Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ӨСПҮРҮМ 2 КИШИНИ ӨЛТҮРДҮ

№579 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж

Жакында Бишкек шаарында арактын айынан дагы бир оор кылмыш катталды. Мас болуп калган 16 жаштагы өспүрүм 2 кишини өлтүрүп качып кеткен.

АЯШ ЭНЕСИН ЖАНА АНЫН КОҢШУСУН БЫЧАКТАГАН
Үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрында милицияга Бишкек шаарынын Наманган көчөсүндөгү бир үйдөн эки кишинин өлүгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Каза болгондордун өздүгү аныкталып, алар үй кожойкеси, 46 жаштагы Елена Голатенко жана анын коңшусу, 41 жаштагы П.Виктор экендиги аныкталган. Көп өтпөй милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип Данияр аттуу 16 жаштагы өспүрүм жигит колго түшүрүлгөн. Данияр маркум Еленанын уулу Максимдин досу болгон жана алардын үйүндө убактылуу жашап жүргөн.
Иликтөөнүн жүрүшүндө окуянын кандай болгону аныкталды. Маркум Елена Голатенко 29 жаштагы уулу Максим жана 30 жаштагы келини Елена менен чогуу жашачу. Коңшуларынын айтымында, Голатенколордун үй-бүлөсү спирт ичимдиктерине жакын келип, үйүнөн дайыма ызы-чуу чыгып, чоочун адамдар үзүлбөчү экен. 18-ноябрь күнү да алардын үйүнө коноктор келип, чогулгандар түн бир оокумга чейин ичимдик ичишет. Кээси үйлөрүнө кете баштаса, кээ бири ошол эле жерде уктап калышат.
Мас болуп калган Данияр менен Виктордун ортосунда пикир келишпестик чыгып, уруша кетишет. Елена менен Виктор уктаганы кетишет, ал эми Данияр алар жаткан бөлмөгө кирип, Викторду бычак менен сайгылай баштайт. Ызы-чуудан ойгонуп кеткен Еленаны да бычактаган Данияр окуя болгон жерден из жашырат. Кийинки күнү эртең менен ойгонгон Максим менен Елена апасынын жана коңшусу Виктордун жансыз денесин көрүшөт. Экөөнүн тең денесинде бычактан алган көптөгөн жарааттар бар болуп чыккан.

Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын кызматкери МЫРЗАБЕК ТОКТОСУНОВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул кылмышка шектелип 1996-жылы Чүй облусунда туулган Данияр Нурланбек уулу кармалып, кылмышын мойнуна алган. Анын мурда уурулук үчүн 3 ирет соттолгону билинди. 2 кишини өлтүрүүгө эмне себеп болгонун түшүндүрүп бере алган жок, мастыгына гана шылтап жатат. Учурда бул факт боюнча Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Данияр Нурланбек уулу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
09.12.2013. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менттер ура берип зордукча мойнуна койсо албетте эмне себептен өлтүргөнүн айталбайтта.Соттолду деп эле мойнуна коё бериш керекпи?Балким аларды башка бирөө өлтүргөндүр.Жаш баланы коркута бербей жакшылап изилдеп териштиргиле демекчимин.Ак ийилет бирок сынбайт!
13.12.2013. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте, конкретных доказательств нет.шектельди деп кармалды и всё, ошол олтургон экен. Менты когда вы начнете более серьезней относится к своей работе...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо