№580 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж
8-декабрь күнү Аламүдүн районунун Заречная айылынын 51 жаштагы тургуну өз эрки менен укук коргоо кызматкерлерине ок атуучу курал тапшырды. Чүй ОИИББинин билдиришинче, куралды тапшырган адам ага ээлик кылбай турганын жана аны өз сарайынан таап алганын маалымдаган. 16-калибрлүү ок атуучу курал укук коргоо кызматкерлеринин колуна өткөрүлүп, учурда айрым жагдайлар такталып жатат.
Ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды укук коргоо кызматкерлерине өзү өткөрүп берген жарандар мыйзамда каралган суммадагы акчалай сыйлык менен сыйлана турганын Чүй ОИИББи кабарлайт. Мындан сырткары алар мыйзамсыз ок атуучу куралдарды алып жүргөндүгү үчүн жоопко тартылышпайт.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |