ТҮРКТӨРДҮН БРЭД ПИТТИ –КЫВАНЧ ТАТЛЫТУГ

№578 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж

«Жаш, келбеттүү, оор басырыктуу, кумардуу жана чымыр денелүү, көз күйдүргөн спортчу». Жогорудагыдай комплименттер «Тушалган махабат» («Запретная любовь») тасмасындагы Бехлүлдүн образын мыкты жараткан актёр Кыванч Татлытугга карата айтылып келет. Эмесе, сиздерге айымдардын жүрөк оорусу, өзүнчө эле «красавчик» Кыванч, же бизче айтканда, Кубаныч мырзаны тааныштырабыз.

КЫСКАЧА...
Туулган жери
– Түркия, Адана шаары
Туулган күнү, жылы – 1983-жыл, 27-октябрь
Бою – 190 см
Билими – Стамбулдагы Маданият университетинин коммуникация жана дизайн бөлүмүн аяктаган
Үй-бүлөдө – 5 бир туугандын кенжеси
Тартылган тасмалары – «Кузей-Гүней», «Гүмүш», «Тушалган махабат» жана башкалар. «Кыванч» түрк тилинен которгондо «сыймык» дегенди түшүндүрөт.
2011-жылы Кыванч Монакодо өткөн «Формула-1» жарышына катышкан.
Жетишкендиктери – 2009-жылы «Алтын көпөлөк» сыйлыгында «Мыкты актёр» наамын алган.
Ошол эле жылы «Hurriyet» аттуу түрк гезитинин сурамжылоосу боюнча «Түркиядагы эң сексуалдуу мырза» деп табылган.

ЖЕЙМС КЭМЕРОН КЫЗЫГЫП...
Үй-бүлөсүнүн эркеси Кыванч алгач Адана шаарында жашап, күтүүсүздөн атасынын жүрөгүнө операция жасатуу үчүн үй-бүлөсү менен Стамбулга көчүп келишет. Кичинекейинен баскетбол ойноп келген бала дароо эле «Улькер Спорт» баскетбол клубунун курамына алынат. Бирок бутунан алган оор жаракат аны спорт дүйнөсүнөн кетүүгө аргасыз кылган.
18 жашка чыкканда Кыванч моделдик бизнеске аралаша баштайт. Өзгөчө өң-келбети жана апасынын көмөгү менен бир жылдан кийин ал «Түркиядагы мыкты модель» («Best Model of Turkey»), «Дүйнөлүк мыкты модель» («Best Model of The World») деген наамдарды багындырууга жетишкен. Бул жылдары Франция, Италиянын подиумдарынын көркүн ачууга үлгүрөт. Канчалык чоң ийгиликти жаратканы менен, Кыванч моделдик кесиптин «өмүрү» кыска экенин түшүнүп, олуттуу адистик тандоого өтөт. Ошентип, актёрдук кесипке ыктап, өзүн кино жаатында да сынап көрүүнү чечет. 24 жашында тартылган «Кара деңиздеги америкалыктар» комедиясы ага кино дүйнөсүнө чоң эшик ачты десек жаңылышпайбыз. Ага байма-бай сериалга тартылууга сунуштар жаап, «Кузей-Гүней» («Түндүк-Түштүк»), «Гүмүш» («Күмүш»), «Тушалган махабат» сериалдарына тартылып, элдин сүймөнчүгүнө айлана баштайт.
Учурда Кыванч европалыктарга түспөлдөшүп кеткен кебетеси, шыңга бою, көк көз, сары чачы жана кайталангыс ролдору үчүн «түрктөрдүн Брэд Питти» атка татып отурат. Жакында аны белгилүү америкалык режиссёр Жеймс Кэмерон жарнамадан көрүп кызыгып калганы айтылат. Ким билет, түрк жылдызы Голливуддан да балбылдап жанып баштаар...

ӨЗҮНӨН 14 ЖАШ УЛУУ АЙЫМГА АШЫК
Оор басырыктуу, токтоо жигиттин «алсыз» жагы – кыздар. Ал 4 жыл бою 2002-жылы «Дүйнө периси» аталган Азра Акин менен кыз-жигит болуп жүрүп, 2009-жылы эки ажырым жолго түшүшөт. Махабаттын урашына Кыванчтын өзүнөн 14 жаш улуу Мелтем Жумбул аттуу актриса менен мамиле куруп баштаганы себеп болгон деген сөздөр бар. Бирок ал экөөнүн сүйүү оту да жарым жылга араң жеткен. Кезектеги махабаты Идиль Фырат аттуу миллионердин кызы менен да мамилеси көпкө созулган эмес. «Ат айланып казыгын табат» демекчи, 2012-жылы актёр Мелтемге кайтып барат. Жадакалса «экөөнүн мамилеси тойго алып барат» деген маалыматтар айтылып жүргөн.
Баса, Кыванч жакында «Даңазалуу кылым» сериалы аркылуу атактуулукка жеткен Мерьем Узерли менен жаңы сериалда роль жаратары белгилүү болгон. Бирок азырынча тасманын аты тактала элек.

«Тушалган махабат» тасмасындагы Бехлүлдүн ролу Кыванчтын атагын ашырган.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
02.12.2013. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакты ушул актер)))
02.12.2013. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыванч мырзаны кумир туткан бир эжени билем, аябай жакшы корот.
02.12.2013. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Talantuu akter
02.12.2013. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
шехзаде селимби????
03.12.2013. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yildirim,
Саламатсызбы!
Рахмат, ката түзөтүлдү.
04.12.2013. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ооба Селим го
04.12.2013. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кумуш соонун кино
05.12.2013. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rozka, jok shehzade Selim emes, al Engin Ozturk degen akter.
09.12.2013. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх мен жакшы коргон актёрго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо