ГЮРО ЛАГМАН (уйгур ашканасынан)

№207 20-26-октябрь, 2006-ж.

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Соусу үчүн: 300 грамм койдун же уйдун эти, 2 даана баш пияз, 4 даана помидор, 4-5 даана таттуу болгар калемпири, 1 боо жандоо, 1 боо кинза, 3 тиш сарымсак.
Кесмеси үчүн: 600-700 грамм ун, татымына жараша туз, суу.

ДАЯРДОО
1. Алгач ундан жылуу сууга катуу кылып камыр жууруп, 30 мүнөт тыныктырабыз. Андан кийин жайып, калыңдыгы бир эли болгондо жоондугу 1-1,5 сантиметр болгон бөлүктөргө бөлүп кесебиз. Өсүмдүк майы менен майлап, дагы 20 мүнөт тыныктырабыз. Даяр болгон камырды колго чоюп бүткөндөн кийин кайнап жаткан сууга бышырып алабыз.
2. Сулп этти өтө майдалабай чарчы кылып туурап, ысыган майга кууруйбыз. Ага тууралган пиязды кошобуз. Эми помидорду майда чарчы кылып туурап, эт менен пиязга кошуп салабыз. Булардын баарын аралаштырып, жакшылап кууруп алгандан кийин ичке тууралган болгар калемпирлерин жана жандоону тигилерге кошуп куурабыз. Татымына жараша туз салып, 15 мүнөт демдеп коёбуз. Даяр болгонго 5 мү­нөт калганда майда тууралган сарымсакты, кин­заны салып жиберебиз.
3. Тарелкага кесмеден салып, үстүнө даяр соусту куюп, дасторконго беребиз.

– Бактыгүл, тамак жасаганды жакшы көрөсүңбү?
– Абдан жакшы көрөм. Чарчап турсам дагы кафе, ресторандарга барбай, үйдөн өзүм тамак жасап жегенди жактырам. Колдун тамагы даамдуу да болот эмеспи.
– Бул тамакты бат-баттан жасап турасыңбы?
– Мен негизи, ар күнү ар башка кылып, түрлөп тамак жасаганды жактырган адаммын. Ошентсе да лагман менин сүйгөн тамагым болгондуктан, бат-баттан жасай берем.
– Гюро-лагмандын кадимки лагмандан айырмасы барбы?
– Албетте, бар. Мисалы, соуска түрп жана суу кошулбай жасалат. Эгер кааласаң 100-150 грамм суу кошууга болот, бирок, андан көп эмес. 15 эле мүнөт демделгендиктен, жашылчалар чала бышып, андагы витаминдер жакшы сакталат.
– Кесмени ар дайым колго чоюп бышыргандан эрикпейсиңби?
– Жок, эрикпейм. 1 килограмм ундан жуурулган камырды 20 мү­нөттө чоюп бүтөм.
– Мындай даамдуу тамак даяр­даганды апаң үйрөтсө ке­рек?
– Апам мен кичине кезимен эле бизнес менен алек болуп жүрүп, мага көңүл бурууга кенен убактысы болгон эмес. Муну өз аракетимдин жыйынтыгы десем болот.

Даярдаган Аскербек кызы Элмира


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
09.10.2012. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyz Baktygyl eje,bar bolunuz.Men sizdi a9bai jakwy korom.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо