ЖОГОРКУ КЕҢЕШ «КЫРГЫЗГАЗДЫН» «ГАЗПРОМГО» САТЫЛУУСУН КОЛДОДУ

№578 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж

Парламенттин депутаттары 27-ноябрь күнү узакка созулган тартышуулардан кийин «Кыргызгазды» орусиялык «Газпромго» сатуу үчүн добуш беришти. Дагы эки окууда келишим парламент тарабынан жактырылса, анда кыргыз ишканасы орусиялык тарапка 1 долларга сатылат. Дал ушул баанын тегерегинде депутаттар кызуу талашка түшүштү.  
Оппозициялык фракциялар башында «Кыргызгаздын» «Газпромго» сатылуусуна каршы болуп жаткан. «Ата журтчу» Азамат Арапбаев: «Орусия менен чоң долбоорлорубуз бар, алар менен тыгыз кызматташып жатабыз. Бүгүнкү күндө Орусия – алдын ала божомол кылууга мүмкүн болгон өнөктөш, ал эми Өзбекстан андай эмес, ал каалаган мезгилинде газын бууп коёт. Бизге газ керекпи же эскирип, чирип калган газ түтүктөрү керекпи? Бул маселеде саясий кызыкчылык жок. Орусия бүт Европага газ берип жатат. Өзбекстан менен мамилебиз мындан ары кандай болорун Кудай билет. Чек ара маселебиз чечилбеген бойдон калууда»,- деди. Ушул эле фракциянын депутаты Улукбек Кочкоров: «Орусиядан 25 пайызга көз карандыбыз. Эгерде «Кыргызгазды» да Орусияга берип койсок, анда биз бул өлкөдөн энергетикалык жактан толугу менен көз каранды болуп калабыз»,- деди.
Депутат Бөдөш Мамырова Орусия газды Кыргызстанга коңшу Өзбекстандан алса, анда эмне үчүн азыркыдан арзан баада сатарына кызыкты. «Азыр деле Өзбекстандан газ алып жатабыз. Эмне үчүн Орусия алса, бизге арзан берет? Бул жерде эмне сыр бар?»- деп сурады ал. 
«Кыргызгаздын» жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевдин айтымында, Орусия тарап «Кыргызгаз» ишканасын
2,5 миллиард сомго жакын карызы менен алып, жакынкы 5 жыл ичинде ага 650 миллион доллардын тегерегинде инвестиция жумшоого даяр.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
04.12.2013. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекеттин байлыктарын сатуундан башка, өзү ачып, өзү иштетүүгө кандай курбаты жетпейт, эмнелер жетишпейт өзү эле ачып пайдаланганга?
04.12.2013. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TolonturCN, ошода кызык
04.12.2013. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баасына келсе сатабергиледа баалашбай эле!!!
10.12.2013. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче сатканы он Озбекистан менен Казакстанга жалдырап газды качан очурот экен дебей газ бизде болбогондон кийин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо