Амантур Абдусалам уулу, актёр:«ТЕРС КААРМАНДЫН РОЛУН БЕРИШСЕ КУБАНАМ»

№579 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж

Акыркы жылдары кыргыз киносу жаңы жүз, жаш таланттар менен толукталып жатканы көңүл сүйүнтөт. Бүгүн биз «Көргүм келет», «Миллиондук мелдеш» тасмаларына жана бир нече клиптерге тартылып жүзү айрымдарга белгилүү болуп калган жаш актёр Амантур Абдусалам уулу менен жакындан тааныштырабыз.

«ЭЖЕМДИН СУНУШУ МЕНЕН АКТЁР БОЛГОМ»
– Лейлектен окуумду бүтүп, шаарга келип «кайсы окуу жайга тапшырсам?» деп баш тырмап отурганда актёрлук окуу жайга тапшырууну эжем сунуштаган. Чынында, жөндөмүм бар болчу, мектепте кароо-сынактарды алпарган активист окуучулардан элем. Эжемдин сунушу менен Кыргыз драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырып, 4 жыл окудум. Учурда Арсен Өмүралиев атындагы театрда актёр болуп иштейм.
Балалыгым Тажикстан менен чектешкен Бешкент айылында өттү. Биздин айылдын балдары тажик балдар менен көп мушташчубуз, анткени ортобузда чек ара жок болчу. Бири-бирибиздикине кирип-чыгып жүрө беребиз, кээде чыр чыгып кетет дегендей. Өтө тентек болгон жокмун, ата-энем экөө тең мектепте мугалим эле. Айып кылып же ашыкча тентектигимди көрсөтсөм, «мына, мугалимдин баласынын тарбиясы» деген кептерди угуп, ата-энеме сөз тийгизгенден чочулачумун. Үй-бүлөдө алты бир тууганбыз, эжем, эки байкем жана эгиз инилерим бар.

«ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕН БИЛИМ АЛГЫМ КЕЛЕТ»
– Мен актёрлук окуу жайга тапшырганда атам «талантың болсо, билими жок деле киного тартылып, ырдай берсең болот» деп билими жок белгилүү залкар ырчыларды санап берген. Бирок учурда актёр үчүн билим маанилүү экенин түшүндүм. Колдон келсе актёрлук билимимди тереңдетип ГИТИСтен, Голливуд мектебинен билим алгым келет. Учурда колдоо көрсөтө турган демөөрчүлөрдү издеп жүрөм, балким, оңунан келип калса окуп калармын. Чет өлкөлүктөргө техникалык жабдык, атайын эффекттерди колдонуу жагынан тең келбесек да, актёрдук чеберчилик жагынан тең келсек болот.

«ТЕРС КААРМАНДЫН РОЛУН БЕРИШСЕ, КАДИМКИДЕЙ КУБАНАМ»
– Мага өңүмөн уламбы же башка себептерденби, көбүнчө оң каармандын ролун бере беришет, мейли кинодо, мейли спектаклде. Терс каармандын ролун беришсе, кадимкидей кубанам. Себеби «буга ушундай эле роль жарашат» деп бир образдын таңууланып калышын каалабайм. Мындан башка актёрлор деле коркушса керек. Актёр президенттин да, бомждун да, бардык кейипкердин образын мыкты ачып бере алса, ошондо чыныгы актёр болот. Актёрлуктун терс жагы – кинодогу каармандын кайгы-муңун, арзуусун, чырмалышкан көйгөйлөрүн бүт өзү аркылуу өткөрүшү керек. Антпесе жеткиликтүү болбой калат. Ушундан улам актёрлордун көбү жүрөк оорулуу болуп калышат. Бирөөнүн тарткан азабын өзүң тарткандай ойноп жатсаң, албетте, ден соолугуңа таасирин тийгизет.

«АКЧА ТАБУУНУ КӨЗДӨГӨН ТАСМАЛАР КӨП»
– Бизде азыр акча табууну көздөгөн тасмалардын саны көбөйүп кетти. Баягы эле көнүмүш темалар, албетте, биздин элди кызыктырат, бирок ал чет өлкөлүк көрүүчүлөр үчүн эмес. Мисалы, түрктөрдүн «Даңазалуу кылым» сериалын канча мамлекет көрөт, түрктөр өздөрүнүн маданиятын, тарыхын жайылткандан сырткары өлкөсүнө миллиондогон акча алып келип жатышат. Биздин режиссёрлор жеңил-желпи юмордон башка да тереңирээк, маңыздуураак, глобалдуураак темаларды алып чыгышса, чет өлкөлүк көрүүчүлөргө да кызыктуу боло турган. Бизде мындайлар жок деп айтпайм, бар, бирок саналуу эле.

«СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫМДЫ АЛА КАЧЫП КЕТИШКЕН»
– Сүйүү адамды жакшы жагына өзгөртөт. Бул нерсеге көп жолу ынангам. Менин талантымды сыйлап, урматтаган күйөрман кызым бар. Аны менен дос катары сүйлөшүп турам. Театрга келип спектакль көрүп, сабактарын жакшы окуп, жакшы жагына өзгөрдү. Мен 1-курста окуп жүргөндө сүйлөшкөн кызымды ала качып кетишкен, бул кабарды бир жумадан кийин уктум. Ошондон бери кыз жандап, сүйүү сезимине бөлөнө элегиме 4 жыл болуптур. Катуу көңүлүм калганынан деле эмес, ойлоп көрсөм, жөн гана аракет кылбаптырмын. Көрсө, сүйүү келиш үчүн да аракет кылуу зарыл экен, күтүп жүрө берсең болбойт тура.

«Актёрлуктан сырткары тамадалык менен да алектенем».

«Миллиондук мелдеш» тасмасында Жан деген ырчы жигиттин ролун ойногом. Ушул тасмадагы ролум бир аз терс каармандыкына окшоп кетет, ошон үчүн өзүмө да жагат».

«Кинодогу алгачкы ролум «Көргүм келет» тасмасында».

Лунара Бекиева
star@super.kg


Амантур Абдусалам уулу: "Сүйлөшкөн кызымды ала качып кетишкен"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(62)
10.12.2013. 05:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
красавчик))
10.12.2013. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
maga da abdan jakty. Iwterine iygilik. Uwul bala u4un kinonu korgum kelip atat...
10.12.2013. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул актер нтс каналынан тан шооласы программасын да алып барчу элего э саната менен биргеликте!
10.12.2013. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушундай жакшынакай жигит экен-соз жок! Ийгилик!
SUPER.KG видео
10.12.2013. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы актёр экен, таланты оркундой берсин! Буюрса алдыда жакшы, сапаттуу тасмаларын кутобуз!Жаны чыгып жаткан актерлордун арасынан байкалып турат мыкты ойногону...чыргармачылыка ийигилик.
10.12.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат!!!Коптогон ийгиликтерге жет!!!
10.12.2013. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Амантур! Ишине ийгилик,тилегине жет.Кыргыздын сыймыгы бол. АК ЖОЛ!
10.12.2013. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы иним ийгилик коштой берсин, создорун да ордунда экен башкалардай мактанбай,азамат
10.12.2013. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коргум келет тасмасындагы ролу жагат.Себеби ролду оз денгээлине жеткире ойногон.Азаматсын,сага чыгармачылык ийгилик каалайм.
11.12.2013. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
суйуп калдым кантейин
11.12.2013. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тартылган тасмаларын корбоптурмун, бирок таланттуу жигит экени корунуп турат, ийгилик каалайм, тилегине жет!
11.12.2013. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат жигит. Изденуун,кыялын орундалсын.
12.12.2013. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйлогон создору ар бири ордунда, озун алып отуруусу. Мына ушундай болсо эл алдындагы адам. Баары оз орду менен. Аракетке берекет. Ийгиликтер болсун!
13.12.2013. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсың иним. Иштериңди ийгилик коштосун. Лейлектин чыгаан жигиттеринен бол.
13.12.2013. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын ишине ийгилик, тартылган тасмаларын коро элекмин бирок таланттуу жигит экен.......
SUPER.KG видео
13.12.2013. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жон бир соз менен айтканда,АДАМ экен,ийгилик!!!
SUPER.KG видео
17.12.2013. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыймандуу,тартиптуу экени корунуп турат. Сулуу ЖИГИТ ,озуно окшогон,келечекте жакшы аялга жолугушун каалайм. Аялыжакшы болсо да бул баланын чыгармачылык жагынан онугот.
SUPER.KG видео
21.12.2013. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jurnalist ejenin unu biraz nepriyatniy eken :(
27.12.2013. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда жогорудагы создорго кошулам...жакшы ролдорду жарата бер...талантын оркундой берсин,ийгилик сага
SUPER.KG видео
29.12.2013. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdan jonokoi jigit eken orkunu ossoun talantyn tashkyndai bersin iygilik kana kaalaim bar bol
SUPER.KG видео
13.01.2014. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуп калдым ))))))
SUPER.KG видео
21.01.2014. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жонокой жигит экен ушунундан жазба.Айнура Салахиддинованын клибиндеги жигит ко,талантын ташкындай берсин,ИЙГИЛИК ! ! !
SUPER.KG видео
25.01.2014. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Доске азаматсын. Сага ийгилик.
SUPER.KG видео
06.02.2014. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salamatsyzby super infooo ushul jigitke aitynyzdarchy odnoklassnik saitka kirib dannyiyn jazsynchyy suranam men sizdiizdeb jatam amantur baike
SUPER.KG видео
27.02.2014. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Амантур ака катта суйуп калдым го,:) эн жакшы коргон актер, алга
07.06.2014. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Такой красивый ))))
SUPER.KG видео
24.06.2014. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
juzunda nur chachylgan jyldyzduu jigit ekensiz iigilik sizge
29.11.2014. 06:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииии аябай жагат да талантуу актер чыгармачылык ийгилик!
SUPER.KG видео
02.12.2014. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул байке олорчо жагат. Аябай жакшынакай го
18.12.2014. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хехеееййй красавасын да Амантур!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо