Нурбек Аканов, «Жылдын супер спортчусу» наамына талапкер:«УТУЛУП БЕР ДЕП АКЧА СУНУШТАШТЫ»

№580 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж

Үстүбүздөгү жыл кыргыз күрөшү үчүн да, балбаныбыз Нурбек Аканов үчүн да өтө ийгиликтүү жыл болду. Ал бул жылы 3 ири мелдеште чемпион аталып, ийгилик тепкичинин эң жогорку баскычынан орун алды. «Жылдын супер спортчусу» наамына ат салышып жаткан Нурбек өзү жөнүндө айтып берди.

АКАНОВ НУРБЕК КАЛМАМАТОВИЧ
Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 8-декабрь.
Туулган жери – Сузак району, Кара-Дарыя айылы.
Бою – 177 сантиметр.
Салмагы – 100 килограмм.
Жетишкендиктери – Бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын жана бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Азиянын 3 жолку жана Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону. Дүйнө Кубогунун 2 жолку ээси. Бүткүл Дүйнөлүк Универсиаданын жана Чыгыш өнөр искусствосунун фестивалынын чемпиону.

«АГАЛАРЫМДАЙ ЧЕМПИОН БОЛСОМ ДЕЧҮМҮН»
– Мен төрөлүп-өскөн Кара-Дарыя айылында кичинесинен чоңуна чейин күрөшүшөт. Бир тууган агаларым Сапар менен Чыңгыз да чоң балбандар. Сапар агам кезинде Дүйнө жана Азия чемпиону аталса, Чыңгыз байкем 2 жолу Дүйнө чемпиону болгон. Аларды көрүп мен да агаларымдай чемпион болууну кыялданчумун.
Атамдын Шергазы деген иниси күрөшкө болгон кызыгуумду көрүп, айылдагы клубдун чатырына машыгуу үчүн жай жасап, койдун жүнүнөн килем даярдап берген. Ал залдан машыгып чыккандан кийин кой жыттанып калчумун. Анан чыгып эле каналдагы сууга түшөм. Кыскасы, айыл шартында эле машыгып чоңойдум. 10-классымдан баштап чоң мелдештерге катышып, 62 килограмм, кийин 74 килограмм салмакта Кыргызстандын чемпиондугун ута баштагам. Ошол эле салмак менен абсолюттук эң оор салмактагылар арасында да жеңишке ээ болчумун.

«БАЯМАН ТАЯКЕМДИ КӨТӨРҮП ЧАПКАМ»
– Атам Калмамат, апам Сонун – карапайым адамдар. Сапар, Чыңгыз деген агаларым, Миргүл, Айгүл деген эжелерим бар. Мен эң кичүүсүмүн. Бир туугандарымдын баары үйлөнүп-жайланышкан.
Атам Калмамат (лакап аты Ак балбан) да кезинде катуу күрөшкөн. Таяке тарабымдан Баяман балбан, Тапанча балбан күчтүү чыккан. Баяман Эркинбаев – бир тууган таякем. Аны менен бир ирет күрөшүп да калгам. Анда мен 11-класста окуп жаткам, ал эми Баяман таякем депутат болчу. Алгач жакшы көргөн ыкмама салып чаап жеңип алгам, ошого ал ачууланып кеттиби, мени жамбашка алып катуу чапканда эсимди жоготуп коюпмун. Өзүмө келсем, жанымда күлүп отуруптур.
Машыктыруучум Чыңгыз агам экөөбүздүн салмагыбыз бирдей болгондуктан, мелдештерде кез келип калган учурлар көп. Бирок бири-бирибиз менен байге талашып күрөшпөйбүз. Ал эми машыгуу учурунда чындап күрөшөбүз. Залда көбүнчө ал утат. Ал мени 5 жолу чапса, мен аны 2-3 жолу эле утам.

«МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ЖЕҢГЕМ»
– Санкт-Петербургда өткөн чыгыш өнөр искусствосунун Бүткүл дүйнөлүк оюндары жогорку деңгээлде өттү. Бардык өлкөлөрдөн күчтүү балбандар келишти. Күрөш боюнча 90 килограммга чейин жана 90 килограммдан жогору 2 гана салмакта таймаш жүргүзүлдү. Мен 90 килограммдан жогоркулар арасында күч сынаштым. Менин салмагым 100 килограмм болсо, атаандаштарымдын салмагы 120 килограммдан өйдө болду. Күрөштүн алдында орусиялык спортчу машыктыруучусу менен келип «утулуп бер» деп мага
5 миң доллар акча сунуштады эле, «ойлонуп көрөйүн» демиш болуп, кеткенче шаштым. Баарын мөөнөтүнөн мурда далыларын жерге тийгизип таза жеңип алгам.

«КАРА НАН ЖЕСЕМ ДА ӨЗ ӨЛКӨМДӨ БОЛОМ»
– Бизде күчтүү балбандар көп, дагы да өсө берет. Тилекке каршы, балбандарыбыз колдоонун жоктугунан чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Канчалаган мыкты жигиттерибиз спортту таштап коюшууда. Колунда бар жеке ишкерлер таланттуу жигиттерибизди колдосо жакшы болмок. Ошондо спортчуларыбыз жаман жолдорго барбай, спорт менен алек болуп, туубузду желбиретишмек.
Мени да көп акча сунуштап чакыргандар бар. Ирандан, Украинадан сунуштар болду. Алардын балбандарына күрөштүн сырларын үйрөтүүмдү каалап жатышат. Биздин күрөшүү ыкмаларыбызды үйрөнгөндө кайра эле өзүбүзгө каршы күрөшүшөт да. Билишимче, ирандыктар ансыз деле биздин күрөшүүлөрүбүз тартылган дисктерди алып барып алышып, ошого карап машыгышат экен. Бирок мен үчүн чет жерде жакшы шартта башка бирөөлөрдү машыктыргандан көрө кара нан жесем да өз жеримде өзүбүздүн жигиттерди үйрөткөнүм жакшы.

«40ТАЙ МАШИНА УТКАМ»
– Ушул убакка чейин күрөштөрдөн уткан машиналарымдын саны 40ка жетип калды окшойт. Арасында 8, 9 миң долларлык, 500 долларлык автоунаалар да бар. Аларды сатып, каражатты кайра эле өзүбүзгө жумшайбыз. Машыгууга, витамин алууга, тиричиликке сарпталат. Мамлекеттен 15 миң сом, «Дордой» ассоциациясынан 5 миң сом стипендия алам. Буюрса, дагы 5 жыл күрөшөм деген оюм бар.

«БАЛДАРЫМ «НУРБЕК – ЧЕМПИОН!» ДЕГЕНДИ ЖАТТАП АЛЫШКАН»
– 4 жыл мурун үйлөнгөм. Келинчегим Зарина – түрк кызы. Бир мектепте чогуу окуганбыз. Ырчы Доорон Нуриевдин бир тууган агасынын кызы. Ортобузда 3 жаштагы Нурайым аттуу кызыбыз жана 2 жаштагы Нурислам деген уулубуз бар. Экөө тең «Нурбек – чемпион!» дегенди жаттап алышкан. Кыйкырып калышат. Жубайым Зарина менин жашоом күрөш экенин түшүнөт.
Таза эмгек менен тиричилигибизди өткөрүп жатабыз. Жараткан берген күч-кубат менен үй-бүлөмдү багып келатам. Чоң мелдештерден келгенде бир нече күн үйдөн чыкпай бала-чакам менен бирге болом. Күрөштөн тышкары футбол жана стол үстүндөгү тенниске кызыгам.

«Менин салмагым 100 килограмм болсо, атаандаштарымдын салмагы 120 килограммдан өйдө болду».

«Ата-энем жана агам Чыңгыз».

Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(31)
16.12.2013. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
patriot!
16.12.2013. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Azamatsyn, baike! dagy da koptogon iygilikterdi bagyntyp juro beriniz!
16.12.2013. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азамат экенсин! Кара нан тапсан да! Кыргызстандын Желегин желбиретип Мекенде жашоо откозом дегенине абдан ыраазы болдум! Азаматсын башка Мекендештерди да ушул чакырыкка келуусун! Кыргыз дене тарбиясын онуктурууго! Дуйно таанытууга!Кошкон салымынар учун терен ыраазылык билдиребиз! Уй булоно Озуно бакыт кааалайбыз! Келекчекте Озундой дуйно багындырган жаш оспурумдорду даярдап Кыргыз желеги дуйнодо алдынкы орундарда желбиреп турсун! Манас атабыз колдосун!
19.12.2013. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
bosmos7, Манас ата сени колдоп журо берсин, бизди кудай колдойт
16.12.2013. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Коз тийбесин!!!Азаматсын!!!
16.12.2013. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
дагыда ийгилик азаматсын баракелде
16.12.2013. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
чыныгы кыргыз жигити экенсин! сени мн сыймыктанабыз
16.12.2013. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
урматту супер инфо гезити сиздерден сураныч нурбектен башка дагы эки чемпион балдар бар ошолор менен да маек куруп гезитиниздерге жарыялап койсонуздар жакшы болмок эко тен дуйнонун чемпиону болушкан алар макешов кубан жана мурзабаев акыл тел ном 0550840328 0552122483 алдын ала чон рахмат
16.12.2013. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен Интернетте Акановдун курошконун коруп, абдан баа бергем.
Реально кыйын балбан экен. Азаматсын! Дагы чемпионаттарда ута бер!
16.12.2013. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик, ден соолук жана спорттук жетишкендик каалайм. КРнын кыпкызыл желегин дуйно элине таанытып журо бер. Абдан жонокой жигитсин ушунундан жазба. Жубайын да жакшы адам, уй-булолук бакыт тилейм.
16.12.2013. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bulardy toido korgom men 5 minutada 1 torpok utup ketishken
16.12.2013. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын, Нурбек! Сендей кыргыздын жигиттери бар экенине сыймыктанам. Ийгилик!
17.12.2013. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай колдосун! Азаматсын! Ийгилик!
17.12.2013. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Iygilik!!! Alla taalam koldosun!!!
17.12.2013. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Доорон Нуриев кыргыз эле го, анан каяктан агасынын кызы турк? тушунбой калдым.
17.12.2013. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Turadi, Доорон Нуриевдин атасы турк болгон Кыргызстанда жашап калганы учун кыргызмын деп айтышат.
17.12.2013. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба чын айтат Кара Дарыя балбандар айылы. Бирок колдоо жокта. Ийгилик сага иним.
17.12.2013. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперде мен ушул балбан жигитке добуш берген болчум.Азмматсын!
18.12.2013. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кара нан жеп оз олкомдо болом деген созу майдай жакты осо бер иничек кудайым колдоп журсун дайыма
18.12.2013. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың!Дагы көп ийгиликтерге жетишиңе тилектешпиз.
18.12.2013. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсын иним! баскан кадамдарын жалан ийгиликтерди жаратып журо берсин. кыргыздын ушундар патриот уулдары менен сыймыктанабыз. кыргыздын бел боо курошун дуйного тааныткан агаларыбыз да бар болсун. иштерине албан албан ийгиликтер болсун.
19.12.2013. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурбек аяшыма жана Зарина подружкама омурунун акырына чейин бактылуу омур сургуло демекчимин!Жана дагы бул атактуулук силерди адамдык сапаттан арылтпасын, дос, туугандарынардан алыстап кетпегиле демекмин! Нурбек молодец! Подружка тоже большая молодца!
19.12.2013. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ураа Алга КЫргызстан.
19.12.2013. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой жигит экен азаматсын
20.12.2013. 07:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурбек саган ийгилик!
20.12.2013. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз,оркундоп-осо бериниз!
20.12.2013. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалалабат алга азаматсыз
21.12.2013. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Zalkar93, ушул созду тим койбопсун да, тууган!
21.12.2013. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Красавчик, неге аялы турк кызы? Мени деле алам десе, тиймекмин. Мен супсулуу болгон Кыргыздын кызымын!
26.12.2013. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кимдер акча сунуштады калп эле мактана береби алардын биздикине окшогон спортчулары толтура
10.01.2014. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
azamat1997, туура айтасын ошону айтпай эле койсо болмок.
Модератор admin_superstan түзөттү 10.01.2014 16:59
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо