Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АТАМБАЕВДИН ИШТЕГЕНИНЕ 2 ЖЫЛ

№579 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж

Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын 1-декабрь күнү КРнын Президентинин кызматына расмий киришкен. Ошентип, Кыргызстандын 4-мамлекет башчысынын президенттик мөөнөтүнүн экинчи жылы аяктады.


2012-жылдын 10-12-декабрь күндөр аралыгында президент Алмазбек Атамбаевдин Германияга барган расмий сапарында KfW немис мамлекеттик банкы, Франкфурт финансылык борбору жана КРнын ортосундагы 8,5 миллион евродон турган карыз милдеттемелерин алмаштыруу тууралуу келишимге кол коюлган. Сүрөттө Алмазбек Атамбаев Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель менен.

Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси байкаларлык бекемделди. Стратегиялык өнөктөшкө айланган Орусия Кыргызстанга берген жалпы карыз боюнча 488,9 миллион доллар менен үстөк пайызы боюнча 110,1 миллион долларын кечип, ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырмакчы болду. Жогорку-Нарын каскадында курулуучу ГЭСтин баасы 400 миллион долларды түзөт, анын курулушуна 5 миңдей киши жумушка алынат. Кыргызстандын Бажы союзуна да кирери жарыяланган. Сүрөттө Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ала-Арча коругунда.

Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын 23-апрелинде «Энелер күнүн белгилөө жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ошондон бери ар жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленмей болду. Сүрөттө Алмазбек Атамбаев Баатыр энелерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууда.

Кыргызстандын дагы бир стратегиялык өнөктөшү Кытай Эл Республикасы менен болгон алака ушул жылы жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Коңшу мамлекет быйылкы жылы 200 миллион юань грант, Бишкек шаарында ШКУнун саммитин өткөрүүгө 46 жеңил унаа менен 4 кичи автобусту кайтарымсыз жардам иретинде берди. 2012-2013-жылдары Кытай өкмөтү тарабынан «Датка» подстанциясынын курулушуна 208 миллион доллар, «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы электр линияларын тартууга 390 миллион доллар, Бишкек шаарындагы жылуулук электр борборун модернизациялоого 386 миллион доллар, түндүк-түштүк жолунун курулушуна 400 миллион доллар көлөмүндөгү ири кредиттер бөлүндү. Сүрөттө Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга 2013-жылдын 11-сентябрында мамлекеттик сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен.

Буга чейин Түркия Кыргызстандын 49,2 миллион доллар карызын кечип, ошондой эле түрк өкмөтү кыргыз тарапка 100 миллион доллар жеңилдетилген кредит менен 6 миллион доллар грант бөлүп берүү чечимин кабыл алган. Кредиттин бир бөлүгү айыл чарбанын сугат тармагына жумшалып, жаңы техникалар сатылып алынган. Сүрөттө Алмазбек Атамбаев 2013-жылдын 18-июнь күнү Түркияга болгон иш сапарында Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен.

2013-жылы 26-28-февраль аралыгында президент Алмазбек Атамбаевдин Японияга барган расмий сапарында Бишкек-Ош жолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо боюнча долбоорго гранттык жардам көрсөтүлгөн. Сүрөттө Алмазбек Атамбаев Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен.

2014-жылдын жаз айларында өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын бириктирүүчү Ош-Бишкек кан жолуна альтернативдик жолдун курулушу башталат. Долбоордун баасы 850 миллион доллардын тегерегин түзөт, анын 400 миллион долларын каржылоо макулдашуусу Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы менен үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында түзүлгөн. Сүрөттө Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов менен

«Датка-Кемин» долбоорунун алкагында жаңы жогорку чыңалуудагы электр линияларын тартуу иштери башталды. 2015-жылы ишке кире турган «Кемин» подстанциясы туташтырылса, Кыргызстан Өзбекстан менен Казакстандан көз карандысыз энергетикалык алкакка ээ болот. Бул иштер Кытайдын "Эксимбанкы" тарабынан каржыланууда, кредиттин көлөмү 390 миллион долларга жакын. Сүрөттө Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев менен 2013-жылдын 3-июль күнү болуп өткөн «Датка» подстанциясынын ачылышында.

Эльвира Караева
Султан Досалиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(39)
09.12.2013. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздин президент эс алып ойногончо кыргызстанды карызга батырып карызды ойлонбой алган го!
09.12.2013. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
отставка, отставка
09.12.2013. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карызды ала берген экенго ээ! Кана акчалар менен курулган ишкана заводор ачылдыбы же жабылды?
09.12.2013. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
булар деле жондон жон карыздарын кече бербесе керек бир ойлогону барда акыр аягы 5000000жэтпеген кыргыз элин чачыратып болуп албаса болду
09.12.2013. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен колдойм атанбаевди туштук жак неге жамандай бересинер
09.12.2013. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
urmat1992, Сен колдой бер! Мен Президент деп эсептебейм Алмазды.
09.12.2013. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ё-оооооооооооо, ушулбу кылган иштери?! Көрүнүктүү кылган иштери ушул болсо, э койчу АШАны!!! Коррупция менен күрөшүп атам деп коёт бети кызарбай, окуу жайларда паракорлор, бажыда паракорлор, сотто, прокуратурада, ооруканаларда, жадагалса бала бакчаларда да паракорлор очойуп отуруп алышкан!!! Кана жыйынтык? Коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгы бир гана Келдибековпу?!!!!
09.12.2013. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баңгизатты ташуу үчүнчү жана төртүнчү "жаңы жылдын" убагында он эсе өсүптүр, бул деген коррупциянын он эселеп өскөнү эмеспи?!!!
09.12.2013. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
мен уялам атамбайды президентибиз дештен
09.12.2013. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи мамлекетте иштегендер 10,20,30 жылдын алдын алып план курушат эми АШАкен Акаевдин,Бакиевдин пландары менен ишти кылдыратымыш жатат да.Эми аман эле болсун, деги качпасынчы эч кимиси, антпесе кыргыздардын аброю чет жерлерде калбай деле бара жатат.
10.12.2013. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
best-life, Качырбай эле камап койсо болот. Эгер бакиевди качырбай, алып келсе АША озу кошулуп камалыш керек болуп калат да.
09.12.2013. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай суротторго карап туруп, коп эле маанилуу жолугушууларга барыптыр, бирок эч кандай жыйынтык, олко учун кандайдыр бир плюстары жок ко эсе.
10.12.2013. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
АШАкендин бул суротторун коргон адам кубанасын чиркин, жылмайып тээгеле жакшына тушот экенгоо деп, ббарын жайлагансып, кылган иштерин корсон ууланасын чиркин озунду-озун асып алчудай. АШАке, биир куну уйундун куноостуу жеринде олтуруп ойлонууп, каласыз аттин ай эмнеге ошондо ушул ишти жасабадым экен Мамлекеттин кызыкчылыгын, мотурайган жааш оспурумдордун келечегин эмнеге ойлонбодум экен кийин ушулар айтат элегео Бизди ушул даражага ушундай жыргал жашоого ушул Атамбаев Алмазбек Шаршенович алып
10.12.2013. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келген деп айтышат элего деп арманда каласызго.
10.12.2013. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Карыз алуудан соз жок жакшы иштептир, а башкасын эч бир корунуктуу ишин байкалбады. "Энелер куну" деп жатат, аны элге жагыныш учун эле жарыялап жатат, эмесе энелер кунун 8-мартта эле белгилеп койсо болмок да.
10.12.2013. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев озу жакшы иштеп жаткандай бирок жанындагы подхолимдер тоскоол болуп жатат. Озу Жанторо Сатыбалдиев Ошто мер болуп жургондо эч иш жасабаган . Пример министр болуп корунуктуу иш кыл
бай эле журот депутаттарды иштен алып ишке коюп дагы тез тез эле дем алышка чыгат кыйраткансып.
11.12.2013. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rianna,Ушул Сатыбалдиевди жумушка алганы эч кимге жаккан жок да,тескерисинче ага карата текшеруу жиберсе болмок
10.12.2013. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакиев жесе да ошого жараша Кыргыз эли учун жаакшы эле эгектенди,Атамбаем "дедебеде" деп норм суйлой албайт кайдагы жумуштун жыйынтыгы болсун!!! жаны жыл болуууп эле отурат , Кыргызстанды соргонго эчтеке таппай элин залоко коюп чет элден кридит алып чонтоко салып
11.12.2013. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аман эле болсунчу
11.12.2013. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iwinizge iygilik urmattu prezidentibiz.oz omurun ortogo koyup eledin jugun arkaloo ar kimdin ele kolunan kele berbeit.Alla ozu sizge jar bolsun.Kyrgyzstandy oilop aldyga koigon plandarynyz iwke awuusun chyn jurokton kaalaim.
11.12.2013. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен президенттин баштаган жумуштарын аягына жеткирсин демекмин,коррупцияга карата болгон иштеринизге ийгилик!Уурулардын орду турмодо,эч аябай камаш керек,акчаларын кайтарып алдырыш керек!
12.12.2013. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Saiha.84, акчаларын каяяка алдырат тигинин чонтогунон озунун чонтогунобу ушул убакка чеин бир да бироосунун акчасын алып юджетке откордук дегенин уккансызбы
12.12.2013. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dimedra, Озунун чонтогуно алып жатканын козун менен коруп кулагын менен угуп жатасынбы?
23.12.2013. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Saiha.84, коррупцияны жойсо, биринчи озунон баштасын хе
12.12.2013. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баардык президент эле элинин жарымына жакса жарымына жакпайт ал эми биздики болсо 100но жакса 5 599 900 но жакпайт ал да болсо жактыргандар туугандары пайда коргон кошаматчылар мен кыз болсом да ушундай кырдаалдан уялмакмын.
12.12.2013. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Dimedra,Мен эч кандай тууганы эмесмин,шайлоодо уй-булом менен барып добушубузду Атамбаевке бергенбиз.Жакшы эле иштеп жатат калганын дагы убакыт корсотот.Билбей туруп кошоматчы дегенин туура эмес
12.12.2013. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми иштегенине 2 эле жыл болду. убакыт берели да. эч ким 2 жылда бутуна тура алышпайт. ушинтип 1 2жыл иште иштебей кубалай берсек качан онугобуз туугандар?
13.12.2013. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
enn07, misaly Oshtun meri Myrzakmatov bir ele jyldan bashtap kop ozgocholuktordu jaratyp, mykty korsotkuchtordu korsotup ulgu bolup ele ishtep bashtagan. Al emi andan syrtkary 2010-jyldagy iyun okuyasynan kiyinki Oshtun abalyn korsonuzdor yilamaksynar, myna oshonun baaryn tuptop, oz abalyna keltirip, daje shaardy guldotup andan da sonun abalga keltirip koygondugun misal keltirsek bolot. El da katuu syilap urmattayt, baary any jakshy korot. Insan ishteym dese az ele ubakta jakshy jyiyntykty korg
13.12.2013. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
....korgozo bashtayt. Myna ushul nerselerdin baaryn Atambaev koro albay, Myrzakmatovdu ishten aldyrtyp koibodubu. Atambaev maktanyp ele Kudaydy oozuna alyp, arkasynan kanday ishterdi jasap, eldi aldap kalpele ishtemish bolup jatkany zeenindi keyitet.
12.12.2013. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу мен 15мунот эле президент болгондо Кыргызстанды гулдотуп коймокмун. Иштен алчусун алып иштей турганын иштетип. Баарын орду ордунда бутурмокмун
12.12.2013. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Иштерине ийгилик,Атамбаев эле алайын,тонойун деген киши эмес,Кыргыз эли учун чындап куйот.
12.12.2013. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ото жакшы адам
13.12.2013. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул президендтен эчнерсени кутпой эле койгула барибир бир нерсени кыйратпайт
13.12.2013. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bir jylda kan4a jegeninda jazyp koigula4y
13.12.2013. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
атамбаевдин журуш турушу , суйлогону эч президентке татыктуу эмес да айланайындар деп суйлогонучу.
13.12.2013. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuura aytasyn, andan koro Akaev menen Bakievti da el jakshy korchu. Bakievti el jakshy ele syilachu, Atambaevti ech kim dele prezident katary korboyt. Akyry kanday bolot eken emi. Mmmm
14.12.2013. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жомок айтканычы,ажыдаар болуптур илгери деп)))
14.12.2013. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дуйно жузуно шерменде болбойлу деп кыргыз элим козун жумуп атамбаевти шайлаган андан башка айла жок эле.менин ойумча эч нерсе озгорто алган жок бул да озунун чонтогун толтуруп жатса керек болушунча аа кыргызстанды карызга батырып чыгып кетет да. окунучту.
17.12.2013. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Almazbek atambaevdi men da koldoim bary jakshy bolup kele atat emiden myna gester kurulup bytty i kurulup da atat booomdun jolu da jakshy bolup kaldy karyzdan kutulabyz eger naryn kaskatary kuruup bytyp ishke kirse tamojka ga da kirse jakshy bolot ele
tyndyk-tyshtyk bolup bolyno bersek anada bizdin ki4ine egemendyyy olkobyz ne bolot?mitingderdi toktotush kerek!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо