Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАЛА БАГУУЧУНУ КАНТИП ТУУРА ТАНДОО КЕРЕК?

№579 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж

Жашоодогу эң кымбат нерсеңди – балаңды кимге тапшыруу керек? Бала багуучуну кантип туура тандоо керек? Окурмандардын бул суроолоруна психолог НУРЗАДА МАЯМЕРОВА жооп бермекчи.

Эң туура вариант – туугандар же жакшы тааныш аял менен сүйлөшүп, чектелген айлыкта бала багуу тууралуу келишим түзүү. Анткени алар сындан өткөн жана ишенимдүү. Эгер таппасаңыз, анда коңшу, тааныштар же гезит, интернет, агенттик аркылуу бала багуучу издөөгө туура келет. Бала багуучуну издөөдө жаш курактары да маанилүү.

ИДЕАЛДУУ БАЛА БАГУУЧУ
Жашы 30-40тардагы, жашоосуна ыраазы болгон аял болсо жакшы. Анткени бул куракта өзүнүн баласы бар болот, демек, бала багуу тажрыйбасына ээ. Памперстин өлчөмү, упчуну жана бала сүт иче турган шишени стерилизациялоо, эмдөөдөн кийин баланы кароо, оюнчукту жаш курагына жараша тандоо боюнча түшүнүккө ээ.
Ал эми күйөөсү да, баласы да жокторду алып жатканда жакшы байкаңыз. Жалгыз бой айымдар жашоого болгон нааразылыгын сиз жокто баладан чыгарып алышы мүмкүн.

ЖАШ БАЛА БАГУУЧУ
Кээ бир ата-энелер окууга өтпөй калган кыздарды бала багуучулукка алышат.
Жакшы жагы. Өзү деле балалык доор менен коштошо элек кыз сизди энеси же эжеси катары көрүп, тилиңизди угат. Балаңызга жакшы компания түзүп, чогуу ойнойт. Жаңы талаптарды бат өздөштүрөт.
Жаман жагы. Баланы режим менен багып-кароону, ооруп калса эмне кылууну билбейт. Жаш балдарга тамакты аз-аздан, жумшак кылып берүү керектигин көбү биле бербейт. Демек, ал билбеген нерселерди тажабай үйрөтүүгө мажбурсуз. Ошондой эле тез-тез телефон чалып, эмне кылып жатканын, баланын абалын такып сурап, кабардар болуп турууга аргасызсыз.

ЖАШЫ 50ДӨН АШКАН БАЛА БАГУУЧУ
Бул курактагы аял небере да көрүп калат.
Жакшы жагы. Мындай аял – балага эмне керек экенин билген жооптуу адам.
Жаман жагы. Жаш курагына байланыштуу кулагы катуу же кыймылы жай болушу мүмкүн. Анын үстүнө консервативдүү көз карашта жана акыркы кезде чыккан медициналык дары-дармектерден маалыматы жок. Ал ордунан көтөрүлгүчө балаңыз чуркап барып ысык чайды тартып алат же кир жуугучту иштетип жиберүүсү мүмкүн.
Ошондуктан бул курактагы аялдар жоош-момун балдар үчүн ылайыктуу.

ТАНДООДО ЭМНЕЛЕРГЕ КӨҢҮЛ БУРУУ КАЖЕТ?
Бала багуучу менен таанышып жатып өзүңүздү кызыктырган суроолордун баарын бериңиз: Ким менен жашайт, үй-бүлөлүк шарты кандай? Мурун кайсы жерлерде иштеген? Бала багуучулук иш тажрыйбасы канча жыл? Эгер мурда бала багып иштесе, ал жерден эмнеге кеткен? Бала укпай койгондо тилин табуу үчүн кандай ыкмаларды колдонот? Ооруп калса кантип карай алат? Учурда дары-дармек ичип жүрөбү? Кандай оорулар менен ооруган? Тамеки тартабы?..
Суроолордон тышкары аялдын өзүн алып жүрүүсүнө, кийинүүсүнө көңүл буруңуз. Суроолорго чаргытып, көңүл кош жооп берсе, же өзүн алдырып ачууланса, же жөнү жок кол жаңсай берсе, калп күлүп сүйлөсө, бирөөлөрдү сындап жана жамандаса, андан дароо эле баш тартыңыз. Кыскасы, бала багуучу тандап жатып анын профессионалдуулугунан мурун адамдык касиетине көңүл буруңуз. Ошондой эле энелик ички туюмга таянган да жакшы натыйжа берет. Ишке алынып жаткан аялдын документтеринин көчүрмөсүн алууну жана туугандарынын жашаган жерин жазып алууну унутпаңыз.

КАНДАЙЫНА ТУШ КЕЛГЕНИҢИЗДИ АНЫКТОО ЖОЛДОРУ
Бул жаатта көпчүлүк колдонуп жүргөн ыкма – үйгө жашыруун же ачык түрдө видеобайкоо орнотуу жардамга келет. Андагы тартылып калгандарды көрүп, бала кандай колдо экенин билсеңиз болот. Үйдө видеобайкоо жок болсо жана балаңыз бала багуучуну көргөндө түсүн үйрүп, сизди ээрчип ыйласа, акыркы кездерде тамак жебей, түнт болуп баштаса, анда ал бала багуучудан баш тартууга туура келет. Баары жайында деген күндө деле, бала багуучуну жумушка кетип жатып байкоо кажет. Бир шылтоо таап үйгө кайра кайрылып же иштен эрте келип көрүңүз.
Тили чыга элек балдар сүйлөй албагандыктан, алардан бир нерсени шекшисеңиз, психотерапевтке жана балдар врачына көрсөтүп, текшертүү туура. Баланын кыймылын, тамак ичүүсүн, ымдоолорун, өсүүсүн жана башкаларын карап, баамдап, жыйынтык чыгарып беришет. Тили чыга элек балага бала багуучу жалдап жатып үйгө видеобайкоо коюу туура вариант болуп эсептелет.

Бир собол
БАЛАҢЫЗ ҮЧҮН БАЛА БАГУУЧУ ЖАЛДАЙСЫЗБЫ?

Аскат Мусабеков, ырчы:
– Кызым Акзыйнат азыр төрттө, бала бакчага барат. Аны келинчегим экөөбүз эле багып келатабыз. Анткени бала багуучулардын туура эмес кылык-жоруктары тартылган видеолорду көрүп коркосуң.

Салима Балтаева, ырчы:
– Мен кесибиме байланыштуу бирде эрте, бирде кеч келем. Андыктан кыздарымды каратып, бактырганга жардамга муктажмын. Бирок коркуп, чоочун аялзатын жалдай элекмин. «Бала багам» деген шылтоо менен үйдү тоноп кеткендер да чыгууда. Мурда эжемдин кайын сиңдисинин кызын, эжемдин курбусунун кызын алгам. Учурда эң улуу эжемдин кызы каралашат.

Талант Анарбаев, куудул:
– Балдарымдын бири үчтө, бири экиде. Келинчегим аларды өзү карайт. Бизге бир жакка узакка барууга туура келсе, анда балдарды таенеси карап калат. Чоочундарга ишенбейбиз, анткени жашоодо балдарды уруп-соккон, дары берип уктатып койгондор, уурдатып жибергендер кездешүүдө.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


Бала багуучуну кылдат тандаңыз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
SUPER.KG видео
07.12.2013. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
сиздерге чон рахмат,кээ бир билбеген нерселерди билип алдым.ишиниздерге ийгилик.
SUPER.KG видео
07.12.2013. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
камера коюш керек,колдон келсе.
SUPER.KG видео
07.12.2013. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эне болгондон кийин оздору карабайбы.кандай мззримсиз энелер.колдон келсе оздору караш керек эне мззримин бериш керек.мин тажрыйбасы болсо деле жаш кыздар туубаса канти карай алат.
SUPER.KG видео
07.12.2013. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жардам катары маалымат бере из деген оюнар жакшы экен, бирок психолог психолог катары коп маалымат бере албаптыр."бала энеси уйдон кетип жатканда чырылдап ыйласа тарбиячы аны чымчып койот же жакшы карабайт деген туура эмес деп ойлойм анткени балдар 0-13 жашка чейин 4 стадияга болунот.
Ар бир стадияга жараша оздорун Ар башкача алып журот.психолог ошону билбейби?маалыматты психолог катары элге маалымат берип жаткан дан кийин жакшыраак даярданса болмок, кошунасына айтып жаткан жокта
SUPER.KG видео
07.12.2013. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Какой привет такой ответ деген да адамдар бар бала багычууга сыноо катары катуу суйлоп корнуло? Ушуда болобу?
Маалымат китептерде жа сонун эксперименттер бар кандай кылганда кандай болот деген !
Баардыгы бала эне багычуу тууралуу жок дегенде психолог окубаса да ошону коруп маалымат алсынчы сураныч.сизди психолог деп ишенип маалымат алгандар копда, ошондуктан туура маалымат бергенди уйронунуз
11.12.2013. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kandai jagdai bolbosun ozun karaganga araket kyluu kerek oz balandy ozgo karap jarytpaitgo
18.01.2015. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
албетте, мен да айта кетким келет. ата-эне баланы оздору жараткан сон,оздору тарбиялап,багышы керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо