Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АСЕЛ КҮНҮ-ТҮНҮ ТИЛЕНСЕ, АВАЗДЫ ЭМИТЕДЕН КУТТУКТАШУУДА

№579 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж

Мына, жыл жыйынтыгын чыгарчу Супер концертке саналуу гана күндөр калды. 13-14-декабрда Улуттук филармонияда өтчү жарышка жылдын мыктылары кандай даярдык көрүшүүдө? Концерт алдынан жылдыздардын даярдыгына кызыгып көрдүк.

Асел Кадырбекова, «Жылдын супер дебюту» наамына талапкер:«ЖҮРӨГҮМ БАШКАЧА СОГУП ЖАТАТ...»
Асел Кадырбекова деген ысым шоу чөйрөсүндө көптөн бери келатат. Ошентсе да быйыл гана эл оозуна алына баштады десек, ырчы бийкеч таарынбас. Мына ошол аракети, эмгеги эске алынып, Асел «Жылдын супер дебюту» наамына көрсөтүлгөн.
– Азыр Супер концертте ырчылар элге сюрприз даярдап жатышпайбы. Ошого ал жактагы репетицияга да калбай катышып, өзүмдүн номерим эсте каларлык болуш үчүн катуу даярдык көрүүдөмүн. Ырдап гана эмес, бийлегенге да аракет кылам. Супер концертке деп атайын кийим сатып алдым. Жеңем деп аябай ишенбесем да, үмүтүм бар. Бирок жүрөгүм башкача согуп жатат...
Маңдайыма жазса наамга жетем, болбосо өтө деле кайгырбайм. Катышканымдын өзү деле чоң стимул мага. Курбуларым, жакындарым азыртадан эле «албай калсаң да, биз үчүн сен баары бир жеңүүчүсүң» деп көңүлүмдү алышууда. Апам экөөбүз да күнү-түнү «ийгиликке жетишсем экен» деп Кудайдан тилеп жатабыз.

 

Аваз Акимов, «Жылдын супер ремейки», «Жылдын супер клиби» наамдарына талапкер:«ДОСТОРУБУЗ ЭМИТЕН ЭЛЕ КУТТУКТАП ЖАТЫШАТ»
Аваз Акимовдун «Ай-ай-ай», «Гүл кыздар» деген ырлары элге жугумдуу болуп, дароо оозго алынып кетти. Андан сырткары ырчы мырза катуу эмгектенип, досу Нурлан Насип менен биргеликте «Атаман» деген ырды жаңылап ырдап чыгышты. Бул ыр элдин купулуна толуп, минтип жыл жыйынтыгын чыгарарда «Жылдын супер ремейки» наамына көрсөтүлсө, «Ай-ай-ай» ырынын клиби «Жылдын супер клиби» наамына ат салышууда.

– Ар дайым эле мындай мүмкүнчүлүк боло бербейт. Былтыр Нукеш досум (ред. Нурлан Насип) «Супер ырчы мырза» наамын алганда аябай жууп, өзүм да ниет кылып койдум эле. Баары убактысы менен болот экен, минтип менин да кезегим келип калды. Нукеш экөөбүз Мухтар Атаналиевдин «Атаман» деген ырын жаңылап ырдап, «Ремейк» наамына көрсөтүлдүк. Азыр бизди коштоп бийлөөчү кыздар менен жарыша бийлеп жатабыз. Кызыгы, досторубуз эмитен эле мени «Супер клип», Нурланды «Супер ырчы мырза» наамы менен куттуктап жатышат, кой десек болбой :) «Коё тургула, чыныгы таймаш филармонияда болот» деп жатабыз. Азыр кесиптештерибиз менен кошумча бийге катышып, ар күнүбүз кызык менен коштолуп жатат. Дагы көп кызыктар бар, аны айтсам сюрприз болбой калат, аны концерттен көрөсүздөр.

Каныкей, «Жылдын супер саундтреги» наамына талапкер:«САДАГАМ» ЖЕҢЕТ ДЕП ИШЕНЕМ»
Бир эмес, үч жолу «Жылдын супер ырчы айымы» аталган Каныкей бул ирет «Жылдын супер саундтреги» наамына көрсөтүлдү. Ал ыр «Жылдын супер тасмасы» наамы боюнча лидерликти багынтып келаткан «Салам, Нью-Йорк!» фильмине жазылган.
– Былтыр «Жылдын супер ырчы айымы» наамына ат салышып жатканда абдан эле катуу толкундангам. Ага салыштырмалуу бул жолу «Садагам» деген ырыма ишенимим күч. Саундтрек чынында эле жакшы чыкты. Бул ырымды концертте адаттагыдай эле жандуу ырдамакчымын.

 

 

 

 


Даниель, «Жылдын супер клиби» наамына талапкер:«КЫЗЫКТЫ КОНЦЕРТТЕН КӨРӨСҮЗДӨР»
Жакында гана Даниелдин «Айрылуу» аттуу клиби чыгып, көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк табууга үлгүрдү. Андыктан ырчынын бул эмгеги да «Жылдын мыкты клиби» наамына көрсөтүлгөн.
– Чынында, клибим наамга көрсөтүлүп, сурамжылоого коюлганда жакындарымдан «добуш берип койгула» деп суранган жокмун. А бирок карасам, астыда экенмин. Демек, сапаттуу, жакшы клип болуп, элге жагыптыр деп калдым. Негизи эле бул клип өзүмө да аябай жаккан, ал наамды алса-албаса да мен үчүн супер клип болуп кала берет (күлүп). Досторум болсо, Ильяз Андаштын «Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар» деген клиби менен меникин татыктуу деп жатышат. Буюрса, концертке өзгөчө бир номер даярдоодобуз. Анын кандай болорун сыр кылып, картаны ачпай турайын. Концертке келсеңиздер, кызыкты ошол жактан көрөсүздөр.

 

 


Нурмат Садыров, «Жылдын супер ыры» наамына талапкер:«УТУЛУП КАЛСАМ ӨЛТҮРҮШӨТ :)»
Кайсы жерге барба, быйыл «Мен сүйгөн менен пайда жок, кантейин, жаным, айлам жо-ок» деген ыр саптары жаңырып турду. Жаштарга майдай жаккан бул ырдын автору Нурмат Садыров деген жигит. Анын ыры «Жылдын супер ыры» наамына ат салышып, сурамжылоодо лидерликти бербей келатат.
– Менин кубанганым, эл менин ырымды жактырып угуп, хит кылды. Азыртадан эле дос-туугандарым «сен «Жылдын супер ыры» наамын алууга татыктуусуң» деп толкундантып жатышат. Баары мага ишенип жаткандан кийин аракет кылбасам болбойт.
Концертте «Мен сүйгөн менен пайда жок» ырымдын клибиндеги актёрлор менен театрлаштырылган сценка уюштурсакпы деп турам. Бул идеяны жакшы иштеп чыгалы деп актёр досум менен күнү-түнү чогуу ойлонуп, кээде таң атканча уктабай, үкүгө окшошуп калдык (күлүп).
Ии, баса, «эгер жеңип алсаң, жууп беребиз» дегендер көп. А эгер утулуп калсам өлтүрүшөт го :)

 

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(63)
10.12.2013. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aseldin bir saitta stranisasyna kirip boorym achydy Nyrlandyn kuormandary talap salyshat eken. Suluuluguna soz jok. Yrlaru jagat Koroalbagandar tyz jalagyla.
13.12.2013. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jamawok, ха ха туура Аселди коро албагандар туз жаласын!
10.12.2013. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aseldi jaman korom degender byt kyzdar eken)))))
11.12.2013. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jamawok, Чынында Асел да коптон бери сахнада эмгектенип келе жатат а бирок аны эч ким да корбойт ну жакшы супер инфо бар экен а берки жоодар дейсинерби маликабы и калгандары быйыл гана чыга калышты го чынында Асел менен Назира супер силерге ийгилик
10.12.2013. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каныкей сизге ийнилик каалайм унунуз абдан мыкты.
10.12.2013. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асельге ийгилик тилеген тилегине жет !!!
10.12.2013. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Асель, Асель, Асель, Асель, АСель, АСель, Асель,
Асель, Асель, Асель, Асель, АСель, АСель, Асель,
Асель, Асель, Асель, Асель, АСель, АСель, Асель,
Асель, Асель, Асель, Асель, АСель, АСель, Асель,
Асель, Асель, Асель, Асель, АСель, АСель, Асель,
Асель, Асель, Асель, Асель, АСель, АСель, Асель,
Асель, Асель, Асель, Асель, АСель, АСель, Асель,
Асель, Асель, Асель, Асель, АСель, АСель, Асель,
Мен колдойм 100 %
10.12.2013. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асель, Асель, Асель, Асель, АСель, АСель, Асель,
Асель, Асель, Асель, Асель, АСель, АСель, Асель,
Асель, Асель, Асель, Асель, АСель, АСель, Асель,
Асель, Асель, Асель, Асель, АСель, АСель, Асель,
Асель, Асель, Асель, Асель, АСель, АСель, Асель,
Асель, Асель, Асель, Асель, АСель, АСель, Асель,
Асель, Асель, Асель, Асель, АСель, АСель, Асель,
Асель, Асель, Асель, Асель, АСель, АСель, Асель,
Асель, Асель, Асель, Асель, АСель, АСель, Асель,
Мен к
10.12.2013. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даниел менен Нурматка ийгилик ♡Алардын эмгеги сыйлыкка татыктуу
11.12.2013. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
нурмат садыров алга
11.12.2013. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асельди ырчы катары тааныбайт экем, мумкун мындан ары атак данктуу кыздардан болуп кетеер.добушум ушул кызга берем, ич куйдуулук болбоосу керек биз алдыга тартпай артка туртуп жиберебизда...
11.12.2013. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баарына ийгилик !!!
11.12.2013. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен дагы баарына ийгилик каалайм баардыгынын меенети бар
11.12.2013. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baary ele jakwy negizi
11.12.2013. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Avaz 2 naamdy ten alat go baikawym4a
11.12.2013. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит Сатыбековго добушум
11.12.2013. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каныкей азаматсын алга демекчимин
11.12.2013. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Добушум Каныкейге абдан жагат
11.12.2013. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
koookui Aselinerdi birinche koryp atam,ukpaptyrmyn dagy ,a Kanykeidi chyn jyrogymdon syilaim,esimde Kanykei jany chykkanda kyzdar bolup muz ugup otursak janymdagylar koichu ai ,ochyrchy dese baary m.n urushkanym,azyr tamashalap Kanykei ejen dep tiiishishet,iigilik kaalaim,kaitalangys talant
11.12.2013. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Sandra, оййй сиз эмнеге укпайс Асел Кадырбекова деген ысымды угун да элге катары ал ырчы эле эмес кооптогон клиптердин коркун ачып келген КЫРГЫЗ кызы го мисалы- Ильяз Абдыразаков-КЫЗГАНАМ,Мирбек Иманбеков-Карындаш ж б и Асельдин Ыймандуу суйуу ыры да ооо отто сонун Асел супер ийгилик азаматсын онуп оркундой бер!
12.12.2013. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Sandra, Ooooyyyy Kanykei, kachanky Kanykei??? Asel emi ele ordyn tapty kyrgyz woybiznesinde. Dagy birtke ichtese balkim Asel da Kanykeiden achkan zvezda bolot. "Bechiktegi balanyn bek booloryn kim bilet")))))
11.12.2013. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Каныкейдин Садагам деген ырынын эч мааниси жок. Г. Сатыбеков мыкты ырчы!
12.12.2013. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Konsertke yrchylar emes menin sindim da dayardanyp jatat. Yido chan topolon kylyp.))))))))))))
12.12.2013. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aseldin da Naziranyn da yrlary jakwy maga koburook Nazira Tokonovanyn unu,yrlary jagat,Kanykeige soz jok
12.12.2013. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Караап турсан ушу бироону жамандашты эле билебиз кана ушу кыргыздын ырчыларын колдоп коштосок жакшы го жамандай бербей!
13.12.2013. 07:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырчылар ж/а. башкалар баарынар суперсинер егерде уюштуручу мен болуп калсам женишти баарыныздарга берип коймокмун ..
13.12.2013. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emne uchun kee bir yrchylar jonundo maalymat az berilet.
14.12.2013. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага чын жцроктон барыбир тата уланды сагындык
14.12.2013. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалпынарга бирдей ийгилик жылмайсын!!!!!
14.12.2013. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура Асель татынакай бирок уккулуктуу ыры жок
15.12.2013. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба Асел аябай сулуу жылдыздуу,бирок сахнада главное голос да голос..
Каныкей азаматсын !!!
15.12.2013. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жаман даниелдики кызык болтат ....кызык сахнада не бобол экен....
15.12.2013. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не болот экен
23.12.2013. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асель биз сени дайым колдойбуз сынга сынба ийгилик сага жылмаят.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо