Кубанычбек Курманбеков, «Ак-Өргө City» командасынын оюнчусу: «ЭРМЕК НУРБАЕВ АТЫМДЫ ЖАТТАП КАЛСА ДЕП КЫЯЛДАНЧУМУН»

№578 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж

Назарыңыздарда «Тамашоунун» тайманбас жигиттеринин бири Куба. Ал алгач «Кg 77» командасында ойночу, кийин команда «Ак-Өргө Сity» менен бириккен соң учурда анын көркүн ачып жүрөт. Келечекте президент, болбоду дегенде мэр болгусу келген жигиттин маеги төмөндө.

Аты-жөнү – Курманбеков Кубанычбек Курманбекович
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 25-май
Туулган жери – Бишкек шаары, 2-төрөт үйү
Билими – КОСУнун архитектура факультетинин 3-курсунун студенти
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын улуусу. Сымбат аттуу карындашы жана Санжар деген иниси бар.

– Салам, бүгүнкү маанай кандай?
– Эң сонун. Маекке толугу менен даярмын, суроолорду жаадыра бериңиз.

– Сени эл «тамашоучу» катары тааныйт эмеспи. Долбоорго кантип келип калдың?
– Анда мен мектепте окучумун. Бир күнү силердин гезиттен «Эрмек Нурбаев кыргызча КВНге жигиттерди чакырат» деген жарнаманы окуп калдым. Силер тааныган «тамашоучу» Зияш экөөбүз классташпыз, ал жигиттин сунушу менен команда түзүп, аны «Ак-Өргө Сity» деп атап, Эрмек байкенин алгачкы чогулушуна барганбыз. Ал жакка дагы бир «Ак-Өргө Сity» деген команда келип калыптыр. Бизге «команданын атын өзгөрткүлө» дешип, кийин өзүбүз окуган №77-мектептин атын таанытуу максатында команданы «Kg 77» деп атадык.
Азыр эсептесем, «Тамашоунун» босогосун аттаганыма 6 жыл болуптур. Жетишкендиктерибиздин баары Эрмек байкенин эмгеги. Алгач команда катары чогулганда биз эч нерсени билчү эмеспиз. Нөлдөн баштап баарын үйрөттү.

– Үйдөгүлөр сенин өнөрүңө кандай карашат?
– Атам Курманбек, апам Наркан экөө тең кол өнөрчүлүк менен алектенген адамдар. Тери, кийиз менен иш алпарышат. Артист дегендерден алыс. Ошондуктан «каалаганыңды жаса, бирок окууңду гана таштаба» деп суранышат.

– Силерде да ырчылардай эле сахнага чыкканда сонун сезимдер болсо керек, ээ?
– Айтпаңыз. Тамашага эл каткырган сайын ичиң ысып кетет. Ушунчалык элдин күлкүсүнө көз каранды болуп, кайра-кайра кайталанса экен деп каласың. Кыскасы, баңгизат катары, дагы-дагы сахнага чыксам, элди күлдүрсөм дей бересиң (күлүп).

– Жараткан образдарыңдын ичинен өзүңө кайсынысы көбүрөөк жагат?
– Эсимден эч качан чыкпаган доктур менен официанттын образы го дейм. Мен көбүнчө ошол тамашалар аркылуу таанылгам.

– Ушул убакка чейин өзүң менен сыймыктанган учур болду беле?
– Ар бир кадамым эле мен үчүн сыймык. Мисалы, мурун «Эрмек Нурбаев менин атымды жаттап калса экен, «кандай, Куба?» деп учурашса кана эми...» деп кыялданчумун. Акырындан ал тилегим орундалды. «Мени эл тааныса, чет өлкөгө чыксам сонун болмок, тасмага да тартылып жетишсем экен» деген тилектерим да аткарылды. Анын ар бири ишке ашкан соң ичимден кудуңдап сыймыктанып калам. Ишенбейсиңер, бирок кээде жатып алып «эми «Супер-Инфого» чыксам да жарашмак» деп ойлонуп калчумун. Үнүм Кудайга жетиптир, минтип алдыңызда маек куруп отурам. Кийинки максатым – президент болуу же болбоду дегенде борборубуздун мэри болушум керек. Ошондо «эх, кыйраттым» деп катуу сыймыктансам керек.

– Атактуу болуу жагып жатабы анан?
– Ооба, көчөдө баратсам адамдар келип учурашса, мени менен сүйлөшүүгө умтулушса, аябай кубанам. Себеби «и-и, бул баягы ууру да» дегиче, «бул баягы «тамашоучу» го...» деген сонун да.

– Ата-энең да мактап калган учурлар болсо керек?
– Хм, ойлонсом, такыр макташпайт экен. Эгер командабыз жеңишке жетишсе, атам «ии, жакшы болуптур» дейт, болду. Анан жеңилип калчу болсок, сыналгыдан оюнду көргөндө кемчиликтерибизди айтып турат. «Ушундай да болчу беле, мындай кылсаңар болмок» деген сыяктуу.
Ата-энем 6 жылдын ичинде бир да жолу «Тамашоуго» келишкен эмес. Себеби мен элден көрө үйдөгүлөрдөн көп уялам. Кудай сактасын, бирок сахнадан туруп залда отурган атамды көрсөм, тилим буулуп калса керек. Бир жолу гана Сочи шаарына кетерде отчёттук концерт бергенбиз. Ошондо атам менен апам келип отуруп кетишкени эсимде. Бирок сынак жүрүп жатканда келише элек. Көбүнчө карындашым келет. Аны эптеп бир тешиктен бекитип киргизип коём дегендей.

– Боорду эзген тамашаларды кантип жаратасыңар?
– Тамаша жаратуу өзүнчө бир чо-оң эмгек. Кээ бирөөлөр тамашаны айтканга уста болсо, айрымдар аны жазууга шыктуу болушат. Биздин үй-бүлөдө атам аябай тамашакөй адам. Ошондуктан менде да тамаша жаратуу талантым күч.
Оюндун астында баарыбыз чогулуп тамаша ойлоп табабыз. Кээде бизге маршруткада баратканда, үйдө отурганда эргүү келет. Команда менен чогулганда ар бирибиз топтогон тамашаларыбызды ортого салып, ары-бери тарткылашып жатып аны бышырабыз.

– Жеке жашоого келсек, айланаңдагылардын баары үйлөнүп-жайланып жатат дегендей. Сага кезек келгендир?
– Ооба, баары үйлөнүп эле жатып калышты го. Сүйлөшкөн кызым бар, аты Замира. Татынакай кыз дегендей (күлүп). Сүйлөшкөнүбүзгө үч жыл болду. Менден үч жаш кичүү, бирок менден бир курс өйдө окуйт. Экөөбүздүн мамилебиз тууралуу туугандарыбыздын көпчүлүгү билет. Анын үй-бүлөсүндөгү аял кишилердин баары кабардар, эркектерге али жете элек, жетсе да билмексен болуп коюшса керек (күлүп). Кыскасы, биз бактылуубуз, ошондо 2-3 жылдан соң үйлөнгөнгө даяр болобуз го.

– Сыртыңдан романтик көрүнөт экенсиң, а чындыгында?
– Көп учурда тескерисинче ойлонгон адаммын. Романтиканын да башкача жолу менен жүрөм. Мисалы, бир жолу жаңы жылга сүйлөшкөн кызыма телефон берем деп чечтим. Досторубуздун баары жаңы үлгүдөгү телефон колдонушат да, Замиранын телефону баскычтуу болчу. Кыскасы, сонун телефон алып, батарейкасын бантик менен кооздоп бергем. А телефондун өзүн бир жерге ыргытып койдум. «Ме, бул батарейканы иштетип кой» десем, «эмне кылам муну?» деп жаман болгон. «Карасаң, тиги жакта бир нерсе жатат, ошого салып көр, балким, иштейт» десем, телефонду көрүп аябай сүйүнгөн.

– Ата-энең менен тааныштыргансыңбы?
– Жок, тойго жакын тааныштырам. Болбосо сыйдан кетип калышпайбы (күлүп). Азырынча карындашым менен гана тааныштырып койгом. Кээде баарыбыз тамактанганы отурганда «Зама эже кандай жүрөт?» деп помидордой кызартарын билбей тааныштырып алыпмын.

– Маегиңе рахмат, бизди дагы көп тамашалар менен күлдүрүп жүрө бер.

«Kg 77» командасынын курамы улам жаңыра берип, акыры «Ак-Өргө City'ге» кошулуп тындык».

«Ушул убакка чейин үй-бүлөбүз менен толук «составда» сүрөткө түшпөптүрбүз. Бул жерде иним Санжар экөөбүз».

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(32)
02.12.2013. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonun tamashou4u da! siz oficiantcyzby dese, jok,men manty, a bul oficiant degen jeri jarat da :D
02.12.2013. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тилегине жетегой
02.12.2013. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оюндагысынын баарын айтыптыр,кооздобостон.Жылдыз оорусу менен оорубасын эми.
02.12.2013. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кызына да подарканы жон бербептир да.окуп алып ичим эзилип калды.
02.12.2013. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
010288, кызынан да озу сулуу.. сонун бала го ка
02.12.2013. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик аябай ачык муноз бала экен ийгилик
02.12.2013. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун оюнчу,тама шоунун коркун ачат бул жигит.
02.12.2013. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аман болунуз. Мага Куба байке аябай жагат. Тамашоуду мыкты ойнойт. Кыялымда Куба байке менен чай ичип, суйлошо берем. Кана эми чындыгында ошондой болсо. Эх х х
03.12.2013. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nargiza96, мумкун мумкун мумкун
02.12.2013. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мумкун, мумкун деген жигит го))) аябай ачык муноз, жонокой бала экен, ушунундан жазба, ийгилик!
02.12.2013. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да жагат
02.12.2013. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай ачык шайыр экен.Замира да татынакай кыз.Суйуунордун кемеси уй-було портуна алып барсын,иншааллах!
02.12.2013. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sonun maek boluptur.
02.12.2013. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Куба!Аллах Таалам,ой–максаттарынды орундатсын!Жакшы тарбия коргону билинип турат.Баарын ачык–айрым айтыптыр.Ийгилик сага!
02.12.2013. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мэр болушуна тилектешмин суроттогу кыз бекен кызы
03.12.2013. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
assss, бул жерде кызынын суроту жок.
03.12.2013. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кызыктуу маек болуптур. Ниеттерин орундалсын иним, Бактылуу бол!
03.12.2013. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
талантын баалайм баракелде жигит !
03.12.2013. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"«и-и, бул баягы ууру да» дегиче, «бул баягы «тамашоучу» го...» деген сонун да" дегени аябай жактыдааа :) ийгилик Кубанычбек
03.12.2013. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш эле экенда чон корунот. ийгилик сага кандай гана корунушту аткарба жеткире аткарасын. талантын ташкындай берсин
04.12.2013. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик Куба.Мэр болсон сага добуш берем. Азырын¤ бизге кулку тартуулап тур!ийгилик каалай.
04.12.2013. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Девушкан Санжардын тойундагы суроттогу кыз эмеспи сага пара эмес экен чын!сен сонун красовчик жигитсинго ийгилик!
04.12.2013. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик каалайм бактылуу болунуз ага !
04.12.2013. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул жигиттин тамашалары тез суйлоп, маанилуу суйлойт
05.12.2013. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх кыйратып сонун маек куруп бериптир го! аябай талантуу, анан дагы тамашалары оргиналдуу. мен бул байкени "олимпиадада тилин чыгарып ок атканда анан же 3 жолу кыздардан белек алгандан" кийин таанып калгам.
05.12.2013. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
президент болбой эле кой кууп жиберишет,мэр да болбо камап салышат. жон гана тамашвнын президенти бол
05.12.2013. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БАЗАР жок Куба,БАЗАР жок!супер маек болуптур БАЗАР жок!
05.12.2013. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elnuram090, каяктагы базарды айтасын?
06.12.2013. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatnur, Кубанын тамашасыда ушу базар жок деген тамашасын кайра кайра корсомда жадабайм.коргон эмес окшойсун сен анда.
06.12.2013. 04:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дааа мага да жагат чёткий бала
06.12.2013. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булобуз менен сени жакшы коробуз,талантын ташкындай берсин! Аябай жылдыздуу жигит!
09.12.2013. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз талантыныз ташкындай берсин,Аллахым сизге эки дуйно бактылуулуктарын берсин амиин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо