Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«МАМАШАНЫН» ӨЛҮМҮ

№579 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж

Ар бир адамдын тагдыр жолу бар.Жаркыраган кыздын тагдырын ушундай болот деп ал убакта эч ким ойлогон эмес. Анын жолу бир жаңылуудан башталып, арты өлүм менен аяктады.

АВТОБУС КҮБӨ БОЛГОН СҮЙҮҮ
Мектептин активисти, тың чыкмасы Арзыгүлдү мугалимдердин баары, жигиттердин көбү жакшы көрүшчү. Башкаларга үлгү катары да көп айтылар эле. Кыскасы, мектеп жылдызы. 11-классты бүтүп, аттестат алуу учурунда Арзыгүлдү ала качабыз дегендер да болду. Мектепке узатып барып, чыкканда кайра тосуп алуу инисине чоң милдет катары жүктөлүп, ата-энеси сак-сактап жүрүштү. Ошентип калкалаган ата-эне кызын борборго жиберген эле. Баары анын шаарга келгенинен башталды...
Айылына тынбай каттаган кыз эмнегедир келе жатканда да, бара жатканда да бир автобуска түшүп калат десең. Анан айдоочу Калыйбек менен таанышып, жакшы достордон болуп калышкан. Калыйбек менен Арзыгүлдүн ортосундагы жылуулук алоолонуп бара жатканын кыз алтынчы туюму менен аңдап эле жатты. Бирок токтотууга эч кудурети жеткен жок. Жадакалса «Үй-бүлөң барбы?» деп суроодон коркуп турду.
Калыйбек эки балалуу болгонуна карабай Арзыгүл деп калды. Үй-бүлөсүн унутуп, экөө чогуу жашап калышкан. Арзыгүл шаардан батир алып, жолдошун күткөндөй Калыйбек айылдан келерде дасторконун жайнатып тосуп алат. Ал да «кара жаным, как жүрөгүм» деп кагылып, сагынып калат. Ушундай күндөр өтүп жатты.

ТОЛГОО...
Арзыгүлдүн үйдөн чыкпай, Калыйбектин алып келген тамак-ашын, акчасын үнөмдөй баштаганына 2 ай болду. Анткени ичиндеги баласы 9 айга чукулдап калган эле. Алаканына салып көтөргөн ата-эне болгон окуядан кийин кызынан эчак жүз үйрүп кетишкен. Кыздын күткөнү жалгыз Калыйбек.
Толгоо... Жан кыйнаган ооруну бир заматта жок кылгысы келген келиндин көзүнөн чаар чымын уча баштады. Бир бөлмөдө жапжалгыз. Улам-улам эшикти карайт. Күткөнү кечиге берди.
Ыңаалаган баланы дарыгерлер ичине жаткырышканда Арзыгүл катуу чочуп кетти. Ымыркайдын алсыз денесинен үркүп кеткени менен, кайра бир жылуулук пайда болду. Келин уул баланы кучактап өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап жиберди. Мына ошондон тарта анын жашоосунда чоң өзгөрүү болду. Ата-энесинин кызына таарынычы болгону менен, «балада эмне күнөө...» деп небересин багып алышты. «Сен эми иште. Окууну го жаныңа жолотпой койдуң, балаңды айылга алып кетип багабыз» дешип уулун таята-таене айылга алып кетишти.
Бир жолку келишинде Калыйбек маселени кабыргасынан койду.
– Биринчи баланы го ата-энеңе бердик. Экөөбүздүн мамиле улана берсе, экинчи бала да пайда болот. Мамилени үзөлү, үй-бүлөмдү таштай албаймын,- деди.
Арзыгүл мындайды күткөн эмес эле. Кучагына оролуп, ысыгына күйүп, эркелеп жаткысы келген келин эми муздай түштү. Эне болгондон бери Калыйбекти мурункудан да жакын сезип калган эле.
– Жогол, кет, экинчи көзүмө көрүнбө!- дегенден башка эмне айтарын билбеди. Өксүп-өксүп ыйлап жатты.

ТАБЫШМАКТУУ ӨЛҮМ
Жумушсуздук, курсактын ачканы, көздүн караң­гылаганы... Баары, баары Арзыгүлдүн жанына батты. Акыры «түнкү көпөлөктөр» турган жерге барды да, кошулду. Бул нерсени максат кылып, алдын ала «ушундай кылайын» деп деле ойлогон эмес. Ойдо жок жерден малынды. Бул күндөрдү эстегенде Арзыгүлдүн жашагысы да келбей кетчү. Анткени эмнелер гана баштан өтпөдү...
Денесин сатып бир жылдай иштеп, анан тыңдыгынан «мамашалыкка» өтүп алды. Кыздардын өздөрүнчө «менин иштегениме мынча жыл болду, дагы деле жүрөм, мамашалык кылмак тургай өтпөй да калам» деп шыбырашкандарын көп эле жолу кулагы чалган. Арзыгүл кыздарды Бишкекте гана тескебестен, Алматыга «экспорттой» баштады. Коңшу мамлекетте кыздар кымбат турарын кардарларынан уккан эле. Өзү Алматыда батирге чыгып, Бишкектеги ордуна башканы дайындап койду. Бишкектен барган кыздарды өзү Алматыда сата баштады. Курсагы тамак-ашка, капчыгы акчага толду. Колунда, кулагында, моюнунда, билегинде кымбат алтын. Кыскасы, «мына жашоо деген» деп отуруп калды.
Бирок турмуш дейбизби же тагдырбы, өз жообун бербей койбойт эмеспи. Бул ишке кириптер болгонуна 5 жыл өтпөй Арзыгүлдүн жансыз денеси өзүнүн батиринен табылып отурат. Капырай, бул эмне деген шумдук?! Батирдеги таңгак-таңгак долларлар, бриллиант, алтын топтомдор, баары турат. Арзыгүлдүн байлыгы кичине бөлмөдө болгону менен, абдан чоң суммага бааланмак. Кол алдында иштегендер кесиптешинин азасына барганда акчасын, алтындарынын бирин да жок кылбастан ата-энесине тапшырышты. Ошол окуядан бери 4 жыл өттү. Арзыгүлдүн өлүмү дагы деле табышмак.

АКЫРЫ БЕТИ АЧЫЛДЫ
Ооба, бул окуяны билгендер «табылса керек, жанында жүргөндөр эле өлтүрүштү, акчасына да, баалуу буюмдарына тийишпептир» деп шыпшынып жатышты. Ал эми орган кызматкерлери көпкө чейин илинчек табышпады. Арзыгүлдүн эмне иш менен алектенерин айыл-ападагылар бурч-бурчтан сүйлөшө калышканы менен, ата-энеси аны «саунада администратор» деп жашырып келишкен. Ким билет, балким, чынында эле кызынын кандай жол менен акча табарын билишкен эмес чыгар.
Чуулгандуу бул окуя унутула баштаганда кайрадан дүң болду. Анткени кылмышка шектүү делинип өзү менен чогуу иштеген эки кыз кармалды. Кыздар кылгандарын толугу менен моюндарына алышкан. Мыкаачылыкка барышканынын себебин мындайча түшүндүрүшкөн. Айтымдарында, Арзыгүл көп учурда тиги экөөнү иштетип, бирок акчаларын бербей, берсе да аз бөлүгүн гана карматчу экен. Ошого жини келген кыздар көзүн тазалоону пландашыптыр.
Ошентип, күлгүндөй үч тагдыр талкаланды. Бири жаштайынан жаман жолго түшүп, акыры кол алдындагылардан каза тапса, берки экөө «киши өлтүргүч» атка конуп, темир тор артына кетишти.

Асия Алиева
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(29)
09.12.2013. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бирин кайын бирин тал,
Бирин олуп бирин кал!
Уч сойкудан кутулупбуз да ээ????
09.12.2013. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ата энеси кызынын кандай иш кылып жургонун билбесе керек деп ойлойм. Бирок арам акча таап иштегендерди жаман кором.
09.12.2013. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
*Колун менен жасаганды моюнун менен тартасын* - деген ушул.
09.12.2013. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өкүнүчтүү.
09.12.2013. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйуу суйуу деп кыздар бузулуп кетип жатышат. Суйуу жок нерсе кыздар ишенбегиле.
09.12.2013. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bechara kyzdyn bashynda kalybek menen suiloshup bashtaganda ele kalybektin baardyk jagyn bilip albaptyr arty olumgo alyp keldi je kalybek aityp koiboptur andan balaluu bolgondon kiyin arzygul suiunup jatsa al tashtap ketkende kaisy kyz bolbosun olumgo chein baryshy mumkun kalyibek menen arzyguldo ekoondo ten kunoo bar baardygyn bashynda baardyk jagyn izildep karap korup anan ish kylysh kerek tuugandar.
09.12.2013. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өзүң кылган иш башыңа муш болуптур.
09.12.2013. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Саяк журсон таяк жейсин"болуптур.Ата-энеси менен баласына эле боорум ооруду.
09.12.2013. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
аннна сага.. куноосуз наристе жетим калды анын тагдыры емне болот?. бул жероде даа суйуу куноолуубу .? жок бул жерде кыздын женил ойлуулугу оной акча табам деп ойлогону. максатына жетти бирок кылган иши кудайга жетти.женил ойлуу болбогула .уй булолуулор даа ойлонуп иш кылгыла баарыбыздын еже карындаштарыбыз бар баарыбызга ынсап берсин кудайым.
09.12.2013. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой кудааай
10.12.2013. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мектепте мактоодогу кыз экен озуно озу кылды жакшы журсо уй булосу жок жапжаш жигит эле алмак
10.12.2013. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Барга коппо,
Жокко чокпо.
10.12.2013. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
арам акча жакшылыкка алпарбайт.
10.12.2013. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
арам оокат аш болбойт!
10.12.2013. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эх кыздар мынча женил ойлуу болуп баратат.
10.12.2013. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кыздын ушундай жолго тушушуно Калыйбек куноолуу деп ойлойм.Уй булосу бар туруп,жаш кыздын башын айлантып.
11.12.2013. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай эркектер, аялыбыз бар болсо бойдок кыздарды бузбайлычы, алар да бироолордун аялы да биздердин аялыбыз болотургандай эле...
11.12.2013. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калыйды куноолу деп эсептейм...
11.12.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш кызды суйдуруп,уй-булосун да алдаган эркектерибиз эсине келсе,жашоого женил коз караш менен карап сойкулуктан жол издеген кыздарыбыз да келечегине балта чабышпаса мындай нерселер жоголмок...
11.12.2013. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйууго неге мынча ишентишет кыздар вообще тушунбойм. Мен да бир кызды билем уйлонгонун билип, аны менен бир болбосун билип туруп озунон бир топ жаш улуу кишини кучагында журот. ал эмне эртенкисин олонбойбу ээ.
11.12.2013. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырас болуптур дагы чала ушундай шуркуяларга!
12.12.2013. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ar bir adamdyn bashy oz iiininde,kyz ozy kynoolyy,ar bir kylgan ishin oilonup kylsa myndai okuya bolmok emes,erkekterge go(kee bir)soz jok.a emne sebepten yi.byl.y bar adam m.n jyryp jatkandar oilonboit aialy m.n ajyrashyp maga yilongon kyny da bashka kyzdarga jygyrot da bul dep,kongon adat kalbait.
12.12.2013. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуптур кыскасы, баардыгыбыздын башыбызда кыз бар, уул бар дегендей, мен ойлойм ата эне уулуна да кызына айтып турушу зарыл, уйбулоосу бар адамдар менен мамиле тузбо деп, (ойнош дегеним) акыры аягы жаман эле нерсеге алып барат.
12.12.2013. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхххх.
12.12.2013. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
munun baari owol bolbogur suyuunu dep
07.01.2014. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы окуганы менен акылы нол. Озуно озу тор салыптыр.
12.01.2014. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арам акча эч качан жукпайт
15.04.2014. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздар мынча неге ишенчээк болосунар кичине жакшы суйлосо эле ишенип алданып качаан гана ичинерде бир нерсе пайда болгондо анан алданыпмын деп ар кимди куноолой баштайсынар
15.11.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхее ото окунучтуу окуя болуптур баарына Калыйбек куноолуу! Калыйбек эркек эмес экеннсин. Неге ошол кыздын тагдырын ойлободун экен. Сага да кудйымдын Жана жетим калган наристенин убалы тийсин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо