Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«УЛГАЙСАК ДА СҮЙҮҮБҮЗ ӨЧПӨДҮ»

№579 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж

Редакциябызга 40 жашка барып калган айым келип, өзүнүн 20 жыл мурдагы махабаты туурасында баяндап берди.

«СҮЙҮҮ КАТТАРЫ...»
– Биз улгайсак да, сүйүүбүз 20 жыл мурдагыдай жалындаган бойдон экен. Ал кезде агайым 35теги от болуп жанып турган жигит эле.
Тайпада көбүнчө кыздар окучубуз. Бир күнү шыңга бойлуу, тыкан кийинген, көз айнекчен агай кирип келди. Ага көп кыздар кат жазышар эле. Мен башка кыздарга окшоп атымды
жазчу эмесмин, анын ордуна алты чекит коюп койчумун.
Негедир лекция учурунда ыр жазууга аябай эргүү келчү. Ошентип отурганымда агай мага «Сиз мен келгенден бери лекцияга көңүл бурбай отурасыз. Экөөбүз кыл көпүрөдөн көрүшөбүз» деди. Студенттердин арасында жаман абалда калдым. Анан «Агай, кыл көпүрө дегениңиз эмне? Экзаменби? Мен түшүнгөн жокмун сөзүңүзгө. Жообун жалгыз уккум келет...» деп жазып узатып жибердим. Аны окуп агайдын өңү башкача боло түштү. Лекциясы мурдагыдай болбой, сабакты эптеп бүтүрдү.
Агайдан жооп угуу үчүн акырында калдым. «Дареметим жетсе, сиздин кыл көпүрөдөн өтүп кетсем болдубу?» десем, «ушунчалык дареметтүүлүгүңүздү убагы келгенде көрөм» деди. Ошондон кийин «Агайда жүрөк барбы?» деген ойдо анын сезими менен ойной баштадым. Дареги жок сүйүү саптарын узатып жүрдүм.

«КЫЛМЫШЫМ» БИЛИНГЕНДЕ...»
– Экзамен тапшырчу учур келди. Тест берип, жообун өзүнчө баракка жазып бергиле деп калды. Жазып жаткам, агай улам башкача көз караш менен тиктеп коёт. «Эмнеге мындай болуп жатат...» деп ойлоп, агай биздин кол жазмабызды текшерүүнү, ага дарексиз катты ким жазып жатканын билүүнү максат кылганын түшүндүм. Башка барак алып, кол жазмамды өзгөртөйүн деп шашкалактап жазып жатканымда агай басып келди да, барактын четин басып калды. Коркуп кеттим. «Агай, мен бүтө элекмин, туура эмес жазып алдым. Башкага көчүрүп берейин» деп чырылдап жибердим. Ал «болду, убактыңар бүттү, баарыңар жыйнап бергиле» деди.
Сыртка чыгып алып уурулугу кармалып калган адамдай калтыраганымды айтпа. Жатаканага кетип калдым. Старостабызга мени эртең саат 9га кафедрага келсин деп айтыптыр. Түнү менен ойлонуп, мага бериле элек суроолорго жооп даярдадым. Кафедрага келсем агай отуруптур, башымды жерге салып, мектеп окуучусундай болуп турдум. Бирок мен күткөндөй болбоду. «Коркпой, мага жакыныраак отурчу. Азамат, жакшы ыр жазат экенсиң. Сен болсоң керек деп ойлогон элем» деди. Ошол сөздү укканда демим бошой түштү. «Күчтүү студенттер силерде аябай көп. Сен алардан да күчтүү турбайсыңбы. Жүрөгүңдө отуң бар экенин биринчи келгенде эле байкагам» деп мени күлдүргөнгө аракет кылды. Узатарда мени менен кошо басты да, эшикти ачайын десем, ал эшикти түртүп мени кучактай калып өпкүлөп жиберди...

«КОШТОШУУ...»
– Ошол күндөн кийин мен агайдын сезими менен ойнобой, тескерисинче, ага байлана баштадым. Дайыма эртең менен сабакка келе жатканыбызда агай факультеттин алдында турган болор эле. Кийин айтып жатпайбы, «сени бир көрүп алып сабакка кирбесем көңүлүм тынчычу эмес» деп. 
Кийин бат-бат жолугуп сүйлөшчү болдук. Бир жолу университетте фестиваль болуп калды. «Мен калыстар тобунда болом, сен да баргын, ээ» деди. Көпчүлүктүн арасында болсок да, көзүбүз менен бири-бирибизди издеп таап алчубуз. Фестивалга барсам агай сахнада сүйлөп жатыптыр. Көзү эл арасынан мени издеп жатат. Акыры көрдү да, карап калды. Эрте жаз болчу, фестиваль жыйынтыкталганда чоң, кыпкызыл алма аукционго коюлуп, ал «калыстар тобунун төрагасына» деп агайга берилди. Аны акырын сумкасына салып койду.
Агайдын кабинетине барсам кызыл алмасын мага берди да, «канча адамдын көзү түшкөн алма, калыстар тобуна бөлүп бербестен сага бергени атайын алып койдум» деди. Бирөөнү сүйүүдөн да сүйдүрө алуу ушунчалык чоң бакыт экенин ошондон улам билем. Жашым кырктан ашып калды. Ушуга чейин агайды сүйгөнчөлүк эч кимди сүйө алган жокмун. Айрылышып, алыста жүрсөк да агайды көп ойлоп, көз жашымды төгүп жүрдүм.
Агайдын кыздардын арзуу толгон каректерине, назик сезимдерине канчалык арбалганы өзүнүн жүрөгүндө сыр бойдон кала берсе керек... Бирок мага кайдигер эмес эле. Арадан көп убакыт өтпөй биздин мамилебиз тереңдеп кетти. Ансыз кантип жашап жүрдүм экен?! Жүрөгүмдүн төрүн ээлеп, турган турпаты кан-жаныма сиңип, сүйүү, махабат деген улуу сезимди таанытты, менин жашоомдогу жалгыз эркек так ошол агайым болду. Кол чатыр кармап кеч күздүн нөшөрлөгөн жамгырында, кыштын көз ачырбай жааган карларында агайыма жолугууга барам. Ал болсо сагыныч толгон каректери менен мени арбагандан арбай берет. Бул бактылуу күндөр кайсы бир күнү аягына чыгарын билсек да, өз дүйнөбүздө бир келген бакыттын даамын татып жашай бердик. Анткени ал кезде экөөбүздүн бири-бирибизге барчу тагдыр жолдорубуз жылчыксыз жабык эле. Мен үй-бүлөлүү, ал да ата, бирөөгө жар эле.

«КАЙРАДАН ЖОЛУГУШУУ»
– Убакыт келип, мен айылга кетчү күн келди. Экөөбүз бир күн мурда коштошконбуз. Жатаканада студенттер жок. Бир аз иштер менен кармалып, курбум экөөбүз калганбыз. Эртең биз да жолго чыгабыз. Беш жыл окуп жаштыктын, сүйүүнүн, канчалаган жакшы окуялардын күбөсү болгон окуу жайыбызды, жатакананы таштап кетерибизге өкүнүп, терезени тиктеп тургам. Шашып келаткан агайымды көрдүм. Мен ичкериде, агайым сыртта тиктешип туруп калдык. Ак көйнөкчөн, бир аз буруп тараган чачына күрөң көз айнеги жарашып ажарын ачып турду. «Неге келдиңиз мени кыйнап? Кечээ эле коштошподук беле...» дедим күбүрөнө. Айрылуунун ачуу ызасы муунтуп, жүрөгүмдү өрттөп турду. Ыйлап жиберүүдөн өзүмдү кармасам да, көзүмдөн мөлт-мөлт жаш куюлуп жатты. «Кечинде келебиз» деп бурулуп кетти. Күүгүм ченде аккордеон тарткан досу менен келиптир. Ошол күн эсимде. Таң агарганча шаңдуу отурганбыз. Бул биздин бирге өткөргөн акыркы түнүбүз, акыркы жолу таңды бирге тосконубуз эле.
Турмуштун агымы кайсы гана жээктерди көргөзбөдү? Бир топ жыл сыртта да жүрдүм. Кыргызстанга келип кеткен сайын агайдын дарегин угуп кетем, бирок өзүнө такыр жолободум. Сыртта жашоого көнүп калсам да, өз шаарыма, агайым жашаган шаарга кайтып келдим.
20 жыл өттү арадан, шаарга келүү максатым сүйүүмө жакын жашоо болгону менен, ал адамга такыр кезиккен жокмун. Бир күнү үйүмө Аксынын Караван деген жеринен 68дерге барып калган эже келди. Сүйлөшүп отуруп өзүнүн сүйүүсүн айтып бергенде көзүмдөн жаш куюлду. Сүйүү жаш улгайганда да жашай берет экен. Ал эже жакын аяшы менен сүйүшүп калып, бирок экөө алыста жүрүп, эже алтышмыштан, абышка жетимиштен ашканда, абышканын көзү өтөр күнү кол кармашып алып үнсүз көз жаш төгүшкөн экен. Менин кайрадан сүйүүмө кезигүүмө ошол эже түрткү болду.

«БАКЫТТЫН ДААМЫ»
– Агайымдын телефонун тааныштар аркылуу таап, байланышка чыктым. «Алло!» деген коңур үндү угуп, баягы адатымча «бул мен» дедим. Унчукпай туруп калды, мен сүрдөдүмбү же таарындымбы билбейм, трубканы коёюн деп калсам күлүп жиберди. Мурда мен телефон чалган сайын «бул мен» дечүмүн. Ушул сөзүмдү көп жылдар бою күтүп жүргөнүн айтты. Дарегимди сурап, айткан жерге бат эле жетип келди. Сунган колума карабай кучактай кетти. Эриндеримден, моюнумдан, көздөрүмдөн өөп-жыттады. «Жаным менин, сагынычым, кусалыгым, азабым» деп акырын шыбырап жатты.
Бакыттын даамын ага бет келген билер. Тиктешип турдук, мезгил өз өкүмүн жүргүзбөй койбойт экен, экөөбүздө тең бир топ өзгөрүү бар, бирок агайдын оттуу, курч көздөрү, сүйүү толгон кумарлуу каректери ошол бойдон экен. Күн кечтегенче кучагынан чыгарбай жатты. Тагдыр бизди дагы бир жолдон кезиктирди. Жолдун узактыгы канча экен, аны турмуш көрсөтөр.
Андан бери тез-тез жолугабыз, күн сайын сүйлөшөбүз, а биздин сүйлөшөр сөзүбүз, сырдашар сырыбыз эми башталды. Мен бул бактылуу күндөрдү канча күткөм?  Ага бул турмушта канча аялзаты өз сүйүүсүн арнабасын, ошого татыктуу. А менин чындыгым – менин ага болгон арзуум бир келип кетчү жеңил сезим эмес, анын түбөлүктүүлүгү. Эртедир-кечтир бул конок дүйнөдөн көчөрдө аруу болгон аруу махабатым өзүм менен кошо кетет.

Айым
(аты өзгөртүлүп берилди)

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(47)
09.12.2013. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Уят эле
10.12.2013. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Koigoilorun ele aityp koiboi anyn sebepterin da kowo aitpaiby. Ozu 20 jawynda bolso agaiy 35 bolup jatsa, emi azyr ozu 40 ka chygyp jatsa agaiy 55te. 55tegi kishinin erketetuusu okwowpoi kalyptyr jana da tak sebepteri aitylbaptyr, owonduktan iwenuugo toluk negiz jok.
10.12.2013. 05:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
суйуунун керемети денчи.. да бул жашоодо бары болот....бирок суйуусуз жашоо болбойт..ар бир адамдын башында суйуу бар аны ар бир адам озугана билет...башкага тушундуруу кыйын...суйуу менен жашоо кызык..суйуусуз бул жашоо сумсак болуш керек менимче..эх суйууу
10.12.2013. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
угушума караганда 55жашка эмес 60 ка чыккан кишилердин да жан алып , жан бергендери бар экен ...чиркин))))
10.12.2013. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуу чын экен ээ ... Мен жалган деп ойлоп журсо..,эххх жашоо неге мынча татаал?
10.12.2013. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Суйуу бул жон эле жомок!
10.12.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйуу суйуу деп койот суйуу ойду жеп койот!
10.12.2013. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
suiuu chyn ele barby
11.12.2013. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bemkow,
owo da..?
11.12.2013. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин да суйуум ушундай менда куйоомду чын журогум мн суйом мен бактылуумун суйгон адамыма тийгениме
11.12.2013. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уйлонушуп алса болбойбу эле?же агайынын аялы бар беле ошондо?
11.12.2013. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агайынын турмушу бар бекен жок бекен эле а?
11.12.2013. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кенеш экен жаштарга?! Азыркы жаштарда уят жок дей беришет. Жаштар эмес улууларыбыздан ыйман кеткен.
11.12.2013. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен суйунун бар экенине ишенемин.Мен 15-16жылдан бери бир Таласстык жигитти суйуп журомун.Уйбулом,бала-чакам бар.1998жылы корушконбуз,ошол бойдон дареги жок.Кочого чыгып кеткен бойдон дарегин бир туугандары да билбей журушот.Мен кыйналганда дайыма тушумо кирет.Кайда журсода,бактылуу болсо экен,эч жери оорубаса экен деп дайыма тилеймин.Кееде тируу бар бекен деген да ой келет.Суйу бар учун бул жашоо кызыктуу.
11.12.2013. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай суйуулор уй-булону бузбаса болгону,балдарыбыз азабын тартпаса жакшы,тескерисинче эки тарапка азап алып келген суйуулор болбой эле койсун демекмин!
11.12.2013. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
суйушуп жургондо уйбулосу бар беле кененирек жазса болмок
11.12.2013. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуу бул баткак суйом деген адамын ертен кетет алдып.
13.12.2013. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булолуумун дейт, куйоосу билбей каякты карап жургон?
13.12.2013. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жазылып турбайбы,ал да мен да уйбулолуу элек деп,бирооно ата ,жар эле деп,
27.12.2013. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх,эжекемдин суйуусу! эми ыйман жолуна тушуп,балдарына,балдарынын атасына отсун суйуусу!
10.01.2014. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
STARS-BOYS88 - эскертүү!
Баш тамгаларды ашкере колдонууга тыюу салынат!
21.01.2014. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
40 жашка келгенче сага акыл келе элек экен.40 тан кийин келмек беле.
27.01.2014. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх жаштар жаштар силер эженердин суйуусуно тан калбай эле койгула,суйуу жаш карыга карабайт,журок эч качан карыбайт,бетине тырыш тушсо да журогуно тырыш тушпосун деген соз бекер айтылган эмес, адамдар 40тан откондон кийин жашоону барктай баштайсын экенсин да.....
15.04.2014. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх суйуу адамдарды эмне гана кылбайсын...
10.02.2015. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх суйууууу эжеке сизди тушуном ушундай суйуу таттуу сезилет
17.10.2017. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуу....чыныгы суйуу....билгендер тушунот.
05.06.2018. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сүйгөнү гооо жакшы... бирок үй-бүлөлөрү не болду? Зарыгып күтүп, кирин жууп, тамагын даярдап отурган бирөөнүн аялы, үй-бүлөмдү багам деп иштеп жүргөн бирөөсүнүн күйөөсү кантти? Ошолорду ойлоп боору ооруп кетти (
05.06.2018. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин күйөөмдү да бир үйбүлөлү келин сүйүп калыптыр. Сүйүү каттарын жазып жүрөт. Каттарын күйөөм мага өзү окутту. Сен да аны сүйдүңбү десем, жок деп атат. мени аяп атабы же билбейм.... Кыскасы мен тиги агайдын аялынын ордунда сыяктуумун, ушунчалык кыйналдым. Үйбүлөлү экенин билсеңер сүйбөй эле койгулачы. Агайдын аялы билбесе керек, мен билип калып, ушунчалык кыйналып араң жүрөм.
06.06.2018. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо суйуу айланып алыс журсунчу
06.06.2018. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зынаа зынаа и дагы бир жолу зынаа
06.06.2018. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тушунуксуз же мен тушунгон жокмун агайынын аялы бар болгонбу ошондо эле? бул эжебиз турмушка чыкканбы жокпу?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо