Самара Каримова, ырчы:«МЕН ЖАРАТЧУ ИЙГИЛИКТЕР АЛИ АЛДЫДА»

№578 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж

Кыргыздын улуттук колоритин сактап, мукамдуу үн созгон жаш ырчылар саналуу гана. Алардын катарын Ош улуттук драма театрынын актрисасы, ырчы Самара Каримова толуктайт. Жаш ырчынын талантына суктангандар анын эмгек жолу, үй-бүлөсүнө кызыкпай койбойт эмеспи. Анда Самара Каримованын жеке дүйнөсүнө сапар.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Аты-жөнү – Каримова Самара Эрмековна.
Кичи мекени – Лейлек районунун Өзгөрүш айылы.
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 10-апрель.
Кызыгуусу – Көп нерсеге кызыгат, бир нерсе менен чектелбейт.
Учурда – Жеке ырчы, бир уул, бир кыздын энеси, сүйүктүү жар. Репертуарында 30дан ашык ыры, 10го жакын клиби бар.

– Күйөрмандарыңыз сиз тууралуу «Бул кыз бойдокпу?..» деп кызыгып сурап калышат...
– Үй-бүлөлүүмүн. Жолдошум экөөбүздүн Барсбек, Даткайым деген уул-кызыбыз бар. Ал коомдук ишмер, чыгармачылыгыма колдоо көрсөткөн эң негизги адамым, продюсерим десем да болот. Анын көмөгү менен чыгармачылыгым да аксабай келе жатат.
Үй-бүлөмдө да, чыгармачылыгымда да бул жыл жемиштүү жылдардан болду. Ош шаарында 4 күн жеке концертимди бердим, чыгармачылыгым менен башка аймактарга чыктым, спектаклде роль жаратуу жагынан да бир топ жетишкендиктер болду. Ырларыма клиптерди тарттырдым.

– Спектаклде роль жаратсаңыз, актрисалык шыгыңыз бар экен да?
– Мен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин актёрлук бө­лү­мүндө 2 жыл окугам. Турмушка чыкканыма байланыштуу окуумду Ош шаарына которуп, бул жактан билим алып жатам. Устатым Гүлайым Каниметовадан 2 жыл тарбия алгам. Актрисалык да, ырчылык да талантым бар. Жакында Алматыга барып, Асылбек Шериктин «Күзгү романс» деген спектаклиндеги башкы каарман Сюзананын ролун жараттым. Казак эли аябай жакшы кабыл алды. Бул спектаклди Ош шаарында 2 күн койдук. Мындан сырткары да бир топ ролдорду жараткам.

– Жаш болсоңуз да, улуу муундагы ырчылар менен мамиле түзгөнүңүздү байкадым...
– Ооба. Атам Эрмек Каримов – чыгармачыл инсан. Токон Эшпаев, Абдыманап Тө­рөбеков, Жолболду Алыбаев, Бабаравшан Тургунбаев, деги эле улуу муундагы чыгармачыл адамдардын көбү аяш аталарым болот. «Биздин кызыбыз» деп колдоп, дем берип турушат. Алардан сырткары Алтынай Нарбаева, Чырмаш Төрөбеков менен жакшы санаалаштарданбыз. Жанымда ушундай инсандардын бар экенине ыраазы болом.
Менин ырга, кийимге болгон табитим, сахнадагы стилим да заманбап жаштарга окшобойт. Ошол себептен да улуулар менен байланышып калгандаймын. Индиялыктардын ырларын жана түрк, орус тилдеринде да ырдайм, ошондо да кыргыздын улуттук кийимин чечпейм. Муну элге, сахнага болгон урматым деп эсептейм. Ырды тандаарда биринчи кезекте маанисине көңүл буруп, агайларыма сындатып кө­рүп, анан ырдап чыгам.

– Сыймыктанып айтчу ийгилигиңиз барбы?
– Артист болуу оор экен. 5 айлык боюмда бар кезде концерт бердим. Клиптерди тарттырдым. Гастролдоп аймактарга кетесиң, кээде ач каласың. Жай мезгилинде Нарын шаарына Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арналган фестиваль болуп өттү. Ага катышып жүргөндө Таттыбүбү эже түшүмө кирди. Бул тууралуу Эл артистибиз Ташбек Кудайбердиевге айтсам, «бул жакшы нерсе, зоболоң бийиктейт, жакшы жышаан экен, куран окуп кой» деди. Эртеси эле ырчы, актрисаларга биринчи жолу тапшырылып жаткан Таттыбүбү Турсунбаева атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси болдум. Сөз кылчу ийгиликтерим көп эле. Жашмын, мен жаратчу ийгиликтер али алдыда деп ойлойм.

– Кандай сындарды көп угасыз?
– Бардык адамдарга жага бербейсиң. Кээси көрө албастыктан айтат, дагы бири «ушул катасын жойсун, дагы өссүн» деп айтат. Көбүнчө мени колдоп жүргөн, жогоруда атап өткөн чыгармачыл ага-эжелеримдин сындарын кабыл алам. Алар сын айтышпайт, кеңеш беришет.

– Маегиңизге рахмат, чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

«Мени жолдошум Асан Мансуров ар тараптан колдоп келет».
«Чыныгы бакытты балалуу болгондо билет экенсиң. «Бакытка тунуп турам» аттуу ырым балдарыма арналган».

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(39)
02.12.2013. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кечиресинерго бирок бул самараны мен кичинемден бери тааныйм. Ал озгоруш эмес айкол айылында туулган. Тактап билиниздер. О3горуш каякта Айкол кайда.
02.12.2013. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saidka,
Саламатсызбы! Бул маалымат Самара Каримованын өзүнөн алынып жазылган.
02.12.2013. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татынакай экен.Жаш туруп эки наристенин энеси болуптур.
13.12.2013. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kg.lady, aнанчы 18чыга электе уул тууп 22де кыз тууса кары 24жаш чон,(менин атам менен тен экен),чон киши менен жашай берсен Самарочка чон апа коруносун
23.12.2013. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aju90.01, жашыраак жигит чыкпаппы , же спонсор издегенби
02.12.2013. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мм,Асандын аялы болом дебейсинби?...
02.12.2013. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Talantynyz tashkyndai bersin,iygilik))
02.12.2013. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
«Бул кыз бойдокпу?...» деп биринчи коргонумдо мен узаткан элем ушул суроону. Кааап, уй булоолу экен да. Бактылуу болгула, чыгармачылык ийгилик. Тойлорго коп коп келип тур...
02.12.2013. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жолдошу аябай чон корунот экен
04.12.2013. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
asil-08, озу деле чоон корунотго.
05.12.2013. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
asil-08, жолдошу 67-68-жылкы болсо чон корунот дааа...
13.12.2013. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asil-08, куйоосу чал да Самарага тенелейин деп ак чачтарын боеп бир формада фигурасын алып журот
02.12.2013. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
татынакай, кыргызымдын азамат кыздарынын бири го
02.12.2013. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
мен бул ырчынын ырларын угуп чоооон эле эже го деп ойлойт элем корсоооо..........
04.12.2013. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Begai_kg, мен дагы бир 35-40 барып калган аял экен депмин
02.12.2013. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылууу болушсун!
02.12.2013. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чынында мен дагы аябай улуу деп ойлочумун 79 жылкы деп ойлогом
02.12.2013. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
n73, жолдошун улуу болсо , улуу коруносун дегендей Болсо керек да....Жакшы ырдайт ийгилик
02.12.2013. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
просто кыргыздын улуттук кийимин кийип ананда эски ырларды ырдагандыктан ошентип ойлойсунарда. Молодец кыз. Чынында алдынан корсонор аябай жаш корунот. Селер чачын жайып кыска кийинсе билбей калсанар керек эле.
03.12.2013. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы баары бирок атан менен тен кызга тийип алганын окунучтуу......
03.12.2013. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош драм театрдын деректорунун келинчеги деген атты жаш болсо татыктуу алып кете турган кыз.Жакшы эмгектерди жаратат деген умутобуз сизден Самара.
03.12.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самаранын атасы Озгорушто мектепте завуч болуп иштеп турган ошол жакта торолгон, ийгилик сага Самара, осо бер.
03.12.2013. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Joldoshu ozunon 30 jashtai uluu eger bilsener. Atasy menen ele ten kishige turmushka chykkan...
03.12.2013. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ооба туура озунун атасы менентенге тийген.азыркы кыздар акча учун чалгада тийишет.тобоооо заман кантет.
03.12.2013. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ии баса экинчи аялы билсенер.
03.12.2013. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ырчы болушуна жардам берем десе тийип алса керек да,тообо...
04.12.2013. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы ырдайт! Бирок клиптеринин копчулугу окшош менимче Туркияга барганда баарын патыратып тартып таштаганго.чыгармачылык ийгилик уй булолу бакыт каалайм!
04.12.2013. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
селер билбей туруп эле айта бербегиле! Бул кы3дын таланты бар. Турмушу б.ча ишинер болбосун. Ар бир адамдын турмушу оз колунда!
06.12.2013. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saidka, Туура айтасыз, ар кимдин тагдыры озунун колунда да. Бироонун турмушуна, тандап алган жолуна, каалоосуна, пикирине эч кимибиздин соз атып, ага кийлигишкенге акыбыз жок.
04.12.2013. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мен билген учун жазамда чын.бирок турмушуна киришпей еле болгонун жаздым.
05.12.2013. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чужая семья-темный лес!Ырдаганын талкуулагыла...куноого батпай(((
05.12.2013. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saidka... Сен да ушундай курактагы кишиге чыксам дейсинби?
05.12.2013. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулукту. Менин жолдошум бар. Мен чын дилимен суйуп калсам жашына карабайт болчум. Самара чыкса бардык кыздар улууларга чыгат дегени эмес! Мен жон гана анын турмушуна асылбагыла дедим.
06.12.2013. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жагат татынакай жана жакшы ырдайт ийгилик
06.12.2013. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында талантуу кыз, чыныгы таланты бар адам эл арасына бат синип кете алат экен. Мен бул ырчыга баа бердим. Азаматсыз!!
07.12.2013. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Турмушуна кийлигишпегиле!!!Атасы менен тен кишиге чыксада элге ашыкча соз чыгарбай уй булону да, чыгармачылыкты да оз ордунда алып кетип жатат экен...Ийгиликтерди гана кутуп калам,чындыгында таланттуу!!!! уну да бар сулуулук да бар........
07.12.2013. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
уну талантыго бар бирок уятта.кыздар ойлонгулачыы
27.02.2014. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба, эркек маймылдан бир аз айрымасы болсо болду да, за то кадырлап суйуп, Самарага татыктуу болоюн деп аракет кылат. Башка сулууларды карабай :)
10.01.2015. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асан Мансуров 1968-жылы,23жаш улуу экен да э?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо