ЖАКЫН КАЛДЫ... ЖЕҢИШ КИМГЕ БУЮРАТ?

№580 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж

Мыктылардын эмгегине баа берип, «Жылдын суперлерин» тандоочу мезгил келди. Ушул жылдын негизги каармандары Супер концертке кантип даярданып жатышты экен? Чогуу билели.

Жылдын супер наамдарына талапкерлер «Жылдын супер саундтреги», «Жылдын супер ырчы айымы» наамына талапкер Чолпонай:«АЗЫРКЫГА ЧЕЙИН ЧУРКАП ЖҮРӨМ»
-Азыр эле атайын Супер концертке деп тиктирген көйнөгүмдөн кабар алганы келгем. Чынын айтайын, даярдыгым өзүмө жагып жатат. Калганын эл чечет. Бирок азыркыга чейин концерттин убарасы менен жүрөм.

 

 

 



«Жылдын супер ырчы мырзасы», «Супер ыры», «Супер ремейки» наамдарына талапкер Нурлан Насип:«УЯТ БОЛБОЮН ДЕП АРАКЕТ КЫЛУУДАМЫН»
-Аваз досум менен үйдөн «Атаман» деген ырга бий даярдап, окшош формаларды ойлонуштуруп койдук. Кошумча «Супер ырчы мырзага» да атайын жаңы форма тиктирип, уят болуп бүтпөй калбасын деп тигүүчүнүн артынан кууп жүрөм (күлүп).

 

 

 

 


«Жылдын супер ырчы мырзасы», «Жылдын супер ыры» наамына талапкер Гүлжигит Сатыбеков:«ЭЛДИН ИШЕНИМИН АКТАБАСАМ БОЛБОЙТ»
-Өзүм интернетке жакшы кызыга бербейм. super.kg порталыңарга сурамжылоого коюлганда деле эч кимге айткан эмесмин, мага добуш бергиле деп. Анан минтип алдыда бараткан соң эл мени тандап жатышса, ишенимин актабасам болбойт. Дос-туугандарым да «быйыл катуу иштедиң. Жаш балдар арасында албасаң болбойт» деп жатышат. Концертке чыкканга деп атайын костюм да сатып алып койгом. Ал эми номерим эсте калчудай болсун деп бир планды түзүп жатабыз, ал азырынча сыр.

 

 


«Жылдын супер ремейки» наамына талапкер Сагыныч:«ЫРЫМДЫН МААНИСИН САХНАДА ЧАГЫЛДЫРАМ»
-Мен «Супер-Инфонун» сынагына эчак даярданып бүттүм. Сүйүнгөнүмдөн жаңы чач жасалгам, кийчү формамды ушунчалык бат даярдаптырмын. Бирок «Кетпейм сага жолукмайынча» татыктуулардын татыктуусу. Ошондуктан филармонияда аны жандуу үн менен ырдап, ырдын маанисине жараша сахнада постановка кылмакчымын. Азырынча үнүмдү жакшылап машыктырып жаткан кезим. Жыйынтыгы жаман болбойт, көрөсүңөр.

 

 

 

 

«Жылдын супер клиби» наамына талапкер Ильяз Андаш:«БААРЫ ДАЯР, КОНЦЕРТТИ ЭЛЕ КҮТҮП ОТУРАМ»
-Менин аткаруумдагы «Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар» аттуу ыр Super.kg порталындагы добуш берүүдөн үчүнчү орунду ээлегени менен, менин жеңишке ишеничим күч. Мен аткарган ырдын клибиндей клип али көрө элекмин. Сценарийи да оригиналдуу, анын артында жаткан эмгек «Жылдын суперлеринин» катарына кошулууга татыктуу деп ойлойм. Мына ушундай ишенич менен болгон нерсени даярдап койдум, кийимим, ырга ылайыктуу бий, «баштадык» десеңер эле жөнөй калам.

 

 

 


«Жылдын супер дебюту» наамына талапкер Жоодарбешим:«ТАТЫНАКАЙ СЮРПРИЗ ДАЯРДАП ЖАТАБЫЗ»
-Менин продюсеримдин кол алдындагы Минюра Рахимжанова экөөбүз наамга талапкер болуп, Минюра өтпөй калбадыбы. Акырына чейин өзүмдүн өтүшүмө ишенген эмесмин. Добуш берүү токтотулган соң жеңибизди түрүп продюсерим менен ишке кириштик. Минюра талапкерлердин катарын толуктабай калганына эч капа эмес. Бир туугандай мага жардам берип, сахнага кантип чыгарымды талкуулашып, жардамдашып жүрөт. Колубуздан келишинче башкалардан өзгөчөлөнөлү деп жатабыз. Чакан сюрприз даярдап койдук. Албетте, «ар кимдики өзүнө ай көрүнөт көзүнө» демекчи, мен «Супер дебют» наамына татыктуу талапкермин деп ойлойм. Канчалаган ырчылар «Супер-Инфонун» концертине катыша албай жүрүшөт, а мен ошончонун ичинен суурулуп чыктым. Демек, бул эмгегимдин акталып жатканын көрсөтөт. Ушул деңгээлге чыккан соң уят болбойлу деп кызуу даярдануудабыз. Кыскасы, максатыбыз катышуу эмес, жеңүү.

 

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
16.12.2013. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Нурлан Насипти баарыбыз колдойбуз!
16.12.2013. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен Гулжигит Сатыбековго добуш берем!
16.12.2013. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
AikoWka, мен да бердим эле. Жакшы утту.
16.12.2013. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мммм демек алдын ала эле ким женуучу болоору белгилуу болчу дебейсиздерби

16.12.2013. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Saikalushka мен да ошентип ойлоп койдум,калгандары жок го
16.12.2013. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тушунбодум женичулор тандалбады беле? Концер жакты жыргап отурдук. Бирок Нурмат Садыров хит ырды алат деп ойлогом ал албай калганыга капа болдум Жоодар дегенинер эч жакпады Малика же Асель эжелер алат деп ойлогом
16.12.2013. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jamawok,
Саламатсызбы! Бул талапкерлерден интервьюлар концерт боло электе алынган. Гезиттин келерки санында (№581) 13-14-декабрь күнү болуп өткөн концерт тууралуу окуй аласыздар.
16.12.2013. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Joodar degeniner aldyn ala ele bilgen go jenishin. Ozyno yshynchalyk ishengen je ishengeni bar je ........ Cholponai sylyy azamat sen tatyyktysyn do + fa mykty tasma
17.12.2013. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
айжамал менен айнура татыктуу болчу
алдыда да бараткан
17.12.2013. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биринчиден, баардык номинанттардан булга чейин интервью алынып келинген. Төмөнкү шилтемелер менен кирип окусаңыздар болот http://www.super.kg/article/?article=25983 http://www.super.kg/article/?article=24887 http://www.super.kg/article/?article=25883 http://www.super.kg/article/?article=25901 http://www.super.kg/article/?article=25809
17.12.2013. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Экинчиден, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарийлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Үчүнчүдөн, далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга, далили жок жалаа жабууга жол берилбейт!
17.12.2013. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Ильяз Андаштын клиби аябай жагат. Чын эле оригиналдуу. Ийгилик!
18.12.2013. 05:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз андаш, нурлан насип мынча кызга окшош назик. Жигит деген гулжигиттей болуш керек- брутальный.
Чолпонайдын чачы жакты, акыркы мода- омбре. Мен кыргызга мындай чачтын жарашканын эми корушум.
18.12.2013. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдын мыктыларын сайт аркылуу добуш берүү менен тандалып жатабы же кандай жол менен?
18.12.2013. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
TolonturCN,
Саламатсызбы!
Сайтта жүргүзүлгөн сурамжылоодогу элдин добушу алдыңкы үчилтикке кирүүчүлөрдү тандап берди, анан концертте калыстар тобунун чечими менен мыктылар аныкталды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо