Баястан & Бегиш:«ЭКӨӨБҮЗДҮ ДАЙЫМА АЛМАШТЫРА БЕРИШЕТ»

№579 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж

Кыргыз шоу чөйрөсүндө рэп аткаруучулар саналуу гана. Алардын ичинен белгилүүлөрү Тата Улан, Добр, Бегиш жана Баястан деген ысымдар. Мына ошол төрт каармандын экөө жашоодо дос, чыгармачылыкта атаандаштар.

БАЯСТАН
Толук аты-жөнү – Баястан Ботоканов.
Туулган жери – Балыкчы шаары.
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 4-июнь.
Билими – КОСУнун медициналык факультетинде 3-курста окуйт.
Кызыгуусу – Окуу, окуу жана окуу.
Фобиясы – Караңгыдан коркот.2008-жылдан бери сахнага чыгып келатат. Бойдок, бирок жүрөгү бош эмес.
Бою – 176 см
Салмагы – 56 кг

БЕГИШ
Толук аты-жөнү Бегалы Белекбаев.
Туулган жери – Алай району.
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 2-январь.
Билими – КМЮАнын 5-курсунда окуйт.
Кызыгуусу – Футбол ойноо.
Фобиясы – Бийиктик. Сахнага 2009-жылдан бери чыгып келатат. Бойдок, бирок жүрөгү бош эмес.
Бою – 170 см
Салмагы – 55 кг

– Кандайсыңар, жигиттер? Алгач эмнеге дал рэпти тандаганыңардын себебин айтсаңар?
Бегиш:
– Саламатсызбы, рахмат, жакшыбыз. Негизи, эстрада ырларында куплет, ыр саптары чектелүү эмеспи. Ал эми рэпте чек жок, фантазияңа жараша 20 куплет кылып болсо деле аткарып, оюңду толугу менен жеткире аласың. Анан дагы рэпте үн керек дешет, туура, керек, бирок вокал маанилүү эмес. Бизде попсадан айырмаланып, коюлган үн керек.
Баястан: – Коюлган дегенибиз, аткаруучунун үнүн укканда дароо «ии, бул баланча» деп тааный турган болушу зарыл. Үн коюлбаса, тембри жакшы болбосо эч ким деле укпайт.

– Достугуңарга чыгармачылык тоскоол болбой элеби?
Бегиш:
– Чыгармачылык жактан алганда экөөбүз бири-бирибизге атаандашпыз. Андыктан достукту сактап калуу кыйын. Ошого карабастан, экөөбүздүн мамилебиз бузулбай келет.
Баястан: – Урушсак деле бат эле сагынышып, сүйлөшүп кетебиз (күлүп). Кимде кандай таарыныч болуп жатса, ачык эле айтып салабыз.

– Кимдин кандай жакшы, жаман жагы бар?
(Бири-бирин мактай албай же сындай албай көпкө отурушту) Баястан: – Бегиштин башы жакшы иштейт. Ичиндеги оюн катып жүрө албайт, болгонун болгондой айтканы жакшы. Мен айта албай калган нерселеримди улантып кетет. Эмне болбосун, «колумдан келбейт» дебейт, дайым бир нерсеге умтулуп жүрөт.
Бегиш: – Баястан болсо өтө тыкан. Үйүнө конокко барганда анын жатканын көрүп эле баа берем. Байпагына чейин иреттеп жатат, эртеси ошол калыбынан жазбай турат. Мен майда нерселерге көп көңүл бөлбөйм. Мага жаккан нерсе болсо жасайм, жакпаса такыр жасабайм. Ал эми Баястан майда-чүйдөгө чейин көңүл бөлүп, баарын так жасайт.
Баястан: – Бири-бирибизди толуктап турабыз да, кыскасы :)Концерттерге барганда да Бегиш түн бир оокумга чейин балдар менен жыргап сүйлөшүп отура берет. Менде андай нерсе жок. Сүйлөшүп отурганды көп жактыра бербейм. Бөлмөмө барып дароо уктап калам. Аны баары билишет, тынчымды алышпайт.

– Экөөңөр чогуу жүрүп көп кызыктарга кабылсаңар керек?
Баястан:
– Эки жолу учакка кечиккен, мына ошол анын минусу (күлүп)...
Бегиш: – Бир жолу Баястан Бишкектен, мен Оштон Москвага учмакпыз. Биздин рейс эртең мененки 6да болчу. Саат 4тө жатып, аз болсо да уктап алалы дедик. Атайын чогуу жүргөн бир балага «бизди ойготуп койчу» деп дайындап да койгонбуз. Ал бизди карап отуруп уктап кеткен экен. 4-5 бала элек, баарыбыз «будильниктин» чырылдаганын да укпай уктап, рейстен калып кеткенбиз.
Экинчисинде болсо Москвадан Красноярскка учмакмын. Атайын 4 саат мурун такси менен чыккам. Москванын тыгынында эки саат жүргөнүбүз аз келгенсип, айдоочу да жолду билбей башка жакка айдап, кайра келгенче бир саат өтүп, кечигип калгам.

– Силердин Назгүл Токтакунова менен биргеликте аткарган «Акыркы кат» ыры кандайча жаралып калды эле?
Бегиш:
– Ал ыр Баястандын эки жарым жыл сүйлөшкөн кызына арналган. Бир күнү Баястан чакырып, «окуя ушундай болду» деп айтып берди, анан ыр жаздык. Бүтөрү менен клипмейкер, Баястандын агасы Мирлан Саткымбаевге угузганбыз. Ал жактырып, ортодон Назгүлдү кошуп, ушул ыр жаралып калды.

– Рэперлер арасында «батл» (беттешүү) болуп турат деп угабыз. Айтыштарда алдын ала багыт боюнча даярданып аласыңарбы же уйкаштырып кете бересиңерби?
Баястан: –
Ошол жактан эле уйкаштырып, абалга жараша айтып кете бермей. Биздики эркин стиль да.
Бегиш: – Бишкекте ар жекшемби күнү «батл» болуп турат. Ал боюнча рэперлер алдын ала катталып, анан демөөрчүлөр койгон байгелерге ат салышып, мыктысы аныкталат. Менимче, ал жакка катышуунун кереги жок. Анткени басым орусча рэпке коюлат. Биз болсо кыргызча рэпти алып жүрүүчүлөрбүз.

– Бегиш, сен акыркы кезде көп гастролдоп жүрөсүң. Чет жерде, айыл жергесиндегилер рэпти кандай кабыл алышууда?
Бегиш:
– Жаштар аябай жакшы кабыл алышат. Бирок, кызыгы, «Бегиш келбейт болчу» деп мага ишенбегендер болду. Мен сыналгыдан чоң көрүнөт экем, чачым да бир аз өсүп калгангабы, таанышпай, мен экениме ишенбегендер көп болду. Ал эми чет жерлерде кыргыз тилине муктаждык болгонгобу, 30 жаштан өткөн угармандар да кезикти.

– Мурун «экөөбүздү алмаштыргандар көп» дечүсүңөр. Азыр айырмалап калыштыбы?
Баястан:
– Азыр деле ошондой (күлүп). Досум, айтып койчу...
Бегиш: – Бир жолу менин ырларым чогултулган, сыртына Баястандын сүрөтү чапталган дискти көрдүк. Мындай адаштыруунун себеби менин видеоклиптер менен анча иштебегенимден болсо керек деп ойлойм.

– Бүгүнкү кыргызча рэптин абалы кандай, өсүш барбы?
Бегиш: – Рэп деген чоң багыт, аны Баястан экөөбүз гана иштеп көтөрө албайбыз. Ал үчүн олуттуу мамиле керек. Бизде рэп менен жаштар алектенишет. Чоңойгон сайын үй-бүлөлүк маселелер өзүнө тарта баштайт. Рэп менен иштеп убактысын коротуп, бирок ал акча алып келбей жатса, үйдөгүлөр деле «акча таппагандан кийин эмне кыласың, пайдасы жок...» деп каршы болушат да. Буюрса, рэп аткаруучулардын баарын бириктирип студия ачып жатабыз. Биздин бирикмеде аты чыгып калган «02.14» тобу да бар.

– Алдыга дагы кандай пландарды коюп жатасыңар?
Баястан:
– Жакында «ZBP» («заманбап» дегенди түшүндүрөт) деген аталыштагы кийимдер линиясын чыгарабыз. Мен логотибин иштеп чыгып койдум, буюрса, жакын арада футболкаларын көрүп каласыздар.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Бегиш & Баястан: "Жашоодо дос, чыгармачылыкта атаандашпыз"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(32)
SUPER.KG видео
07.12.2013. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодцы, удачи во всем!!!
SUPER.KG видео
07.12.2013. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экоосун алмаштырып журуптурмун
SUPER.KG видео
07.12.2013. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Chygarmachylynarga yigilik kaalaim!!!!!!!! ar dayim ushundai jonokoi, tamashaköi bolup juro bergile))
SUPER.KG видео
07.12.2013. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегиш чыныгы талант!Ал дискти мен суротко тартып алган элем) Красноярскийден эмес Бишкектеги Орто-Сай базарынан эле!
SUPER.KG видео
07.12.2013. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аябай сонун маек курушуп беришиптир азаматар.
SUPER.KG видео
07.12.2013. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар ! Кыргыздын ыр маданиятына эбеегээйсиз чоон салымынарды жалан Эне тилде кошо бергиле! Алга жигиттер ! Алга Кыргыз!
SUPER.KG видео
07.12.2013. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун балдар экен.Мен буга чейин Бегиш менен Баястанды ырдаганына карап еле оздорун которгон балдарго деп ырларын укчу эмесмин ,бул маектен кийин пикирим тап-такыр озгорду...ийгилик.
SUPER.KG видео
08.12.2013. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
almashtyra berchim emi bilip aldym rahmat
SUPER.KG видео
09.12.2013. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыңар, Мен өзгөчө Бегиштин чыгармачылыгын сүйүп угам. "Жалгызым", "Акыркы кат" деген ырларын көптөн бери угуп тажабай келем.
09.12.2013. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсынар, алгаа жаш реперлер
09.12.2013. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа ииий, жакшы маанай тартуулайт экенсинер, азаматтар!!!
09.12.2013. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин досум Бегишбек! Жалгызым, Акыркы кат ушундай ырларды ырдасанар элге жеткиликтуу болот. а то бакырып кыйкырганынар элге жетпейт (анан семиргилечи бир аз)
14.12.2013. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nsk-mk, )))) отоле арык бекен?
09.12.2013. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыркы кат деген ырын эн жакшы аткарышкан дагы ушундай ырларды жарата бергиле ийгилик!
09.12.2013. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоонун тен аракети куч балдар.Кийимдер линиясы кызыктырып койду качан чыгат экен.
SUPER.KG видео
09.12.2013. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа,жакшы балдар, сонун ырдайсынар
09.12.2013. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жакшы айрыкча кыргыз тилине басым жасаганы кубандырат бар болгула кыргызымдын патриоттору!!!Эминем менен 50cent ке окшоп атагынар чыксын ылайым ийгилик!!!!!
09.12.2013. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кийген кийиминер жарашып турабы?
09.12.2013. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы пацаны, так держать
10.12.2013. 06:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегиш жердешим болот екенсин Алайым деп реп жазыпп корбойсунбу.
10.12.2013. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыркы кат супер реп ырыго!моладцы пацаны.
10.12.2013. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begiw 4ynynda ele uyal4ak eken ,a Bas'ka any koldodu okwoit uyalba baary jakwy dep))) demek Baldar procvetaite dalwe...i ostavaites takimi liudmi kakie vy est ne zvezdanites
11.12.2013. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнесин алмаштырат окшобойт деле экенго бири бирине. реп жакпайт негизи эле
SUPER.KG видео
12.12.2013. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегиш красафчик))))бирок кыргыз рэпин которуп келоткан бул ага-ини,жетиген,каракчы дегендер...булардыкы попса
12.12.2013. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар. Ишинерге ийгилик. Жакшы маек курушуптур
12.12.2013. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырларынар сонун чыккан. Маладцы
14.12.2013. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жарайсынар жтгттер азамат ага кырыз реперлери
14.12.2013. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азамат ! аябай жакшы деп баалап кетем ! ИЙГИЛИК ЖАНА БАКЫТ каалайм!!!! ырлары жагат!
15.12.2013. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгочо мага Бегиш аябай жагат ырын да Жалгызым менен таанылгансын!Ырларыны да кундого кечинде угуп,кичинекей балдарым менен бийлеп алабыз!Иштеринде ийгилик коштоп журсун!Бар бол аман бол!
SUPER.KG видео
16.02.2014. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырларында маниси жок екен уйкаш эмес эптемей
17.03.2014. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегиштин-Эсимде..Жалгызым ..дн...ырларын суйуп угам)))) Жигиттерге ийгилик....
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо