«Жылдын супер ырчы айымы» наамына талапкер Айжамал Кабылованын кайненеси, Салкын Туташева: “АЙЖАМАЛДЫ КӨРҮП АБЫШКАМ ЧАЯН МЕНЕН КАНТЕТ ЭКЕНБИЗ ДЕГЕН"

№578 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж

Турмушта эки келиндин башы бирикти дегиче кайненени жамандап кирген жагдайлар көп. «Кайнененин камырынан» дегендей, башка бүлөгө жуурулушуп, өз кызындай болуп, боор тартып калган келиндер да жок эмес. Биздин апта каарманыбыз Айжамал Кабылова келиндердин кайсы түрүнө кирет болду экен? Анда кайнене-келиндин маеги назарыңыздарда.

– Айжамал, ар бир үйдүн өзүнүн жазылбаган мыйзамдары болот эмеспи. Жаңы келин болуп барганда кыйналган эмессизби?
– Туура айтасың, бөлөк үй-бүлөдө жашап калуу, батып кетүү оңой эмес. Кээде байкабай туура эмес иш жасап койсом, апам «муну мындай кыл, бул идишти бул жакка коюш керек» деп айтып жүрдү. Анан да тойдун эртеси эле «атаң баш болуп баарыбыз камыр тамакты жакшы көрөбүз» деген (күлүп). Ошондон бери үйгө барган сайын манты, оромо жасап, кесме кесип катырып даяр кылып коём. Ден соолугуна байланыштуу апамды оор иш жасатпаганга аракет кылабыз.

– Кайненеңиз сизге кандай акыл-насааттарын айтып келет?
– Аял кишиге тиешелүү нерселерди, мисалы, «Сабырдуу бол, жолдошуң менен айтыша кетсең сеники туура деп, баш ийе билиш керек. Себеби акылдуу аял үй-бүлөнү сактай алат» деп көп айтат. Казан-аяк кагышуу деген нерсе бизде деле бар. Мушташып-тытышпасак да, менин айтканым жолдошума, аныкы мага жакпай таарынып калабыз. Бирок мындай майда нерселерди кайненемдерге арызданып айтпайм. Аларды кыжалат кылгым келбейт.

– «Бара-бара энеден дагы кайнене жакын болуп кетет» деп айтышат. Ошол чын бекен?
– Болушу мүмкүн. Себеби Ошко барганда өзүмдүн үйүмө караганда кайненемдикинде көп жүрөм. Кайненем «чоң келинимсиң» деп мага көп кеңештерин айтып турат.

– Кайненеңизди «апа» деп бат эле көнүп кеткенсизби?
– Ооба, бирок апа деп айтканым өзүмдүн апама оор тиет болуш керек. Негизи эле бардык энелер балдарын кызганышат деп ойлойм. Апам «Энеңден кабар алдыңбы, жакшыбы?» десе, мен «ооба, апам жакшы» деп жооп берем (күлүп). Улуулардын заманында баары кайненесин эне дешчү эмес беле, азыр апа деп калбадыкпы. Келинге караганда эркек балдарга кайненесин апа деп айткан кыйыныраак болот экен. Азаматтан бул нерсени көп байкайм. Ал менин жашаган жеримди кошуп «Отуз-Адырдагылар кандай экен?» деп тергеп сүйлөйт. Ага мен «Апам, атам деп коё бер, кыйынбы?» деп жинине тийип калам.

– «Келиндин келгени эстен кетпейт» демекчи, унутулгус окуялардан айта кетсеңиз...
– Үйлөнгөндөн кийин Азамат Москвага кетип, ал жакта жайгашканча 2-3 ай кайненемдер менен жүрүп калдым. Эсимде, аны Москвага узатып коюп эле бөлмөмө кирип уктап кетиптирмин. Жоолугум жерге түшүп калган экен, апам жумуштан келгенде эшиктин алдында жаткан жоолугумду көрүп, «катуу ыйлап капаланып жатат го» деп ойлоп калыптыр. Кийин «Эшикти ачсам тим эле бүрүшүп жатып алган экенсиң, аябай боорум ооруду. Баламды «Ушундай жашоо кантип болсун, экөөңөр эки жакта жашаганыңар жарабайт. Алып кет» деп уруштум» деп айтып берген эле. А биз мындай жашоого көнүп калганбыз да. Кыз-жигит болуп жүргөндө деле Азамат Түркияда, мен Ошто жүрүп, кез-кезде эле көрүшчүбүз. Ал эми кайненем менен кайнатам – классташтар, дайыма чогуу жүрүп, такыр ажырашкан эмес. Ошого өздөрүнө салыштырып жаман болсо керек.
Кезек Айжамалдын кайненесине келгенде, ал «келиним көз алдымда чоңойгон» деп кеп баштады.

– Салкын эже, элибизде «артисттер турмушка туруксуз келишет» деген түшүнүк бар. Айжамалды келин кылар алдында бул нерсе сиздерди чочулаткан жокпу?
– Айжамал мен иштеген мектепте окуп, көз алдыбызда өскөн кыз. Ошон үчүн Азамат аны менен сүйлөшүп жатканын айтканда каршы болгон жокпуз. Ар кимдин сүйгөн кесиби болот, биз Айжамалдын ырчылык кесибин түшүнүү менен кабыл алдык.

– «Кайнененин камырынан» дегендей, келиниңизден өзүңүзгө окшош сапаттарды байкайсызбы?
– Айжамалдын да мага окшогон шайыр мүнөзү бар. Кызыгы, жаңы келин болуп келгенде жылдыз белгиси Чаян экенин билбейбизби. Мен өзүм да Чаянмын да. Абышкам аны угуп «үйдө бир Чаян бар эле, эми экинчиси келген турбайбы. Балам экөөбүз кантер экенбиз, эки Чаян менен...» деп күлүп калган.

– Келиниңиз элге таанымал ырчы болгонуна сыймыктансаңыз керек?
– Албетте. Бирок Айжамал айылга барганда, жамандык-жакшылыктарда «артист элем» деп чиренбей, тескерисинче, кадимки келиндердей чуркап кызмат кылат. Аны көрүп баары эле «келиниңиз аябай жөнөкөй экен» деп кызыга беришет. Жакында апамдын жылдыгын өткөргөнбүз. Аш басыш керек болуп Айжамалга айтсам, «эки килограмм эле басчумун» дейт. «Эки килограмм баскан киши андан көбүн деле жасай берет» десем дароо макул болду.
Ушу келинимдин бир сапаты жакшы да, жок дегенди такыр билбейт. Эмне десең «колумдан келбейт» дебей, «макул, кылам» деп турат. Ошентип, чоң казанга аш басып, айылдын баарын ыраазы кылды. Элдин баары «Тобо, Айжамал ошонун баарын жасадыбы?» деп таң калышты.

– Белек-бечкектерди да берип көңүлүңүздү алып турабы?
– Ооба, өзүмдүн кызымдай эле болуп калды. Чачымды боёп, өзүнө алган косметикаларды «муну койсоңуз жакшы болот» деп берип турат. Концерт же той-топурларга барып келгенде»тим эле кой, менде бар» десем болбой «меники башка да» деп акча карматып да коёт (күлүп).

– Маегиңиздерге рахмат.

«Мен абышкам менен класс­ташмын. Уулум Азамат да биздин жолубузду жолдоп классташ кызына үйлөндү».

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Айжамал Кабылова: "Кайненеме окшошмун"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(99)
02.12.2013. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суктанарлык эле келин экен. Бактылуу,ынтымактуу болушсун чаяндар дегени жакты да)).
02.12.2013. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мен да суктандым АЙЖАМАЛ эженин ырдаганы аябай жагат уй булолук жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.эхх кудайым мага да ушундай кайненени насип этсин
02.12.2013. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Telegei tekwi bolgon u4un baldarynyzdy tawtabaisyz da,baldaryn jyrgagan kiwi tawtap iwtep ketpeit.Baarynyn ene jurogu birdei!
SUPER.KG видео
02.12.2013. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
аябай жакшына сулуусуз жылмайсаныз аалам кулуп ийчудой
03.12.2013. 05:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kainenesi jakwi ekeni korunup turat!
03.12.2013. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоого тие элегинде аябай сулуу эле....
05.12.2013. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
konya, кайтып турмушка чыккандан кийин ачылып кетиптир. Мага азыркысы жакты. Бир озун бол деген ырында сулуу болуп калган.
SUPER.KG видео
03.12.2013. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Айжамалдын жеткен ийгиликтеринин ондон бир болугуно жетсенер силерди да комментаторлор сындап турмак, ошо жетпегенинер учун бироону сындап жатасынар.Силерге аябай чоон ийгилик каалайым комментчилер. А Айжамалга чыгармачылык ийгиликке жетишине тилектешмин.
03.12.2013. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мурун аябай сулуу болчу азыр бир аз каарыптыр, бирок талантына баа берем ушул ырчыларда чыныгы талант бар. Суйлогондору жасалмадай сезилдиго...
SUPER.KG видео
03.12.2013. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Природада тартылган жеринде кебетеси Мумия же болбосо Гейшалардай эле болуп калыптыр, устундогу кийими андан "Укмуш", ырдаганы деле ..... мактай турган эч нерсе коро албадым
03.12.2013. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле аябай окшош экен. тооба, ийгиликтер коштой берсин
03.12.2013. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ии ишине ийгилик.ото жасалма болуп кааоып кетиптир
03.12.2013. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжамал мурда мага жонокойлугу менен аябай жагат болчу. Бул видеодон корсом кичине кулк-мунозу озгоргон го. Балким мага ушундай корунгондур. Аялды сулуу да, акылдуу да корсоткон анын жонокойлугу деп ойлойм. Чыгармачылыгына ийгиликтер болсун.
SUPER.KG видео
04.12.2013. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Макияжы начар болуп калыптыр
SUPER.KG видео
04.12.2013. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кыштын куну, тоого чыккан кийими кантет?озунчо эле мультфильм Сейлормун)))Аба ырайына, мезгилге жараша кийинбейби , жаш баладай болбой!Артык кылам деп, Тыртык болуп калыптыр))))
SUPER.KG видео
04.12.2013. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Сын-пикирлерди окуп жатып оозум ачылды. Айжамалды коралбаган адамдар аябай коп экен. Кыргызда илгертен эле ушундай болгонбузбу не? Баары эле сонун болуп турат! Коралбагандардын козуно тирсек чыксын!
04.12.2013. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Идеал айым Ааламдагы баардык жакшы создорду арнасан да жетишсиз Айжамал эжеге
04.12.2013. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
унуно соз жок, жанынан корсон жонокой эле кыз
05.12.2013. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо Сиздерден сураныч,коомдо пикир жаратуучу,элди тарбиялоочу чон тираждагы басылма катары: ушундай жакшы маанайдагы, он тарбия бере турган маектерди,жанылык жана башка кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө салым кошо турган макалаларды көбөйтүнүздөрчү....
05.12.2013. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myshka406,
Саламатсызбы! Рахмат сунушуңузга.
SUPER.KG видео
06.12.2013. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мага да аябай жагат ушул ырчы кыз,суйуп угам бардык ырларын,бирок тоодо карда эмне кылат алдагы кызылын кийип нормальный жакшынакай эле жылуу кийимдери бар экен ошону эле кийп албаптырда ушул жери бузуп койду а так Ийгилик во всем,Айка,жаны ырларынды чыдамсыздык менен кутобуз!!!Келе жаткан Жаны Жылын менен!!!
SUPER.KG видео
06.12.2013. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Бул ырчынын кызыкча кийинип алганынын себеби-Супер Ырчы Каныкейди тураганы(аныкындай кийинсем,мен да утам деп),бирок бул байкушка жарашпай калыптыр.Ордокту туурап кастын буту сыныптыр дегендей!((Анткени биздин сыймыгыбыз Каныкей Озгочо Ырчы кийими, уну,стили,чачы,денгээли,дуйно таанымы)))
07.12.2013. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да Айжамага уйбулолук бакыт каалайм!!!
07.12.2013. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгер чондор сатылбаса айжамал супер айым болот .мен ишенем баары топ келген ырчы ийгилик.
SUPER.KG видео
08.12.2013. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Аялдар ичинер орттонуп кеткен го,коро албай хе хе.Сонун эле болуп турбайбы , жамандын андыганы жамандык дегенден болупсунар го ыя ???????
08.12.2013. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ырчы деп Айжамал айымды айтуу керек.Акылы тунук, сулуу айым. Ийгилик болсун!!!
08.12.2013. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ырчы деп Айжамал айымды айтуу керек.Акылы тунук, сулуу айым. Ийгилик болсун!!!
SUPER.KG видео
09.12.2013. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Соону маек болуптур,ийгилик сизге
SUPER.KG видео
14.12.2013. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айжамал кандай айым экен деп кирдим эле, мен куткондой эмес кен го. Мен бул айымды мынчалык жасалма суйлойт деп ойлочу эмесмин. Уй було менен аралашып атып, сахнадан алыстап кеткени билинип турат. Анча мынча жерлерде бир созду эки жолу кайталап да жибериптир. Озуно ишенимдуу суйлогондой болуптур бирок коздорунон бир нерсеге капа болгондой. Бойонгону да жакпады. Коздоруно кирпиктер чон келип калыптыр. Тушунсо болот бул айымды да уй -було менен бирге сахнаны алып кетуу оной эмес. Куйосу да алыста
SUPER.KG видео
11.01.2014. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
jazalma bolup kaliptir syillogony
20.05.2014. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айжамал эжеге уй булоолук баки каалайм.Жузунуздон эч качан кулку кетпесин. ..
SUPER.KG видео
24.05.2014. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азаматсыз озунорду билип башкага сын такылачы
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо