АКТРИСАНЫ ӨЛТҮРГӨНГӨ ШЕКТҮҮ АДАМ КАРМАЛДЫ

№580 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж

«Орус драма театрынын актрисасы Оксана Гоголду өлтүргөн» деген шек менен борбор калаанын Ак-Босого жаңы конушунун 50 жаштагы тургуну, Михаил аттуу адам кармалды. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, кылмышка шектүү мурда үч ирет соттолгон. Ал шаарда көчө шыпыргыч болуп иштечү.
Кылмыш иликтөө тобу шектүүнү маркумдун уюлдук телефондору аркылуу табышкан. Актрисанын сим-картасын колдонуп кылмышка шектүү бирөөгө чалган да, кайра өчүрүп койгон. Сыртка чалынган чалуулардын негизинде ал колго түшүрүлгөн. Михаилдин үйүнө тинтүү жүргүзүлгөндө отургучтардын арасына катылган Оксана Гоголго тиешелүү Самсунг жана Моторола үлгүсүндөгү 2 телефон табылган. Мунун негизинде кылмышка шектүү жабырлануучуну тоноо максатында ур-токмокко алганы айтылууда.Учурда кылмышка шектүү Кылмыш жана жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, байкабастыктан жабырлануучуну өлүмгө жеткирүү) менен айыпталып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында саат 04:45 чамасында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө кишинин өлүгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барышканда Уркуя Салиеванын эстелигинин жанынан катуу сабалган европа улутундагы аял табылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бирок ал денесинен алган оор жаракаттардын айынан эсине келбей, 1-декабрда көз жумган. Тергөө иштеринин негизинде маркум Орус драма театрынын актрисасы, 50 жаштагы Оксана Гоголь экени аныкталган.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
16.12.2013. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо кокуй, эптеп эле кылмыштын бетин ачылды десин деп, бул чалдын уйуно телефондорду менттер оздору эле таштап койгондой болуп турат. Бул менин жеке пикирим...
17.12.2013. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ур токмоко салышып эптеп мойнуна алдырышты да бети башын карасанар когоруп ишип кеткенин
19.12.2013. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Очередной подставаго ушул озу олойун деген чал кантип эле олорчо сабап салсын не логично!
21.12.2013. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да жогорудагы комментарийлерге кошулам
03.01.2014. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Joowton joon chygat
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо