан көрө жардам бергениңиз пайдалуураак. Андыктан төмөнкүлөр эсиңизде болсун.

  • Эң алгач үй-бүлөдөгү тынчтыкты жана достукту сактаганга аракет жасоо керек. Казан-аяктын кагышып жатканы баланын кулагынан тышкары болгону оң. Үйдөгү ар бир жагымсыз маанай баланын көңүлүнө таасирин тийгизет.
  • Мектепке керектүү кийимдерин, окуу куралдарын толук камсыздап берүүгө көңүл бөлүңүз.
  • Ката жазылган сөз же эсептин туура эмес жообу үчүн баланы ур-токмокко албаңыз! Кийинки ирет эсепти көргөндө балада дароо коркуу сезими жаралып, ой жүгүртүүгө тоскоолдук жаратат.
  • Кичинекейлер мектепте же бала бакчада болгон окуяларды айтып берип жатканда кунт коюп угууга аракет жасаңыз. Кыйынчылыктарга дуушар болгонун айтса, колдоо көрсөтүүдөн качпаңыз.
  • «Сен азаматсың! Сенин колуңдан келет. Мен сага ишенем» деген сөздөрдү көбүрөөк айтып туруңуз. Бул балаңыздын өзүнө болгон ишенимин арттырат.
  • Өзүңүздүн жетишкендиктериңиз, башыңыздан өткөргөн кызыктар, кыйынчылыктар тууралуу айта жүргөнүңүз оң. Бул учурда балаңыздын сизге болгон сыймыктануусу жана келечекке умтулуусу күчөйт. Ошону менен бирге кыйынчылыктарга да туруштук берүүсүнө үлгү болот.
  • Кайсы сабактарга кызыгуусу арбын болуп жатканын байкап көрүңүз. Ага жараша кошумча ийримдерге алып барсаңыз болот. Бирок баланын өз каалоосу болушу шарт.
  • Күндөлүктөгү баага гана көңүл бөлүп тим болбостон, балаңыздын ар тараптуу өнүгүшүнө маани бериңиз. Баланын ар тараптуу өсүшүнө чек койбоо абзел. Эсиңизге түйүңүз, ар бир адам бир жагынан болбосо, башка жагынан сөзсүз ийгилик жарата алат.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(6)
02.12.2013. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ушуга чейин тууп таштап кеткен кийин багып алган огой атаман да бир жакшы соз уккан жокмун го! Кудайга тообо.
02.12.2013. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат супер инфо ушундай маалыматтарды кобурок жазышынарды суранабыз.
03.12.2013. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен учун бул сандагы эн кызыктуу тема болду,рахмат.
03.12.2013. 06:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Negizi tuura kenewter, birok balanin deerinde bolot dep koet go, kee birler uidogu kyinchilikti korup oilonup jakwi turmuwka umtulat, kee birler kancha konul bursan da arakettenbeit
04.12.2013. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maliw таков айтат
05.12.2013. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
болор бала .... демекчи ары жагында жок балага бир эмес мин айтсан дагы эч таасири жок.бирок баары тарбиядан дегенге кошулбайм.менин бир классташым бар эле апасы коп ичет атасы деле калышпайт бирок сабакты жакшы окуп озун озу оккутту.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо